Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Окмотунун токтому « Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө».
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 февраля 2025 года № 86 "О порядке формирования и исполнения бюджета системы здравоохранения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-июну № 300
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык
жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө
Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды кар-
жылоо методдорун оптималдаштыруу максатында, саламаттык сактоонун кара-
жаттарын республикалык дењгээлде топтоштурууну (Бишкек шаарынын жерги-
ликтүү бюджетинен башкасын), саламаттык сактоонун мамлекеттик бюджетин
программалык негизде түзүүнү камсыздоону эске алып, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча Кыргыз
Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардам-
ды каржылоонун базалык ченемдерин эсептөө методикасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн че-
немдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-сентябрындагы №
699 "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда медициналык-санитардык жардамды каржы-
лоонун методдорун өркүндөтүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсеп-
телсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-июнундагы
№ 300 токтому менен
бекитилген
Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча
Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү
медициналык-санитардык жардамды каржылоонун
базалык ченемдерин эсептөө
МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №53
токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча Кыргыз Республикасы-
нын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо-
нун базалык ченемдерин эсептөө методикасы (мындан ары - Методика) Бир-
диктүү төлөөчү системасында иштеген медициналык, профилактикалык, фар-
мацевттик жана башка кызматтардын түрлөрүн көрсөтүүчүлөргө (мындан ары
- Кызмат көрсөтүүчүлөр) мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медицина-
лык камсыздандыруунун каражаттарынан медициналык кызматка төлөп берүү
жана аны каржылоо үчүн финансылык ченемдерди эсептөө тартибин жөнгө са-
лат.
2. Бул Методика "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржы-
лоодо Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
на ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы
№ 100 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо реформасынын 2006-2010
жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы жөнүндө" токтому менен бе-
китилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо реформасынын
2006-2010 жылдарга "Манас таалими" улуттук программасынын, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кы-
луунун мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому менен беки-
тилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам
менен камсыз кылуунун мамлекеттик гарантиялар программасынын алкагында,
ошондой эле республикалык дењгээлде (Бишкек шаарынын жергиликтүү бюдже-
тин кошпогондо) саламаттык сактоо каражаттарын топтоону жана Кыргыз
Республикасынын кирешелер менен чыгашалар экономикалык классификациясы-
нын өзгөрүшүн эске алып даярдалды.
3. Бул методика базалык ченемдерди эсептегенде, ошондой эле Мамле-
кеттик гарантиялар программасы ишке ашырууга катышкан саламаттык сак-
тоо уюмдары менен өз ара эсептешкенде маалыматтарды компьютерлештирип
иштеп чыгуу үчүн иштелип чыкты.
4. Бирдиктүү төлөөчү системасында жарандарга көрсөтүлүүчү медици-
налык-санитардык жардамды каржылоо ченемдери мамлекеттик бюджеттин жана
милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан эсептелет жана
Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык-санитардык жар-
дамды каржылоонун базалык ченемдеринен (мындан ары - базалык ченемдер)
турат, алар түзөтүү коэффициенттерине оњдолот.
5. Базалык ченемдер медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюн-
ча каржылоонун болжолдуу көрсөткүчтөрүн жана Мамлекеттик гарантиялар
программасы боюнча көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын көлө-
мүн эсепке алуу менен эсептелет.
6. Медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин
жана түзөтүү коэффициенттерин эсептөө тиешелүү бюджеттер Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары белгилеген тартипте бекитилгенден кийин бюджеттик
каржылоонун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү минимумдук стандарт-
тарынын негизинде бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу-
нун каражаттарынан негизинде Мамлекеттик гарантиялар программасын кар-
жылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмүндө жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык-сани-
тардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин жыл сайын Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фонду (мындан ары - ММК фонду) маалыматтык-коммуникациялык техноло-
гияларды колдонуп эсептеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
белгилеген тартипте тиешелүү бюджеттер бекитилгенден кийин Саламаттык
сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча
Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №53 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык жањы ченем-
дери бекитилгенге чейин мурда бекитилген ченемдер иштейт.
9. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан медициналык
кызматка төлөөнүн базалык ченемдери бардык региондор үчүн бирдей болот.
10. Түзөтүү коэффициенттери региондун географиялык жана климаттык
өзгөчөлүктөрүн, саламаттык сактоонун артыкчылыктарын, медициналык-сани-
тардык жардам көрсөтүүнүн спецификасын, экономикалык абалдын өзгөрүшүн
чагылдырат.
