10-статья. Көпчүлүктүн алдында жайылтууга тийиш болбогон маалымат тын тизмеси
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 октября 2002 года №147
Массалык маалымат каражаттарында:
1) мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сырды ачууга;
2) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана ар кандай башка мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга;
3) согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлүккө жана башка элдер менен улуттарга чыдамсыздык менен мамиле жасоого үгүттөөгө;
4) динге ынангандардын жана дин кызматчыларынын диний сезимдерин мазактоого;
5) порнографияны жайылтууга;
6) уят деп эсептелген сөздөрдү пайдаланууга;
7) граждандык жана улуттук этиканын ченемдерин бузуучу, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб. желек, гимн) мазактоочу материалдарды жайылтууга;
8) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;
9) жалган маалыматты алдын ала билип туруп жарыялоого.
(КР 2002-жылдын 18-октябрындагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/589/st-10" title="10-статья - Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>