Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 Жарлыгынын Кызыл-Кыя шаарында аткарылышынын жүрүшү тууралуу» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылышы) кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 27-июну № 15/58 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 Жарлыгынын Кызыл-Кыя шаарында аткарылышынын жүрүшү тууралуу Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы №53-б буйругуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 Жарлыгынын Кызыл-Кыя шаарында аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри А.Гапаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
3. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2018-жылга кабыл алынган иш мерчемдерди жана 2018-жылдын 14-февралындагы №01-16/95 буйрук менен бекитилген иш чаралар планындагы иштерди толук жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023-жылдарга”, “Таза коом”, “Ишеним жана биримдик” жана “Таза жашоо” программаларын ишке ашыруу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы.
5. Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган иш чаралардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алуу жагы.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин орун басарлары А.Мамадиевге жана М.Миркадыровго тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 53-б "Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.02.2018 · № 53-б · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон