Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Маалыматтык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-21.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 21-февралы № 118
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев
тарабынан демилге кылынган "Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде
макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге кылынган
"Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирдин жана
сунуштардын негизинде макулдук бере албайт.
Мыйзам долбоору иш жүзүндө укук белгилөөчү жањы нормаларды
камтыбайт, декларативдүү мүнөзгө ээ, айрым жоболору Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын нормаларын жана республиканын башка
мыйзамдарын кайталайт, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдарына көптөгөн шилтеме түрүндөгү нормаларды камтыйт.
Мыйзам долбоорунун преамбуласында жана 1-статьясында анын
колдонулуш чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун
уюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилөө, ошондой эле
маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү жеке адамдардын, мамлекеттик
органдардын жана башка юридикалык жактардын мамилелерин жөнгө салуу
аныкталган.
Мамлекеттин, коомдун жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо
чөйрөсүндө, анын ичинде маалыматтык чөйрөдөгү укук мамилелери Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө
салынгандыгын белгилей кетүү керек. Булар - Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жөнүндө
концепциясы, "Маалыматташтыруу жөнүндө", "Маалыматка жеткиликтүүлүк
кепилдиктери жана эркиндиктери жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө",
"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө", "Автордук жана чектеш укуктар
жөнүндө", "Жарандардын сунуштарын, арыздарын, даттанууларын кароонун
тартиби жөнүндө", "Илимий-техникалык маалымат системасы жөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө",
"Прокуратура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жазык-процесстик кодекстери
жана башкалар. Мааниси боюнча каралуучу мыйзам долбоорунун укуктук
жөнгө салуу боюнча өзүнүн предмети жок, ал республиканын мыйзамдары
менен жөнгө салынган укук мамилелерине карата гана колдонулмакчы.
Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн нормативдик укуктук актылары башка
бир катар мыйзамдар: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын
сырларын коргоо жөнүндө", "Коммерциялык сыр жөнүндө", "Жарнама
жөнүндө", "Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды жана
маалыматтар базасын укуктук коргоо жөнүндө", "Электрондук төлөмдөр
жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Электрондук цифралык
коюу жөнүндө" менен чогуу маалыматтык коопсуздук жөнүндө мыйзам
долбоорлорунун жоболорунун көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аны камсыз
кылуу боюнча тиешелүү чараларды жана маалыматка чектелген жетүүгө эске
алат.
Мыйзам долбоорунун айрым жоболору маалыматка эркин жеткиликтүүлүккө
жана анын Кыргыз Республикасында таралышына олуттуу чектөө киргизип,
мамлекеттик цензура киргизүү, көз карандысыз ММКларды кысуу, ошондой
эле мамлекеттин жеке турмушка мыйзамсыз кийлигишүүсү үчүн өбөлгөлөрдү
түзөт.
2-статьяда маалыматтык коопсуздукка укуктардын, эркиндиктердин
корголушунун абалы, мамлекеттин, жеке адамдардын жана юридикалык
жактардын ички жана тышкы коркунучтардан мыйзам менен корголуучу
таламдары катары түшүнүк берилет.
Маалыматтык корголуу абалына адамдардын, коомдун жана мамлекеттин
таламдарынын диаметрдик карама-каршы эки чөйрөсүндөгү төмөнкүдөй
балансташуу сакталган учурда гана жетишилет:
- маалыматтын айрым түрлөрүн коргоону камсыздоо (жеке турмуштун кол
тийбестиги, кат-кабарлардын жашырын сырын камсыздоо, мамлекеттик,
кызматтык, коммерциялык жашырын сырды коргоо ж.б.);
- маалымат алууга жана таркатууга укуктар менен кепилдиктерди
камсыздоо. Маалыматтын жоктугу, аны алууга мүмкүн эместик же чектөө
коюу субъекттин маалыматтык жактан корголбогон абалына алып келет.
Маалыматтык жактан корголуу абалы ошондой эле маалыматтык чөйрөнүн
өзүн ар кандай түрдөгү терс тышкы таасирлерден корголушун болжолдойт.
Бул баарыдан мурда цензурага жол бербөө, ЖМКнын эркин өнүгүшүнүн
кепилдиктерин камсыздоо, маалыматтык ресурстардын жана
инфраструктуранын корголушун жана эркин өнүгүшүн камсыздоо,
компьютердик кылмыштарды четтетүү жана ага каршы күрөшүүнүн натыйжалуу
системасын түзүү. Каралуучу мыйзам долбоорунда бул өзгөчөлүк
чагылдырылган эмес. Ошентип, мыйзам долбоорунда каралган маалыматтык
коопсуздук түшүнүгү кењири чечмеленүү тенденциясына ээ, анткени "ички
жана тышкы коркунучтар" деген эмне экендигине аныктама берилбейт.
