Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогрку Кеңешинин «2008-жылдын 15-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 15-февралы № 178-IV 2008-жылдын 15-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 15-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө; "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө; "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө; "Кыргыз Республикасында суу ресурстарын пайдалануу режими жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I жана II чакырылыштарынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын кызматтык квартиралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мейманкана кызматтык үйү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу; "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутатын транспорттук тейлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу; "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2007-жылдын 9-январында кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2006-жылдын 30-июнунда кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылдык кеңешин Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу; "Бишкек шаарында 2007-жылдын 23-августунда кол коюлган KfW, Майндагы Франкфурт, менен Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикистан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы "Борбордук Азияда Кургак учук менен күрөшүү боюнча программага тиешелүү даярдык жана квалификацияны жогорулатуу боюнча иш-чара (ДКЖ)" долбоору боюнча 1200000,00 евро суммасына каржылык грант берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикистан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Улуу Британия Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын № TF 090072 гранты (Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору) жөнүндө катты-макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын долбоору жөнүндө; "2006-2009-жылдарга Кыргыз Республикасында жерди администрациялоону чыңдоо" долбоорун колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швециянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жылына бир жолу темир жол транспорту менен акысыз жүрүү укугун берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2003-жылдын 30-майындагы чечимин аткаруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Бишкек шаарында 2007-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй областтарындагы Казакстан Республикасы менен чектеш аймактарынын жана Казакстан Республикасынын Алматы, Жамбыл областтарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш аймактарынын чегинде Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы тарабынан үчүнчү мамлекеттердин жарандары үчүн берилүүчү туристтик визаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага
А.Мадумаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (8)
- Кызматтык турак үй жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 22
- Кыргыз Республикасынын Чуй областынын Панфилов районундагы Панфилов айылдык кенешин Кыргыз Республикасынын Чуй областынын Панфилов районунун Курама айылдык округу деп кайра атоо…Закон · 18.07.2008 · № 149
- 2006-2009-жылдарга Кыргыз Республикасында жерди администрациялоону чыңдоо" долбоорун колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швециянын ортосундагы Макулдашуу…Закон · 05.04.2008 · № 47
- Бишкек шаарында 2007-жылдын 23-августунда кол коюлган КFW, Франкфурт-на-Майне менен Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын. Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан…Закон · 05.04.2008 · № 46
- Дүйшөмбү шаарында 2004-жылдын 26-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө Макулдашуу…Закон · 05.04.2008 · № 39
- Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 2003-жылдын 30-майынан тартып жылына бир жолу темир жол транспортунда акысыз жүрүү…Закон · 05.04.2008 · № 40
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун № ТF 090072 гранты (Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору) жөнүндөгү Катты-Макулдашуу ратификациялоо тууралууЗакон · 02.03.2008 · № 20
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндөЗакон · 31.07.2002 · № 136 · Күчүн жоготкон