11. Түзөтүү коэффициенттерди ММК фонду Мамлекеттик гарантиялар
программасын аткарууга каралган каражаттардын чегинде бекитет. Каражат-
тардын түшкөнүнө жараша түзөтүү коэффициенттери Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларына ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн
II. Мамлекеттик гарантиялар программасы
боюнча медициналык-санитардык жардамдын
түрлөрүн көрсөткөндүгү үчүн саламаттык
сактоо уюмдарын каржылоо шарттары
12. Бирдиктүү төлөөчү системасында Кызмат көрсөтүүчүлөр Мамлекет-
тик гарантиялар программасы боюнча көрсөткөн медициналык кызматты кар-
жылоону ММК фонду түзүлгөн келишимдердин негизинде өзүнүн аймактык баш-
кармалыктары аркылуу жүргүзөт.
13. Келишимдерде медициналык-санитардык жардамдын көлөмү аны көр-
сөтүү түрлөрү боюнча жана калктын айрым категорияларына медициналык-са-
нитардык жардам көрсөтүүнүн кењейтилген көлөмү үчүн чыгашаларды кайта-
руу шарттары жазылат.
14. Саламаттык сактоо уюмдарын Мамлекеттик гарантиялар программасы
боюнча медициналык-санитардык жардамдын түрлөрүн көрсөткөндүгү үчүн
каржылоо түзөтүү коэффициенттерин эске алып каржылоонун базалык ченем-
деринин негизинде Мамлекеттик гарантиялар программасынын аткарылышына
түшкөн каражаттардын чегинде чыгашаны кайтаруу принциби боюнча жүргүзү-
лөт.
15. Медициналык-санитардык жардамдын макулдашылган болжолдуу көлө-
мүнө ылайык каржылоо ченемдеринин негизинде саламаттык сактоо уюмдары
консолидацияланган бюджеттен чыгашаларды бөлүштүрүү планын түзүшөт.
III. Тез медициналык жардамды каржылоо
ченемдерин эсептөө методикасы
16. Тез медициналык жардамды каржылоо жылына тез жардамдын бир
бригадасын кармоо ченеми боюнча жүргүзүлөт.
17. Тез медициналык жардамды каржылоо ченеми - тез медициналык
жардамдын бир бригадасын жылына каржылоонун эсептик орточо көрсөткүчү,
ал тез медициналык жардам көрсөтүү боюнча бириккен орточо чыгашаларды
тейленүүчү калктын санын жана тез медициналык жардам көрсөтүүгө бюджет-
тин каражаттарынан каржылоо көлөмүн эсепке алуу менен чагылдырат.
18. Бюджетти түзүү үчүн тез медициналык жардамдын бир бригадасын
жылына каржылоо ченеми облустун (шаардын) аймагында тез медициналык
жардам бригадаларынын санын эсепке алып бюджетте каралган каржылоо
көлөмүнө жараша төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ФСП
НСП = -----------------------------------------------, (1)
_ n _
(ЧБСПлин + ЧБСПспец * kспец) * ( E ki - (n - 1)
i=1
мында:
Нсп - тез медициналык жардамдын бир бригадасын жылына каржы-
лоо ченеми;
фсп - тез медициналык жардам көрсөтүүгө каржылоо көлөмү;
ЧБСПлин, - тез медициналык жардамдын линиялык бригадаларынын бол-
жолдуу саны;
ЧБСПспец - тез медициналык жардамдын өз алдынча станцияларынын ку-
рамында турган тез медициналык жардам бригадаларынын
жана тез медициналык жардамдын адистештирилген бригада-
ларынын болжолдуу саны;
_
kспец - тез медициналык жардамдын өз алдынча станцияларынын тез
жардам бригадалары жана тез медициналык жардамдын адис-
тештирилген бригадалары үчүн орточо алынган коэффициен-
ти;
ki - түзөтүүчү коэффициенттер;
_
kв - орточо алынган бийик тоо коэффициенти, ал калктуу пунк-
ттар үчүн жеке коюлат жана бийик тоолуу райондордун
спецификасын эске алат. Бийик тоо коэффициенти Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте бекити-
лет;
-
kс - орточо алынган айылдык коэффициент, чакан шаарчалар ко-
эффициенти, ал саламаттык сактоо уюмдарынын администра-
циялык борборлордон алыстыгын чагылдырат, алардын маа-
нилерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлиги бекитет;
kэ - экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, эмгек акынын, башка булактардан кошум-
ча каражат түшкөндүгүнүн өзгөрүшүнө жараша индексация
жүргүзүлөт;
n - түзөтүүчү коэффициенттердин саны.
