Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Электр берүү линияларын курууда жана электр монтаждоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 3-августу № 01-13/160 Электр берүү линияларын курууда жана электр монтаждоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө» 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому жана «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Электр берүү линияларын курууда жана электр монтаждоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 26-жылдын 2010-февралындагы 117-токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/160 буйругуна ылайык, мамлекеттик тилдеги текстте, 2-пунктта Мыйзамдын датасы дал келбейт
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 8-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.а.
Т.А. Байгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117