5-статья. Маалымат алуу суроо-талабы
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 декабря 2006 года № 214
Ар ким түздөн-түз же өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу маалымат алуу суроо-талабы менен кайрылууга укуктуу. Маалымат алуу суроо-талабы жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Жазуу түрүндөгү суроо-талапта кайрылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги, суратылган маалыматтын аталышы же мүнөзү камтылууга тийиш. Жазуу түрүндөгү суроо-талаптар катталууга тийиш. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга суроо-талаптар менен байланышкан өзгөчөлүктөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамдын ченемдери менен да жөнгө салынат. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/589/st-5" title="5-статья - Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>