19. Тез медициналык жардам станциясын (бөлүмүн/пунктун) каржылоо
тез медициналык жардам бригадаларынын санын эске алып түзөтүү коэффици-
енттерине оњдоп тез медициналык жардамды каржылоо ченеминин негизинде
төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
n
ОФСМПj = НСП * (ЧБлин + ЧБспец * kспец) * ( E ki - (n - 1) (2)
i=1
мында:
ОФСМПj - j-региондун тез медициналык жардам станциясын
бөлүмүн/пунктун) каржылоо көлөмү;
НСП - тез медициналык жардамдын 1 бригадасын каржылоо ченеми;
ЧБСПлин - тез медициналык жардамдын линиялык бригадалар саны;
ЧБСПспец - тез медициналык жардамдын өз алдынча станцияларынын ку-
рамында турган тез медициналык жардам бригадаларынын
жана тез медициналык жардамдын адистештирилген бригада-
ларынын саны;
Кспец - тез медициналык жардамдын өз алдынча станцияларынын тез
жардам бригадалары жана тез медициналык жардамдын адис-
тештирилген бригадалары үчүн коэффициент;
ki - түзөтүүчү коэффициенттер;
_
kв - бийик тоо коэффициенти, ал калктуу пункттар үчүн жеке
коюлат, анда региондун спецификасы эске алынат жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте
бекитилет;
_
kс - айылдык коэффициент, чакан шаарчалар коэффициенти, ал
саламаттык сактоо уюмдарынын администрациялык борбор-
лордон алыстыгын чагылдырат, алардын маанилерин Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет;
kэ - экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, эмгек акынын, башка булактардан кошум-
ча каражат түшкөндүгүнүн өзгөрүшүнө жараша индексация
жүргүзүлөт;
n - түзөтүүчү коэффициенттердин саны.
20. Тез медициналык жардам станциялары жана курамында тез медици-
налык жардам бөлүмдөрү (пункттары) бар саламаттык сактоо уюмдары тийиш-
түү ММК фондунун аймактык башкармалыгына (мындан ары - ММКФ АБ) ошол
региондо жашаган тейленүүчү калктын саны жөнүндө жана тез медициналык
жардамдын түзүлгөн бригадаларынын саны жөнүндө отчет беришет.
21. Тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн бюджет түзүмдүк баш
ийүүчүлүгүнө карабастан саламаттык сактоо уюмунун консолидацияланган
бюджетинде өзүнчө сап болуп чагылдырылат.
22. Тез медициналык жардамды каржылоо бекитилген каржылоо ченемде-
ри боюнча чыгашаларды бөлүштүрүү планына ылайык саламаттык сактоо уюм-
дарынын табыштамалары боюнча жүргүзүлөт.
IV. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору көрсөткөн
медициналык-санитардык жардамды каржылоо
ченемдерин эсептөө методикасы
23. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (мындан ары - ҮДТ) көрсөткөн ме-
дициналык кызматты каржылоо жылына бир катталган (тейленүүчү) тургунга
киши башына карата базалык ченем боюнча түзөтүү коэффициентине оњдоп
жүргүзүлөт.
24. ҮДТ дарыгерлери көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жар-
дамды каржылоонун киши башына карата базалык ченеми - жылына ар бир
катталган тургун үчүн жумшалуучу баштапкы медициналык-санитардык жар-
дамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү. Мында түзөтүүчү коэффици-
енттер эске алынат, алар калктын жыныстык жана курагы боюнча түзүмүн,
ҮДТнын географиялык жайгашканын (айыл, администрациялык борбордон алыс-
тыгы, бийик тоо) чагылдырат. Бул көрсөткүч төмөнкү формула боюнча эсеп-
телет:
ФГСВ
ПНБазГСВ = ------------------------------, (3)
_ n _
ЧНГСВ * KПВ * ( E ki - (n - 1)
i=1
мында:
ПНБазГСВ - катталган (тейленүүчү) 1 тургунга ҮДТ жылына баштапкы
медициналык-санитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн киши
башына каржылоонун базалык ченеми;
ФГСВ - ҮДТ жылына баштапкы медициналык-санитардык жардам
көрсөткөндүгү үчүн каржылоо көлөмү;
ЧНГСВ - ҮДТга катталган (тейленүүчү) калктын саны;
_
КПВ - калктын жыныс-курак топторунун түзүмүн чагылдырган ор-
точо алган жыныс-курак коэффициенти. Жыныс-курак коэф-
фициентинин маанилерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
бекитет;
ki - түзөтүүчү коэффициенттер;
_
kв - бийик тоо коэффициенти, ал калктуу пункттар үчүн жеке
коюлат жана бийик тоолуу райондордун спецификасын эске
алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген
тартипте бекитилет;
_
kс - айылдык орточо коэффициент, чакан шаарчалар коэффициен-
ти, ал саламаттык сактоо уюмдарынын администрациялык
борборлордон алыстыгын чагылдырат жана аны Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.
