Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика ишканаларында жана уюмдарында өрткө каршы машыгууларды уюштуруу боюнча нускаманы бекитуу тууралуу» Буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 22-февралы № 01-13/137 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика ишканаларында жана уюмдарында өрткө каршы машыгууларды уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасьнын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө» 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому жана «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтомуна ылайык буйрук кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика ишканаларында жана уюмдарында өрткө каршы машыгууларды уюштуру боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы 117-токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-июнундагы № 50 саны менен жарыяланды
Министр
Т.Ө. Ибраев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117