2-статьяда аппарат түшүнүгү киргизилген, ал кийин да мыйзам
долбоорунда кењири колдонулат, анын ичинде мыйзам долбоорунун өзүн
жөнгө салуу чөйрөсүн аныктоо үчүн да колдонулат. Киргизилген бир катар
терминдерде юридикалык жактан аныкталбаган түшүнүктөр бар экендигин
белгилей кетүү керек. Алсак, мисалы, мыйзам долбооруна эки өз ара
байланыштуу термин киргизилген: "маалыматтын жеткиликтүүлүгү" жана
"маалыматтын жашырындуулугу". Маалыматтын жеткиликтүүлүгү эркин алына
турган маалыматтын касиети катары аныкталат. Маалыматтын
жеткиликтүүлүгүнүн укуктук мүнөздөмөсү ошол маалымат үчүн белгиленген
укуктук режимге жараша гана аныкталышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун иштеп
чыгуучулар маалыматтын жеткиликтүүлүгүн ошол маалыматка жетишүү
мүмкүндүгүн мүнөздөөчү физикалык касиетине жараша аныкташкан. Мында
маалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн презумпциясы бар экендигин эске алуу
керек. Бул болсо маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык ага жеткиликтүүлүктү чектөөнүн өзгөчө укуктук режими атайын
белгиленбеген учурларда (мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сыр,
жеке турмуш сыры, кат-кабарлар ж.б.у.с.) эркин жеткиликтүүлүктүн
укуктук режими белгиленген.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар маалыматтын ачыктыгынын
презумпциясына каршы "ачык маалымат" түшүнүгүн киргизишкен, анын
үстүнө бул түшүктүн өзү анын тар, чектелген түшүндүрмөсүн берет: "ачык
маалымат" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сакталышын жана
жеткиликтүүлүгүн коргоо каралган маалымат. Эреже катары, мыйзамдарда
ачык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана сакталышын кошумча коргоо
атайын каралбайт - бул презумпциянын өзүнө карата болжолдонот. Эгерде
мыйзамда келтирилген аныктаманы сөзмө сөз чечмелесек, анда сакталышын
жана жеткиликтүүлүгүн коргоо мыйзамдарда атайын каралган маалымат
таанылат, демек бул жобо маалыматтын ачыктык презумпциясынын принцибин
бузат.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле "маалыматты коргоо" түшүнүгү
берилет, мында маалыматтын жашырындыгын, сакталышын жана
жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган иш-аракет түшүнүлөт.
Маалыматтын жеткиликтүүлүгү ал үчүн белгиленген укуктук режимге жараша
аныкталат. Ошентип маалыматка жеткиликтүүлүктүн укуктук режими ошол
маалыматты укуктук коргоону камсыз кылат. Ошол эле убакта маалыматты
коргоону камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплекси бар, бул -
маалыматтын сакталышын камсыздоого багытталган иштер. Көрсөтүлгөн
аныктамада маалыматты укуктук жана физикалык коргоо аралашып кеткен.
Бул максатка ылайыксыз, анткени маалыматты коргоонун ар бир түрүнүн
ыкмалары жана методдору бири-биринен айырмаланат.
Мыйзам долбоорунда сунушталган "маалыматтык коопсуздук",
"маалыматтык инфраструктура", "маалыматтык ресурстар", "маалыматтык
система", "маалыматтык процесстер", "жашыруун маалымат", "маалыматты
коргоо" түшүнүктөрү "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамында колдонулуучу терминдерге дал келбейт жана каршы келет.
Мыйзам долбоорунда каралган "маалыматтын жеткиликтүүлүгү",
"маалыматтык чөйрө", "маалыматтык коопсуздук коркунучу" түшүнүктөрү
"Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун концепциясы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-мартындагы №
143 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын маалыматтык
коопсуздугунун концепциясынын долбоорунда баяндалган түшүнүктөргө дал
келбейт.
Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин коопсуздук органдарынын
жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин 2001-жылдын 9-июлундагы №
136/СМС-1503 кењешинде кабыл алынган терминологияны ушундай түрдөгү
мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда колдонуу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын пикирин колдоо максатка
ылайыктуу деп эсептейбиз. Атап айтканда:
- маалыматты коргоо - маалыматтын жашырындыгын жана сакталышын
камсыздоого багытталган иш-аракет;
- маалыматтык коопсуздук - маалыматты издөөгө, алууга, берүүгө,
таркатууга, чыгарууга, иштетүүгө, сактоого жана пайдаланууга
байланыштуу маалыматтык чөйрөдө адамдардын, коомдун жана мамлекеттин
кызыкчылыктарын коргоо абалы;
маалыматтык инфраструктура - маалыматты чогултуу, топтолгонун
иштеп чыгуу, сактоо, издөө жана таркатуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу
чөйрө;
- маалыматтык чөйрө - маалыматтар топтому, маалыматтык
инфраструктура, маалыматты чогултуу, түзүү, таркатуу жана пайдалануу
системасы, ошондой эле келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салуу
системасы;
- маалыматтык таасир этүү - маалыматтык чөйрөнүн абалын же анын
элементтерин максатка багыттап өзгөртүү үчүн уюшулган маалыматтык
процесс;
маалыматтык ресурстар - маалыматтык системалардагы (китепканалар,
архивдер, фонддор, маалыматтар банкы, башка маалыматтык системалар)
айрым документтер жана документтердин айрым массивдери;
- ачык маалымат - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сакталышын
жана жашырындуулугун коргоо каралбаган маалымат;
- маалыматтык коопсуздук коркунучу - маалыматтык чөйрөдө
адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү
фактор же факторлордун топтому.
Мыйзам долбоорунун 4-статьясында маалыматтык коопсуздукту камсыздоо
боюнча иш-аракеттердин негиз болуучу принциптери аныкталган.
Жалпысынан мыйзам долбоору маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча
иштерди жүргүзүү принциптеринин жетишээрлик кењири тизмесин карайт.
Бирок, жарандардын маалыматты эркин издөөгө, алууга, чыгарууга жана
таркатууга укуктарын кыйшаюусуз сактоого, цензурага жол бербөөгө,
мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин ачыктыгына, эл аралык
укук принциптеринин жана нормаларынын артыкчылыгына негизденген
маалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн презумпциясы катары жалпы таанылган
принцип каралган эмес.
Каралуучу мыйзам долбоорунун 5-7-статьяларында маалыматтык
коопсуздук чөйрөсүндөгү укук мамилелеринин субъекттери, бул укук
мамилелеринин объекттери, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту
камсыздоонун максаты аныкталат.
Маалыматтык чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин укуктарын
жана эркиндиктерин камсыздоо, ошондой эле маалыматтык ресурстарды жана
инфраструктураларды коргоо маселелерине "Маалыматташтыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасы арналгандыгын белгилей
кетүү керек. Бул главада маалымат чөйрөсүндөгү укук мамилелеринин
субъекттеринин укуктарын камсыздоо жана коргоо, маалыматташтыруу
чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салуучу бир
катар статьялар жана мындай укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тартиби
камтылат. Каралуучу мыйзамдан айырмаланып "Маалыматташтыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 20-статьяларында маалыматтык
коопсуздуктун максаты - маалыматташтыруу объекттерин коргоо гана
аныкталбастан, ошондой эле мындай коргоо кандайча ишке ашырыла
тургандыгы да аныкталган. Мыйзам долбоору колдонула турган укук
мамилелери Кыргыз Республикасынын нормалары менен жөнгө салынган.
8-статьяда маалыматтык коопсуздук субъекттеринин негиз болуучу
укуктары жана эркиндиктери көрсөтүлгөн. Бул статья адамдардын негизги
укуктары менен эркиндиктеринин тизмесин көрсөтөт, алар Кыргыз
Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башка
мыйзамдарында чагылдырылган.
Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштердин негизги
багыттарынын тизмеси келтирилген мыйзам долбоорунун 10 жана 13-
статьяларынын мазмуну нормативдик мүнөзгө ээ эмес. Бул статьяларда
маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин багыттарына
карата көз караштардын системасы баяндалган. Ошондой эле бул статьялар
маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү укук мамилелеринин субъекттеринин
укуктарын жана эркиндиктерин реалдуу камсыздоонун, маалыматтык
ресурстарды жана маалыматтык инфраструктураларды коргоонун укуктук
механизмдерин камтыбайт.
Мыйзам долбоорунун 12-статьяларынын жоболору маалыматтык
коопсуздукту камсыздоонун шарты катары массалык коопсуздуктун ата
мекендик каражаттарынын маалыматына гарантияланган жеткиликтүүлүктү
милдеттүү камсыздоону сунуш кылат. Бул норма Кыргыз Республикасынын
Конституциясы тарабынан кепилденген маалыматка жеткиликтүүлүккө
жарандардын укуктарын кескин чектейт, анткени ата мекендик маалыматка
гана жеткиликтүүлүктү камсыздоо маалыматтын көлөмү жана категориясы
боюнча да чектөө болуп саналат. Ушуга байланыштуу "ата мекендик" деген
сөздү 12-статьянын бүткүл текстинен алып салууну сунуштайбыз.