kэ - экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, эмгек акынын, башка булактардан кошум-
ча каражат түшкөндүгүнүн өзгөрүшүнө жараша индексация
жүргүзүлөт.
n - түзөтүүчү коэффициенттердин саны.
25. ҮДТ дарыгерлери көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жар-
дамды каржылоонун киши башына карата базалык ченеми өз алдынча юридика-
лык жак болуп эсептелген ар бир ҮДТ жана ҮМБ үчүн төмөнкү формула боюн-
ча аныкталат:
n
ПНj = ПНБазГСВ * ( E ki - (n - 1), (4)
i=1
мында:
ПНj - катталган (тейленүүчү) 1 тургунга жылына j-региондогу
үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун киши башына
карата ченеми;
ПНБазГСВ - катталган (тейленүүчү) 1 тургунга ҮДТ жылына баштапкы
медициналык-санитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн киши
башына каржылоонун базалык ченеми;
ki - түзөтүүчү коэффициенттер;
_
kв - бийик тоо коэффициенти, ал калктуу пункттар үчүн жеке
коюлат жана бийик тоолуу райондордун спецификасын эске
алат. Бийик тоо коэффициенти Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары белгилеген тартипте бекитилет;
_
kс - айылдык орточо коэффициент, чакан шаарчалар коэффициен-
ти, ал саламаттык сактоо уюмдарынын администрациялык
борборлордон алыстыгын чагылдырат, анын маанилерин Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги беки-
тет.
kэ - экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, эмгек акынын, башка булактардан кошум-
ча каражат түшкөндүгүнүн өзгөрүшүнө жараша индексация
жүргүзүлөт.
n - түзөтүүчү коэффициенттердин саны.
26. ҮДТ дарыгерлери көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жар-
дамды каржылоонун көлөмү өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелген ар
бир ҮДТ жана ҮМБ үчүн төмөнкү формула боюнча аныкталат:
m
ОФГСВj = ПНj * E (ЧНi * КПВi), (5)
i=1
мында:
ОФГСВj - өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелген j- ҮМБ же
ҮДТнын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоо көлөмү;
ПНj - катталган (тейленүүчү) 1 тургунга жылына j-региондогу
үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун киши башына
карата ченеми;
ЧНi - i- жыныс-курак топтогу калктын саны;
КПВi - жыныс-курак топ үчүн жыныс-курак коэффициенти;
m - жыныс-курак топтордун саны.
27. Өз алдынча юридикалык жак болуп саналган ҮДТ, Үй-бүлөлүк меди-
цина борборлору жылына эки жолу ММКФ АБга ҮДТга катталган (тейленүүчү)
калктын жыныс-курак курамынын саны жөнүндө отчет беришет, ал киши башы-
на карата ченем боюнча каржылоо суммасын аныктоо үчүн негиз болот.
V. Үй-бүлөлүк медицина борборлору, стоматологиялык
бейтапканалар (кабинеттер) көрсөткөн медициналык-санитардык
жардамды каржылоо ченемин эсептөө методикасы
28. Үй-бүлөлүк медицина борборлорун (мындан ары - ҮМБ) каржылоо
катталган (тейленүүчү) бир тургунга жыл ичинде киши башына карата база-
лык ченемдин негизинде түзөтүү коэффициентине тууралап жүргүзүлөт.
