Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бердике баатыр айылдык кеңешинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө» токтому
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры №90 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Бердике баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүу программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Борбашовго жүктөлсүн.
Тѳрага
М.О. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон