Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 февраля 2025 года № 86 "О порядке формирования и исполнения бюджета системы здравоохранения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 21-майы № 184 Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө Программалык негизде саламаттык сактоонун мамлекеттик бюджетин түзүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Манас таалими» саламаттык сактоону реформалоонун улуттук программасын өнүктүрүү максатына грант жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Программалык негизде саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте:
- 2007-жылдан тартып республикалык бюджеттин саламаттык сактоого чыгымдарын жалпысынан республика, облустар жана Ош шаары боюнча программалык негизде ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Тартипке ылайык түзсүн;
- саламаттык сактоого жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын түзүүдө Бишкек шаардык кеңешине ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алууну сунуштасын;
- Медициналык-санитардык жардамдын мамлекеттик гарантиялары программасына жана Коомдук саламаттык сактоо программасына бирдиктүү статьялар боюнча 2007-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарын бюджеттик кирешелердин түшүүсүнүн сезондук өзгөрүүлөрүн синхрондоштурууну SWAp грантынын каражаттары менен камсыз кылып, кварталдар боюнча бирдей бөлүштүрсүн;
- программалык форматта саламаттык сактоого чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын жана аткарылышына мониторингди камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 токтому менен бекитилген методика боюнча жана өлчөмдөрдө айыл жерлеринде жана чакан шаарларда иштин шарттары үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо нормативдерине жогорулатуучу коэффициентти учурдагы чыгымдардын бекитилген бюджетинин чегинде 2007-жылдан баштап айылдык саламаттык сактоону колдоо үчүн киргизсин;
- республикалык бюджеттин, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан, атайын каражаттардан жана калктын тең төлөөсүнөн каржылоо булактарын бөлүштүрүү менен программалык форматта саламаттык сактоого бирдиктүү чыгымдар жөнүндө отчеттуулукту квартал сайын түзүүнү камсыз кылсын;
- саламаттык сактоо секторунда, ошондой эле SWAp долбоору боюнча донор уюмдарга чыгамдардын орто мөөнөттүү матрицасын жыл сайын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине программалык форматта саламаттык сактоону каржылоо жөнүндө топтомо отчетту берүүнү камсыз кылсын.
4. «Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык кызмат мекемелерин Бирдиктүү төлөөчү системасында каржылоого өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-февралындагы № 106 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы №184 токтому менен бекитилген "Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу" ТартибиПравила · 21.05.2012 · № 184
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 "Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 86
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы №209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2012 · № 209 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 февраля 2004 года № 106 "О переводе учреждений государственной санитарно-эпидемиологической службы на финансирование в системе Единого…Постановление · 27.02.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 "Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 86
- Постановление Правительства КР от 27 февраля 2004 года № 106 "О переводе учреждений государственной санитарно-эпидемиологической службы на финансирование в системе Единого…Постановление · 27.02.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2005 · № 280 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" Улуттук ПрограммасыПрограмма · 16.02.2006 · № 100 · Күчүн жоготкон