Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-29.
КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1997-жылдын 5-декабры № 89 Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө (КР 2002-жылдын 18-октябрындагы № 147, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224, 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Мыйзамдын максаты Бул Мыйзам маалыматты ар кимдин эркин жана тоскоолдуксуз издөө, алуу, иликтөө, жаратуу, берүү жана жайылтуу укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2-статья
2-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдар Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка мыйзам актыларынан турат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга байланышкан өзгөчөлүктөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен да жөнгө салынат. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья
3-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери Ар бир маалыматка жетүү укугуна кепилдик берилет. Мамлекет ар кимдин маалымат издөө, алуу, иликтөө, жаратуу, берүү жана жайылтуу укуктарын коргойт. Маалыматка жетүүгө жана жайылтууга чек коюу мыйзам тарабынан гана белгиленет. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптери Маалыматка жалпынын жете алышы, анын калыстыгы, өз учурунда болушу, ачыктыгы жана ынанымдуулугу маалыматка жетүүнүн эркиндигинин негизги принциптери болуп саналат.
5-статья
5-статья. Маалымат алуу суроо-талабы Ар ким түздөн-түз же өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу маалымат алуу суроо-талабы менен кайрылууга укуктуу. Маалымат алуу суроо-талабы жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Жазуу түрүндөгү суроо-талапта кайрылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги, суратылган маалыматтын аталышы же мүнөзү камтылууга тийиш. Жазуу түрүндөгү суроо-талаптар катталууга тийиш. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга суроо-талаптар менен байланышкан өзгөчөлүктөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамдын ченемдери менен да жөнгө салынат. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья
6-статья. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары ар кимге анын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына тиешеси бар документтер, чечимдер жана башка материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Маалыматка жетүү төмөнкү жолдор менен камсыз кылынат:
1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;
11) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2) суроо-талашын негизинде маалыматтарды берүү;
3) өз иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;
4) документтерге жана материалдарга түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыкмалар.
Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 11-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар аларды жалпыга жеткиликтүү жана өз убагында маалыматтык түшүндүрүү боюнча чараларды милдеттүү тартипте көрүүгө тийиш. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Маалыматка жетүү жана ага акы төлөө Кайрылган адамдын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү суроо-талап боюнча маалымат акысыз берилет. Башка маалыматты бергендик үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча акы алынышы мүмкүн.
8-статья. Маалыматтын ачыктыгы Мамлекеттик, коомдук жана менчик массалык маалымат каражаттары ал маалыматты пайдалануучуларды кандайдыр бир өзгөчө категорияга бөлбөстөн бардык граждандар жана уюмдар үчүн анын толук ачыктыгын камсыз кылат. Мезгилдүү басылмаларга, маалыматтык теле-радиопрограммаларга эркин жетүү, ошондой эле мыйзам тарабынан каралган учурларда маалымат алуунун булагы менен таанышуунун мүмкүнчүлүгү да маалыматтын ачыктыгына кирет. Ушул статьянын талаптары купуя маалыматка, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык жашыруун сырды камтыган маалыматка жайылтылбайт.
9-статья
9-статья. Берүүгө болбой турган маалымат Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголуучу башка жашыруун сырды камтыган маалыматтарды, ошондой эле жетүүгө чек коюлган маалыматты берүүгө укуксуз. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья
10-статья. Көпчүлүктүн алдында жайылтууга тийиш болбогон маалымат тын тизмеси Массалык маалымат каражаттарында:
1) мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сырды ачууга;
2) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана ар кандай башка мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга;
3) согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлүккө жана башка элдер менен улуттарга чыдамсыздык менен мамиле жасоого үгүттөөгө;
4) динге ынангандардын жана дин кызматчыларынын диний сезимдерин мазактоого;
5) порнографияны жайылтууга;
6) уят деп эсептелген сөздөрдү пайдаланууга;
7) граждандык жана улуттук этиканын ченемдерин бузуучу, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб. желек, гимн) мазактоочу материалдарды жайылтууга;
8) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;
9) жалган маалыматты алдын ала билип туруп жарыялоого.
(КР 2002-жылдын 18-октябрындагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Маалыматтын ынанымдуулугу жана маалымат укугун бузгандык үчүн жоопкерчилик Массалык маалымат каражаттары жарыяланып жаткан маалыматтардын ынанымдуулугун текшерүүгө милдеттүү жана анын ынанымдуулугу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтын булагы менен биргелешип жоопкерчилик тартат. Маалымат укугун бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
12-статья
12-статья. Даттануу укугу Жеке жана юридикалык жактардын маалымат алуу укугун кемсинткен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот. (КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жаатын дагы эл аралык келишимдер Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими тарабынан ушул Мыйзамда каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
14-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 19 · байланышкандар: 24
Цитата келтиргендер (19)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 29 ""Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 26.01.2016 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2019-жылдын 16-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз…Приказ · 16.01.2019 · № 1
- 2021-2024-жылдарга "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия"Стратегия · 25.09.2020 · № 180
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 11 ноября 1997 года 3 N 901-1 "О принятии Закона Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации"Постановление · 11.11.1997 · № 901-1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 3 ноября 1997 года 3 N 891-1 "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на…Постановление · 03.11.1997 · № 891-1
- Распоряжение Руководителя Администрации Президента Кыргызской Республики от 7 октября 2004 года № 297 (Образовать рабочую группу по подготовке проекта закона «О внесении…Распоряжение · 07.10.2004 · № 297
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаргандык…Постановление · 15.03.2006 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 240 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2005 · № 240 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Программа развития системы научно-технической информации в Кыргызской Республике на 2004-2010 годы (утверждена Постановлением Правительства КР от 2 сентября 2004 года № 656)Программа · 02.08.2004 · № 656 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 сентября 2001 года № 531 "О некоторых проектах законов Кыргызской Республики"Постановление · 05.09.2001 · № 531 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 августа 1998 года N 549 "О первоначальном докладе Кыргызской Республики о выполнении Международной Конвенции о ликвидации всех форм расовой…Постановление · 17.08.1998 · № 549 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О гарантиях и свободе доступа к информации»Закон · 18.10.2002 · № 147 · Күчүн жоготкон
- Маалыматка жетіінін кепилдиктери жана эркиндиги жјніндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана јзгјртіілјр киргизіі жјніндјЗакон · 28.12.2006 · № 214 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 18.02.2015 · № 66 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-майындагы № 233 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына…Постановление · 07.05.2016 · № 233 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (24)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-май- ындагы N 209 токтомуна)Концепция · 03.05.2019 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештеринин…Положение · 20.10.2016 · № 161
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт…Постановление · 14.06.2017 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобо (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Положение · 28.07.2015 · № 85
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга…Положение · 28.07.2015 · № 82
- Положение об информировании избирателей и иных участников избирательного процесса о ходе подготовки и проведения выборов Президента Кыргызской Республики утвержденное…Положение · 14.06.2017
- Кыргыз Республикасындагы ачык маалыматтар порталы жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 434 токтомуна)Положение · 28.08.2023 · № 434
- Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы №XVII-9 "Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.12.2018 · № XVII-9
- Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы №XVII-14 "Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө…Постановление · 20.12.2018 · № XVII-14
- Типовое положение о пресс-службе органа государственного управления Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 15 января 2004 года №…Положение · 15.01.2004 · № 20
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 56"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана…Постановление · 22.02.2021 · № 56
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 694-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 15.06.2016 · № 694-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 1042-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 03.11.2016 · № 1042-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1124-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 24.11.2016 · № 1124-VI
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 118 "Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 21.02.2006 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 10 сентября 2004 года № 200 (О повышении роли и ответственности государственных служащих Кыргызской Республики в реализации антикоррупционной…Распоряжение · 10.09.2004 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин…Положение · 14.06.2017 · № 152 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин…Положение · 11.10.2016 · № 151 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөЗакон · 28.12.2006 · № 213 · Күчүн жоготкон
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.