Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 4-январындагы N 1
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
РЕГЛАМЕНТИ
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-майындагы N 333,
2006-жылдын 13-декабрындагы N 850,
2007-жылдын 27-августундагы N 377,
2007-жылдын 30-декабрындагы N 633,
2008-жылдын 11-июлундагы N 375,
2008-жылдын 12-сентябрындагы N 511,
2008-жылдын 25-декабрындагы N 714,
2009-жылдын 19-февралындагы N 132
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Өкмөттүн ишин пландаштыруу жана уюштуруу
III. Өкмөттүн жыйындарында кабыл алынган чечимдердин таризделиши
IV. Өкмөттүн актыларындагы жана Өкмттүн жыйындарынын
протоколдорундагы тапшырмаларды, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Президентинин, Премьер-министринин жана
вице-премьер-министрлеринин тапшырмаларын аткаруунун тартиби
V. Актылардын долбоорлорун Өкмөткө киргизүүнүн жана кароонун
тартиби
VI. Өкмөттүк жана ведомстволор аралык координациялоочу жана
кењеш берүүчү органдар
VII. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши. Мыйзам долбоорлоо ишин
пландаштыруу
VIII. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
иш-аракетине катышуу тартиби
IX. Өкмөттүн сот бийлигинин органдары менен өз ара
мамилелеринин тартиби
X. Токтомдордун, тапшырмалардын жана протоколдук тапшырмалардын
аткарылышын контролдоону ишке ашыруу тартиби
XI. Өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелөө
(түшүндүрүү)
XII. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык
мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ишин уюштурууда анын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун эреже-
лерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Рес-
публикасынын жогорку мамлекеттик аткаруучу бийлик органы болот.
Өкмөт ага баш ийген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администраци-
ялардын, аткаруучу бийликтин башка борбордук органдарынын, ошондой эле
мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын иштерин жетектейт.
3. Өкмөт Кыргыз Республикасында аткаруучу бийлик органдарынын бир-
диктүү системасын түзүүчү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы ме-
нен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин компетенцияларына берилген ыйгарым укуктардан башка
бардык мамлекеттик башкаруу маселелерин чечүүчү коллегиялык орган бо-
лот.
Өкмөттүн иши мыйзамдын, коллегиялуулуктун, ачык-айкындыктын, адам-
дын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоонун, өзүнүн иши
үчүн Кыргыз Республикасынын элинин жана Президентинин алдындагы жооп-
керчиликтин принциптерине негизделет жана "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына жана
ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
4. Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) аныктайт.
Премьер-министр Өкмөттүн ишин уюштурат, Өкмөттүн заседаниелерин
башкарат, Өкмөт мүчөлөрүнө, аткаруучу бийликтин башка органдарынын же-
текчилерине тапшырмаларды берет, алардын Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин Өкмөткө тапшырмаларын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин токтомдорун аткаруу боюнча жасаган иштерин контролдойт жана
отчет сурайт.
5. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары-
нын жана буйруктарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тап-
шырмаларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасында
аткарылышы милдеттүү болгон токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.
Өкмөт токтомдор жана буйруктар формасында актыларды чыгарат. Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары токтомдор
түрүндө кабыл алынат.
Өкмөттүн актыларына Премьер-министр, ал эми Премьер-министр жок
учурда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри (мындан ары
- Биринчи вице-премьер-министр) же анын ордун алмаштыруучу Кыргыз Рес-
публикасынын вице-премьер-министри (мындан ары - вице-премьер-министр)
кол коет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
күчүнө кирет жана жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти анын төрагалыгы менен өткөн
Өкмөттүн заседаниесинде кабыл алынган Өкмөттүн токтомдоруна кол коет.
Мындай токтомдорго Премьер-министр жана тийиштүү Өкмөт мүчөлөрү виза
коюуга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Өкмөт өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы-
ныи Президентинин жана Өкмөттүн нормативдик укуктук актылары, аныктал-
ган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын уюштурат
жана аткаруучу бийлик органдары аларды аткаруусун такай контролдойт,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча чара көрөт.
7. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын,
аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин актыларынын жана Өкмөттүн чечимдеринин атка-
рылышын контролдоо максатында өзүнүн жыйындарында Өкмөт мүчөлөрүнүн,
администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органда-
рынын жетекчилеринин отчетторун жана маалыматтарын угат (Өкмөттүн ком-
петенциясынын чегинде), аталган органдардын иштерине баа берет, атка-
руучу бийлик органдарынын актыларын жокко чыгаруу же токтото туруу жө-
нүндө чечим кабыл алат.
8. Кыргыз Республикасынын актыларынын долбоорлору жана Өкмөттүн
ишине тиешеси бар башка маселелер Өкмөттө каралууга тийиш.
9. Ушул Регламенттин 8-пунктунда көрсөтүлгөн актылардын долбоорло-
ру жана башка документтер Өкмөттүн кароосуна Өкмөт мүчөлөрү, админист-
рациялык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын
жетекчилери тарабынан, ал эми алар жок учурда алардын милдеттерин атка-
руучу адамдар тарабынан киргизилиши мүмкүн.
Мамлекеттик органдын ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк подраз-
делениелери, анын карамагында турган мекемелер, ишканалар жогорку мам-
лекеттик орган аркылуу Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппараты-
нын дарегине кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Өкмөткө
Өкмөттүн компетенциясына берилген маселелер боюнча жана Өкмөттүн чечим-
деринин долбоорлоруна демилге көтөрүү жөнүндө суроо-талап менен кайрыла
алышат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Өкмөттө актылардын жана башка документтердин долбоорлорун ка-
роонун жыйынтыктары Өкмөттүн тийиштүү чечимдери, Өкмөттүн жыйындарынын,
Премьер-министр, вице-премьер-министрлер же Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси-министр (мындан ары - Аппарат жетекчиси) төрагалык кылган
координациялык жана башка кењешүүчү органдардын жыйындарынын протокол-
дору, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде болгон кењешмелердин
протоколдору же алар кол койгон башка документтер менен таризделишет.
11. Ушул Регламенттин 8-пунктунда каралбаган же ушул Регалменттин
9-пунктунда көрсөтүлбөгөн органдардан жетекчилери Өкмөткө киргизген
кайрылууларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетек-
чиси, Премьер-министрдин Аппарат жетекчисинин Биринчи орун басары (мын-
дан ары - Аппарат жетекчисинин Биринчи орун басары), ошондой эле Премь-
ер-министрдин аппараты (мындан ары - Премьер-министрдин Аппараты) мам-
лекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарына кароо жана өз ыйгарым укуктарына ылайык чечим чыгаруу үчүн жибе-
рет.
12. Мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтү-
нүн актыларын, Өкмөттүн башка чечимдерин кабыл алуу жөнүндө сунуштарды
камтыган кайрылуулар аткаруучу бийликтин тийиштүү органдары тейлечү
чөйрөгө ылайык министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администраци-
ялык ведомстволорго жана аткаруучу бийликтин башка органдарына, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрацияларга жиберилет. Бул органдар кайрылуу-
ларды иштеп чыгышат, өз компетенцияларынын чегинде тийиштүү чечим чыга-
рышат, зарыл болсо Өкмөттүн чечими талап кылынган актылардын долбоорло-
рун Өкмөткө аныкталган тартипте киргизишет жана кароонун жыйынтыгы жө-
нүндө арыз ээлерине билдиришет.
Каржылоо республикалык бюджетте каралбаган иш-чараларды өткөрүүнү
кошо алганда бюджеттик каражаттарды кошумча бөлүү жөнүндө өтүнүч каттар
жана кайрылуулар өзгөчө, согуштук абалды киргизүү учурларын, табигый
кырсыктарды жана жаратылыштык катаклизмдерди кошпогондо Өкмөт тарабынан
каралбайт.