Сунушталган мыйзам долбоорунун туура эмес маалыматтарды таркатуу
үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчиликтерин кароочу
жоболору "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде
каралган.
Мыйзам долбоорунун 14-19-статьялары маалыматтык коопсуздукту
камсыздоо системасын сүрөттөөгө, мамлекеттик коопсуздук системасын
түзүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын негизги ыйгарым укуктарын
жана иш милдеттерин саноого, алардын иш-аракетин каржылоо тартибин,
ошондой эле маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана
көзөмөлдөө боюнча функцияларды аныктоого арналган.
Бул статьялар негизинен жалпы, баяндоо мүнөзүндө. Мыйзам
долбоорунда кайсы органдар мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо
системасын түзө тургандыгы так аныкталган эмес. Мыйзам долбоорунда бир
гана жалпы компетенция органдары - Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
так аныкталган. Атайын компетенция органдарына карата мыйзам долбоору
"атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" сыяктуу түшүнүктөргө
таянуу менен так критерийлерди бербейт. Мыйзам долбооруна ылайык
уюштуруу структурасына маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө иш
жүргүзүшкөн юридикалык жактар жана жеке адамдар кирет. Бул критерий -
"маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү иш-аракет" - өтө эле кењири болуп
саналат жана уюштуруу структурасына кимдер кире ала тургандыгына так
түшүнүк бербейт.
Мыйзам долбоорунун 16 жана 17-статьяларында маалыматтык
коопсуздуктун камсыздоо системасын түзүүчү органдардын ыйгарым
укуктары жана негизги иш милдеттери саналган. Көрсөтүлгөн иш милдеттер
жана ыйгарым укуктар жалпысынан гана аныкталып, компетенцияны так
чектөөлөр жок экейдигин белгилей кетүү керек.
Мамлекеттик органдардын, анын ичинде маалыматтык коопсуздук
чөйрөсүндөгү компетенциялары жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында мурда эле аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу
органдары үчүн белгиленген тартипте бекитилген жобо бар, анда алардын
компетенциясы, иш милдеттери, укуктары жана милдеттери кењири жана так
аныкталган.
Ушуга байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасын
түзүүчү органдардын ыйгарым укуктары менен иш милдеттерин мыйзам
долбоорунда баяндоо максатка ылайыксыз, анткени бул ошол органдардын
компетенциясын аныктабайт, ошондой эле ар кандай органдардын
компетенциялары менен функцияларынын кайталанышына шарт түзөт.
Жалпысынан, мыйзам долбоорунун мазмуну маалыматтык коопсуздукту
камсыздоого карата көз караштардын системасын баяндайт, бул
концептуалдык жана доктриналык мүнөздөгү документтер үчүн мүнөздүү.
Баяндоо мүнөзүнөн улам бул мыйзам долбоорун кабыл алуу маалыматтык
чөйрөдө жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кыянаттык менен
пайдалануулар жана бузуулар үчүн реалдуу өбөлгөлөрдү түзүүгө
көмөктөшүшү мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
адегенде Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук концепциясын
кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт
жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына маалыматтык
коопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылат.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 20
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-мартындагы №143 " Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2005 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (20)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
- Коммерциялык сыр жөнүндөЗакон · 30.03.1998 · № 27
- Концепция национальной безопасности Кыргызской Республики ( Утверждена Указом Президента КР от 13 июля 2001 года №221)Концепция · 13.07.2001 · № 221
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 11 апреля 2002 года П N 445-II-9 " О снятии с контроля пункта 3 постановления V сессии от 12 июня 2001 года П N 266-II-5 и постановления…Постановление · 11.04.2002 · № N 445-II-9
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндөЗакон · 31.07.2002 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1341-XII · Күчүн жоготкон
- Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 08.10.1999 · № 107 · Күчүн жоготкон
- Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндөЗакон · 05.12.1997 · № 89 · Күчүн жоготкон
- О правовой охране программ для электронных вычислительных машин и баз данныхЗакон · 30.03.1998 · № 28 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон
- Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндөЗакон · 08.10.1999 · № 108 · Күчүн жоготкон
- Электрондук цифралык колтамга тууралуЗакон · 17.07.2004 · № 92 · Күчүн жоготкон
- О порядке рассмотрения предложений, заявлений и жалоб гражданЗакон · 05.07.1995 · № 8-1 · Күчүн жоготкон
- Электрондук төлөөлөр жөнүндөЗакон · 06.11.1999 · № 121 · Күчүн жоготкон