Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары «Гарантиялык фонд» ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 217-б «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын региондорундагы чакан жана орто ишкер субъекттеринин кепилдик боюнча муктаждыктарын кыйла толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 25-беренелеркне, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана I 7- беренелерине ылайык: ]. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары "Гарантиялык фонд" ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө 300 000 000 (уч жүз миллион) сом бөлүп берсин;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашып, «Гарантиялык фонд» ААКнын акцияларына 300 000 00.0 (үч жүз миллион) сом суммасында кошумча эмиссияны «Гарантиялык фонд» ААКнын алыш-бериш эсебине кириштөө аркылуу төлөп берсин.
2.. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Гарантиялык фонд» ААК менен бирдикте белгиленген тартипте «Гарантиялык фонд» ААКнын 300 000 000 (үч жүз миллион) сом суммасындагы 3 000 000 (үч миллион) кошумча жөнөкөй энчилүү акцияларын чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Об акционерных обществах в Республике КыргызстанЗакон · 26.06.1991 · № 513 · Күчүн жоготкон