29. ҮМБ дарыгерлери көрсөткөн адистештирилген медициналык-санитар-
дык жардамды каржылоонун киши башына карата базалык ченеми - жылына ар
бир катталган тургун үчүн берилчү адистештирилген медициналык-санитар-
дык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү. Мында түзөтүүчү ко-
эффициенттер эске алынат, алар калктын жыныстык жана курагы боюнча тү-
зүмүн, ҮМБнын географиялык жайгашканын (айыл, администрациялык борбор-
дон алыстыгы, бийик тоо) чагылдырат. Бул көрсөткүч төмөнкү формула бо-
юнча эсептелет:
ФЦСМ
ПНБазЦСМ = ------------------------------, (6)
_ n _
ЧНЦСМ * KПВ * ( E ki - (n - 1)
i=1
мында:
ПНБазЦСМ - катталган (тейленүүчү) 1 тургунга ҮМБ жылына баштапкы
медициналык-санитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн киши
башына каржылоонун базалык ченеми;
ФЦСМ - ҮМБ баштапкы медициналык-санитардык жардам
көрсөткөндүгүн каржылоо көлөмү;
ЧНЦСМ - ҮМБда тейленүүчү калктын саны;
_
КПВ - калктын жыныс-курак топторунун түзүмүн чагылдырган ор-
точо алган жыныс-курак коэффициенти. Жыныс-курак коэф-
фициентин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет;
ki - түзөтүүчү коэффициенттер;
_
kв - бийик тоо коэффициенти, ал калктуу пункттар үчүн жеке
коюлат жана бийик тоолуу райондордун спецификасын эске
алат. Бийик тоо коэффициенти Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары белгилеген тартипте бекитилет;
_
kc - орточо алынган айылдык коэффициент, чакан шаарчалар ко-
эффициенти, ал саламаттык сактоо уюмдарынын администра-
циялык борборлордон алыстыгын чагылдырат жана аны Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги беки-
тет.
kэ - экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, эмгек акынын, башка булактардан кошум-
ча каражат түшкөндүгүнүн өзгөрүшүнө жараша индексация
жүргүзүлөт.
n - түзөтүүчү коэффициенттердин саны.
30. ҮМБ курамындагы стоматологиялык бейтапканалар жана стоматоло-
гиялык кабинеттер үчүн жылына 1 тургунга каржылоонун базалык киши башы-
на карата ченеми 6-формула боюнча стоматологиялык жардамды каржылоого
бөлүнгөн каражаттарды эске алып аныкталат.
31. Тиешелүү региондун ҮМБсы үчүн киши башына карата ченемди эсеп-
төө адистештирилген медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү үчүн база-
лык киши башына карата ченемдин негизинде түзөтүү коэффициенттерди эске
алып, ҮДТ көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын киши ба-
шына карата ченемин аныктагандай (4-формула) жүргүзүлөт.
32. Адистештирилген медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү үчүн
ҮМБны каржылоо көлөмүн эсептөө ар бир жыныс-курак топ боюнча калктын
жыныс-курак курамын эске алып, белгилүү регион үчүн киши башына карата
ченемдин негизинде, ҮДТ көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жар-
дамды каржылоо келөмүн эсептегендей (5-формула) жүргүзүлөт.
33. Өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелген Үй-бүлөлүк медицина
борборлору. ҮДТ, стоматологиялык бейтапканалар жылына эки жолу ММКФ АБ-
га ҮМБ (стоматологиялык бейтапканалар) тейлеген жыныс-курак курамы бо-
юнча тейленген (катталган) калктын саны жөнүндө отчет беришет, алар ки-
ши башына карата ченем боюнча каржылоо суммасын аныктаганга негиз болуп
берет.
34. Катталган калк боюнча маалыматтын жеке базасы жок ҮМБ жана
стоматологиялык бейтапканалар тейленүүчү калктын санын ырасталган ста-
тистикалык маалымат менен далилдешет.
35. ҮМБ жана стоматологиялык бейтапканалар тейленүүчү калктын жы-
ныс-курак курамы жөнүндө маалымат бербеген учурда калктын жыныс-курак
курамына түзөтүү жүргүзүлбөйт, жыныс-курак коэффициент бирге барабар
болуп эсептелет.
VI. Стационарлар көрсөткөн медициналык-санитардык
жардамды каржылоо ченемин эсептөө методикасы
36. Стационарларды каржылоо бюджеттин, милдеттүү медициналык кам-
сыздандыруунун каражаттарынан базалык ставканын негизинде дарылоонун
татаалдыгына, Мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз жана
жењилдетилген шартта медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн жењилдиктер-
ди компенсациялоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша, түзөтүү ко-
эффициентке тууралап жүргүзүлөт.
37. Дарылоонун татаалдыгы орточо кеткен бардык чыгымдар боюнча
клиникалык жактан окшош бирдей учурларды бириктирген клиникалык-сарптоо
топторунун негизинде аныкталат.