Юбилейлик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча
каттар жана өтүнүчтөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан элдин,
мамлекеттин, адамзаттын алдында өзгөчө сињирген эмгеги бар адамдарга
карата гана каралышы мүмкүн. Юбилейлик иш-чараларга Премьер-министр,
Биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, Өкмөттүн Аппарат
жетекчиси же Өкмөттүн Аппаратынын структуралык подразделениелеринин же-
текчилери чакырылышы мүмкүн. Региондук маанидеги юбилейлик иш-чараларды
өткөрүү жөнүндө чечим жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча Өкмөт тара-
бынан кабыл алынат.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведом-
стволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан өз алдынча чечи-
лүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Өкмөттүн токтому жана буйругу кабыл
алынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы N
850 токтомунун, 2007-жылдын 30-декабрындагы N 633 токтомунун редакция-
ларына ылайык)
13. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары, Өкмөттө өткөрүлгөн жыйын-
дардын жана кењешмелердин протоколдору, Премьер-министрдин жана ви-
це-премьер-министрлердин Өкмөттө каралган документтер боюнча резолюция-
лары Премьер-министрдин Аппаратында таризделет жана жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Өкмөттүн Аппаратынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттер-
ге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруучу бийликтин башка ор-
гандарына жиберилчү тапшырмаларга Премьер-министр, вице-премьер-минист-
рлер жана Аппарат жетекчиси, ал жок учурда Аппарат жетекчисинин Биринчи
орун басары кол коет. Оперативдүү, техникалык же уюштуруу-процедуралык
мүнөздөгү документтерге тиешелүү түзүмдүк подразделениенин компетенция-
сына таандык маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделе-
ниелеринин жетекчилери кол коюшат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларындагы,
Өкмөттө өткөрүлчү жыйындардын жана кењешмелердин протоколдорундагы,
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Аппарат жетекчиси-
нин резолюцияларындагы тапшырмалардын аткарылышын контролдоону Премь-
ер-министрдин Аппараты уюштурат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматтар-
ды алуусу жана Өкмөттө каралчу маселелер жана материалдар жөнүндө маа-
лыматтарды жалпы пайдалануудагы маалыматтык системаларга жайгаштыруу
мамлекеттик бийлик органдарынын иштери жөнүндө маалыматты жалпыга маа-
лымдоо каражаттарына жарыялоонун тартиби жөнүндө мыйзам менен аныкта-
лат.
Өкмөттүн кароосуна келген документтер, ошондой эле алар боюнча ка-
был алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган
тартипте жарыяланганга чейин кызматтык маалыматты камтыган материалга
кирет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Өкмөттүн ишин пландаштыруу жана уюштуруу
15. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары-
на, буйруктарына жана тапшырмаларына ылайык өлкөнү социалдык-экономика-
лык өнүктүрүүнүн программаларын жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-ара-
кеттердин пландарын кабыл алат, ошондой эле өзүнүн мыйзам чыгаруучу иш-
терин, жыйындардын жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшүн пландаштырат.
16. Өкмөт мүчөлөрү өз иштерин Кыргыз Республикасынын Президенти
өткөрүүчү иш-чараларга, Өкмөттүн, Өкмөт түзүүчү координациялык жана
кењешүүчү органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйын-
дарына, ошондой эле Өкмөт мүчөлөрү үчүн милдеттүү башка пландуу иш-ча-
раларга катышуу зарылдыгын эске алып пландаштырышат.
17. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары -губернатор-
лор, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери
тапшырылган аймактардын чегинен чыгууда Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри менен макулдашууга тийиш.
Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, админист-
рациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетек-
чилеринин чет өлкөлүк командировкалары Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри менен, ал жок учурда - аны тейлөөчү вице-премьер-министр
менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк подраз-
делениесинин пикирин эске алуу менен ишке ашырылат.
Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде облустар-
дын мамлекеттик администрация башчыларынын отпускасы жазуу жүзүндө от-
пуска башталганга чейин кеминде 10 күн мурда Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри менен макулдашылат.
Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, админист-
рациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетек-
чилеринин орун басарларынын чет өлкөлүк командировкалары аларды
тейлөөчү вице-премьер-министр же Өкмөттүн Аппарат жетекчиси менен ма-
кулдашуу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк подразделениеле-
ринин пикирин эске алуу менен ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Өкмөт же Премьер-министр түзүүчү координациялык жана кењешүүчү
органдар өз иштерин алар жөнүндө жоболорго ылайык өз алдынча пландашат.
19. Өкмөттүн кезектеги жыйындары бекитилген планга ылайык, бирок
айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Өкмөттүн жыйындарында маселелерди кароо кварталга пландалат.
Өкмөттүн жыйындарынын кезектеги кварталга карата планына Өкмөттүн жы-
йындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеси ар бир
маселе боюнча аны кароонун күнүн жана маселени даярдоо үчүн жооптуу
бийлик органдарын көрсөтүү менен киргизилет.
20. Аткаруучу бийлик органдары кезектеги квартал башталардан 1 ай-
дан кем эмес мурда Премьер-министрдин Аппаратына Өкмөттүн жыйынында ка-
ралууга тийиш болгон маселелерди аларды кароонун зарылдыгын негиздөө
жана күнүн көрсөтүү менен киргизишет.
21. Премьер-министрдин Аппараты ушул Регламенттин 20-пунктунда
көрсөтүлгөн сунуштардын негизинде кезектеги кварталдан мурунку айдын
биринчи жарымынын ичинде Өкмөттүн кезектеги мезгилге карата жыйындары-
нын планын түзөт.
Өкмөттүн жыйындарынын планынын долбоору Өкмөттүн токтому менен бе-
китилет. Бекитилген планды маселени пландан алып салуу Премьер-министр-
дин жеке өзү же маселенин даярдалышы үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин
жетекчисинин жүйөлөнгөн сунушу боюнча кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомунун редак-
циясына ылайык)
22. Жыйындарда кошумча (пландан тышкаркы) маселелерди кароо Премь-
ер-министрдин чечими боюнча ишке ашырылат.
23. Өкмөттүн жыйындарында кароо үчүн тиешелүү материалдарды даяр-
доо тапшырылган аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери алардын сапа-
ты жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Өкмөттүн
жыйынынын планына киргизилген маселелер боюнча материалдар маселени ка-
роо үчүн планда белгиленгенден 14 күн мурда кечиктирбей берилиши керек.
24. Тез чечүүнү талап кылган жана кечиктиришке болбоочу маселелер
Өкмөттүн жыйынына Премьер-министр, ал жок учурда Биринчи вице-премь-
ер-министр тарабынан, көрсөтүлгөн эрежелерди сактабастан киргизилет.
Мындай маселелер боюнча чечим, эгерде ага Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчү-
лүгү добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Мындай учурда Өкмөт-
түн чечимине кийинки виза коюу Өкмөт мүчөлөрү тарабынан талап кылын-
байт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө фамилияларды көрсөтүү менен
протокол түзүлүп, ага Премьер-министрдин Аппарат Жетекчиси жана тиеше-
лүү структуралык подразделениенин начальниги (башчысы) кол коюшат жана
Өкмөттүн чечимине тиркелет.
Айрым кечиктирүүгө болбой турган маселелер же Өкмөттүн заседание-
леринде талкуулоо зарылдыгы болбогон маселелер боюнча Өкмөт заседание
өткөрбөстөн оперативдүү түрдө чечим кабыл алышы мүмкүн. Мындай учурлар-
да Өкмөттүн актыларынын долбоорлору оперативдүү тартипте Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн көпчүлүк мүчөлөрү менен макулдашылып, милдеттүү
түрдө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, ошондой эле
бул маселени тейлөөчү вице-премьер-министри тарабынан виза коюлат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен макулдашуу шартын
кошпогондо тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администра-
циялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен ма-
кулдашуу шартын сактоо менен даярдалат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы N
850 токтомунун, 2007-жылдын 30-декабрындагы N 633 токтомунун редакция-
сына ылайык)
25. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин кароосуна алардын компетенциясына кирген
маселелер боюнча сунуштарды киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши менен өз ара байланышта иштейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын долбоорлору, башка документтер
Өкмөткө ушул Регламенттин IV бөлүмүндө аныкталган тартипте киргизилет
жана кароого даярдалат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына тийиштүү же
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимин талап кылган маселелер
боюнча сунуштар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор жана аткаруучу бийликтин башка органдары, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар тарабынан Өкмөт аркылуу гана, эгерде Кыргыз
Республикасынын Президентинин, Өкмөттүн чечиминде башкача каралбаса,
киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйрукта-
рынын долбоорлору Өкмөттүн кароосуна оперативдүү тартипте киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоорун Аппарат-жетекчиси
жыйынга чейин беш күн мурдатан даярдайт жана тийиштүү материалдар менен
Премьер-министрге берет.