38. Базалык ставка - стационардык жардамды каржылоонун орточо
эсептик көрсөткүчү, мындай каржылоо бюджеттин, милдеттүү медициналык
камсыздандыруунун каражаттарынан стационардык жардамды каржылоо
көлөмүнө жараша ар бир кишинин дарыланышына берилет, жана төмөнкү фор-
мула боюнча эсептелет:
ФСТАЦ
БС = -----------------------------, (7)
_ n
ЧПС * KКЗГ * ( E ki - (n - 1)
i=1
мында:
БС - ар бир кишинин дарыланышына стационарларды каржылоонун ба-
залык ставкасы;
ФСТАЦ - Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча стационардык
жардамды каржылоо үчүн каралган каражаттар көлөмү;
ЧПС - стационарларда дарыланышы мүмкүн адамдардын болжолдуу са-
ны;
_
KКЗГ - бардык клиникалык-сарптоо топтору боюнча чогултуп орточо
алган чыгымдарды чагылдырган сарптоонун орточо алган коэф-
фициенти;
ki - түзөтүүчү коэффициенттер;
_
kв - бийик тоо коэффициенти, ал калктуу пункттар үчүн жеке кою-
лат жана бийик тоолуу райондордун спецификасын эске алат.
Бийик тоо коэффициенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
белгилеген тартипте бекитилет;
_
kс - орточо алынган айылдык коэффициент, чакан шаарчалар коэф-
фициенти, ал саламаттык сактоо уюмдарынын администрациялык
борборлордон алыстыгын чагылдырат, алардын маанилерин Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет;
_
kЛПУ - стационардын орточо алынган коэффициенти, ал медициналык
кызмат көрсөтүүдө ошол саламаттык сактоо уюмунун
өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Стационарлардын коэффициентин
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык
жардам көрсөтүү дењгээлин, саламаттык сактоо артыкчылыкта-
рын эске алып жекече эсептеп чыгат жана аны Кыргыз Респуб-
ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет;
_
kотд - стационарлардын адистештирилген бөлүмдөрүнүн, анын ичинде
консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле
амбулаториялык шартта кечиктирилгис жардам көрсөткөн
бөлүмдөрдүн орточо алынган коэффициенти. Стационарлардын
адистештирилген бөлүмдөрүнүн коэффициенттерин Милдеттүү
медициналык камсыздандыруу фонду адистештирилген жардам
көрсөтүүгө берилген жалпы сарптоону эске алып жекече эсеп-
тейт жана аны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлиги бекитет;
kэ - экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, эмгек акынын, башка булактардан кошумча
каражат түшкөндүгүнүн өзгөрүшүнө жараша индексация
жүргүзүлөт;
n - түзөтүүчү коэффициенттердин саны.
39. Бир кишинин дарыланышы - стационарда бир кишинин дарыланып
бүткөнү.
40. Ар бир кишинин дарыланышына бюджеттин жана ММКнын каражаттары-
нан кайтарып берүү суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
n
СВi = БС * KКЗГi * KЛi * ( E ki - (n - 1), (8)
i=1
мында:
СВi - кишинин дарыланышына кайтарып берүү суммасы;
БС - стационарларды каржылоонун базалык ставкасы;
KКЗГi - клиникалык-сарптоо тобу боюнча сарптоо коэффициенти;
КЛi - Мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз жана
жењилдетилген шартта медициналык кызмат алууга укуктары
бар j-категориядагы пациенттер үчүн жењилдик коэффициенти;
ki - ушул Методиканын 38-пунктуна окшош түзөтүү коэффициентте-
ри.
n - түзөтүү коэффициенттердин саны.
41. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан стационар-
ларды каржылоонун базалык ставкасы, түзөтүү коэффициенттер стационар-
ларды каржылоого берилүүчү каражаттар көлөмүнө жараша 7-формула боюнча
эсептелет. ММК каражаттары боюнча түзөтүү коэффициенттер Милдеттүү ме-
дициналык камсыздандыруу фонду тарабынан эсептелет жана бекитилет.
42. Жењилдик коэффициенти Мамлекеттик гарантиялар программасына
ылайык акысыз жана жењилдетилген шартта медициналык кызмат алууга укук-
тары бар пациенттердин стационардык дарылануусуна кеткен чыгымдарды
компенсациялоого багытталат.
42.1. Жењилдик коэффициенти Мамлекеттик гарантиялар программасына
ылайык акысыз жана жењилдетилген шартта медициналык кызмат алууга укук-
тары бар пациенттердин ар бир тобу үчүн аныкталат жана милдеттүү меди-
циналык камсыздандыруу укугуна жараша болот.
42.2. Бюджеттин каражаттарынан жењилдик коэффициенттери төмөнкү
формула боюнча эсептелет:
СС - БСОМС - Сi
KЛi(Б) = ---------------, (9)
БСБ
мында:
KЛi(Б) - Мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз жана
жењилдетилген шартта медициналык кызмат алууга укуктары
бар j-тобунун пациенттери үчүн жењилдик коэффициенти;
СС - болжолдонгон убакытка бир кишини дарылоонун орточо наркы
жана ал консолидацияланган бюджеттен стационардык жардам-
ды каржылоо көлөмү менен (бюджеттин, милдеттүү медицина-
лык камсыздандыруунун каражаттарынан жана кошумча төлөм
каражаттарынын болжолдуу түшкөнүнөн бекитилген каржылоо
көлөмүнүн негизинде) ооруканага жаткыруунун болжолдуу са-
нынын катышы менен аныкталат;
БСБ - бюджеттин каражаттарынан стационарды каржылоонун базалык
ставкасы;
БСОМС - милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан ста-
ционарларды каржылоонун базалык ставкасы;
Сi - i-чи кишинин дарыланышынын кошумча төлөө өлчөмү. Кошумча
төлөм өлчөмү стационарларды каржылоо көлөмүнө жараша бел-
гиленет жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан бекитилет.
42.3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жењилдик
коэффициенттери төмөнкү формула боюнча эсептелет:
БСОМС + Сi
KЛi(ОМС) = ----------, где: (10)
БСОМС
KЛi(ОМС) - Мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз жа-
на жењилдетилген шартта медициналык кызмат алууга укук-
тары бар j-чи камсызданган пациенттер тобу үчүн жењил-
дик коэффициенттери;
БСОМС - милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан
стационарды каржылоонун базалык ставкасы;
Сi - i-чи кишинин дарыланышынын кошумча төлөө өлчөмү. Кошум-
ча төлөм өлчөмү стационарларды каржылоо көлөмүнө жараша
белгиленет жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан бекитилет.
42.4. Жењилдиктерге эки же андан көп негиздер боюнча укуктары бол-
гондо медициналык жардамды акысыз же жењилдетилген шартта көрсөтүү бир
негиз боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздануу
статусун эске алып жүргүзүлөт.
43. Стационардан чыкканда ар бир пациентке Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен клиникалык-статистикалык форма
(мындан ары - КСФ) толтурулат. КСФ жарандарга медициналык-санитардык
жардам көрсөтүү боюнча чыгашаларды далилдөөчү баштапкы документ болот.
КСФнын негизинде ММКФ АБда компьютердик иштелгенден кийин кишилердин
дарыланышы боюнча жыйынтык отчеттор түзүлөт, алар боюнча стационардык
жардам көрсөтүү үчүн каржылоо суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
n
ОФстац = E СВi, (11)
i=1
мында:
ОФстац - j-чи стационарды каржылоо көлөмү;
СВi - i-чи кишинин дарыланышына кайтаруу суммасы;
n - j-чи стационардын канча адам дарылашынын саны.
VII. Жалпы дарыгердик практика борборлору (ЖДПБ)
көрсөткөн медициналык-санитардык жардамды
каржылоо ченемин эсептөө методикасы
44. Жалпы дарыгердик практика борборлорун каржылоо үчүн каржылоо-
нун интеграциялык методдору колдонулат, алар ЖДПБ берген катталган
(тейленүүчү) калктын санын эске алып стационардык жардамдын, баштапкы
медициналык-санитардык жардамдын, амбулаториялык дењгээлде адистештир-
ген медициналык-санитардык жардамдын жана тез медициналык жардамдын ма-
кулдашылган көлөмүнө негизделет.
45. ЖДПБ баштапкы саламаттык сактоо уюму экенин жана ар кандай
спецификасы бар медициналык-санитардык жардамдын өз ара байланышкан тү-
рүн көрсөткөндүгүн, ошондой эле катталган (тейленүүчү) калктын санын
жана базалык шартты (географиялык өзгөчөлүктөрүн, материалдык-техника-
лык базасын, медициналык кадрлар менен камсыз болушун) эске алып,
ЖДПБны өткөөл этапта каржылоо көлөмүн эсептөө көрсөтүлгөн медициналык
жардамдын түрүнө жараша төмөнкү формула боюнча эсептелет:
n
ФЦОВПi = E Фi, (12)
i=1
мында:
Фi - бийик тоо, айылдык (чакан шаарчалар) коэффициенттерди эске
алып, ошол калктуу пункт үчүн бекитилген i-чи медициналык-са-
нитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн каржылоонун эсептелген
көлөмү.
46. Ар бир ЖДПБ үчүн медициналык-санитардык жардамдын ар бир түрү
боюнча каржылоо көлөмүн эсептөө 2, 5, 11-формулалар боюнча аныкталат.
47. Мындан ары этап-этабы менен ЖДПБ каржылоо көлөмү ЖДПБ үчүн ки-
ши башына карата ченемдин негизинде эсептелет.
48. ЖДПБны каржылоонун киши башына карата ченеми ЖДПБнын ар кандай
түзүмү болушуна байланыштуу өткөөл мезгилге ар бир ЖДПБ үчүн жекече
белгиленет жана ал көрсөтүлүп жаткан медициналык-санитардык жардамдын
түрүнө жараша болот.
49. ЖДПБнын киши башына карата ченемин эсептөө төмөнкүдөй жүргүзү-
лөт:
l
E Фi
i=1
ПНЦОВП = ------, (13)
ЧНЦОВП
мында:
ПНЦОВП - ЖДПБны каржылоонун киши башына карата ченеми;
Фi - медициналык-санитардык жардамдын i-чи түрүн көрсөтүү үчүн
каржылоонун эсептик көлөмү ар бир калктуу пункт үчүн бе-
китилген бийик тоо коэффициентин (алыскы), айылдык коэф-
фициентти (чакан шаарлар коэффициенти) эске алып аныкта-
лат;
ЧНЦОВП - ЖДПБ тейлеген калктын саны.
50. Ар бир ЖДПБ үчүн медициналык-санитардык жардамдын ар бир түрү
боюнча каржылоо көлөмүн эсептөө 2, 5, 11-формулалар боюнча аныкталат.
50.1. Стационардык жардамды каржылоо көлөмүн эсептегенде түзүлгөн
тенденцияларды эске алып акыркы 3 жылдагы ооруканага жаткыруулар саны-
нын негизинде эсептелген кишилерди дарылоонун макулдашылган саны көњүл-
гө алынат.
50.2. Келерки жылга каржылоо көлөмүн болжолдоо үчүн ЖДПБ медицина-
лык-санитардык жардамдын тиешелүү түрү үчүн каралган отчетторду берет.
VIII. Эсепке алуу жана отчеттуулук
51. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмда-
рында каражаттарды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министр-
лиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитчү
бухгалтердик эсеп жүргүзүү тартибине ылайык жүргүзүлөт.
52. Чыгашалардын бекитилген бюджеттик классификациясына ылайык са-
ламаттык сактоо уюмдары каражаттарды сарптоону статьялар боюнча эсепке
алат.
53. Географиялык, экономикалык жана региондук өзгөчөлүктөрдү эсеп-
ке алган түзөтүү коэффициенттери өзгөргөн учурда саламаттык сактоо уюм-
дарынын бюджети такталат, чыгашаларды бөлүштүрүү планы түзөтүлөт жана
маалымкат-билдирме менен таризделет.
54. ММКФ АБга Кызмат көрсөтүүчүлөр бере турган отчеттордун мөөнөтү
ММКФ АБ менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 "Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 86
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 104-р ( 2017-жылы базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделинин пилоттук апробациясы адистештирилген (психиатриялык…Распоряжение · 17.03.2016 · № 104-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 300-б (2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралу)…Распоряжение · 30.06.2016 · № 300-р · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 сентября 2004 года № 699 "О совершенствовании методов финансирования медико-санитарной помощи в системе Единого плательщика"Постановление · 20.09.2004 · № 699 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды…Постановление · 18.02.2011 · № 53 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 16-февралындагы №100 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы…Постановление · 16.02.2006 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 "Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 сентября 2004 года № 699 "О совершенствовании методов финансирования медико-санитарной помощи в системе Единого плательщика"Постановление · 20.09.2004 · № 699 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
- "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар ПРОГРАММАСЫ" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын…Программа · 24.08.2007 · № 363
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары…Постановление · 01.11.2019 · № 594 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" Улуттук ПрограммасыПрограмма · 16.02.2006 · № 100 · Күчүн жоготкон