Күн тартибинин Премьер-министр жактырган долбоору жана тийиштүү
материалдар жыйын өткөрүлчү датадан 3 күн мурда ага катышуучуларга жи-
берилет. Өкмөттүн жыйынынын күн тартиби жыйындын өзүндө бекитилет.
27. Өкмөттүн жыйынына аткаруучу бийликтин башка органдарынын же-
текчилери, ошондой эле каралчу маселеге тике тиешеси бар башка уюмдар-
дын жетекчилери чакырылат. Өкмөттүн жыйынына чакырылчу адамдардын кура-
мын Аппарат жетекчиси каралчу маселелердин даярдалышы үчүн жооптуу ми-
нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-
лордун, аткаруучу бийликтин башка борбордук органдарынын сунуштары бо-
юнча аныктайт.
Өкмөттүн жыйынына ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын каралчу маселе-
лер боюнча материалдарды түздөн түз даярдоочу кызматкерлери да чакыры-
лат.
28. Өкмөттүн жыйынынын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн Аппаратынын тийиштүү башкармалыгы каттайт.
29. Өкмөттүн жыйыны ага Өкмөт мүчөлөрүнүн 2/3 ден кем эмеси катыш-
са мыйзамдуу деп эсептелет.
Маселелер жыйында Өкмөт мүчөлөрүнүн, каралчу маселе тейлөө чөйрө-
сүнө кирген аткаруучу бийликтин башка органдарынын, администрациялык
ведомстволордун жана жетекчилеринин же алардын милдетин аткаруучу адам-
дардын милдеттүү катышуусу менен каралат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Өкмөттүн жыйындарына Премьер-министр төрагалык кылат. Премь-
ер-министр жокто төрагалык кылуучунун милдетин Биринчи вице-премьер-ми-
нистр же вице-премьер-министр аткарат. Өкмөттүн жыйындары Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин төрагалыгы менен өткөрүлүшү мүмкүн.
31. Өкмөттүн жыйындарында анын күн тартибиндеги маселелер боюнча
доклад менен Өкмөт мүчөлөрү, аткаруучу бийликтин башка органдарынын же-
текчилери же алардын милдетин аткаруучу башка адамдар чыгышат.
32. Өкмөттүн жыйынында чечимдер Өкмөт мүчөлөрүнүн жалпы санынын
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калганда жыйынга
төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
33. Өкмөт мүчөсүнүн жыйында каралган маселе боюнча өзгөчө пикири
жыйындын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
34. Өкмөттүн жыйынында доклад үчүн убакыт 15 мүнөткө, кошумча док-
лад үчүн 10 мүнөткө чейин, жарыш сөзгө чыгуу үчүн - 5 мүнөткө чейин бе-
рилет. Мында аныкталган убакыт жыйында төрагалык кылуучунун чечими бо-
юнча узартылышы мүмкүн.
35. Өкмөттүн жабык жыйындарына (айрым маселелерди жабык талкуулоо-
до) материалдарды даярдоо, протоколдорду жана кабыл алынчу актыларды
тариздөө үчүн жыйынга киргизүү жашырын документтер менен иштөөнүн жана
жашырындык режиминин аныкталган эрежелерин сактап ишке ашырылат.
36. Премьер-министрдин Аппараты аныкталган тартипте:
- жалпыга маалымдоо каражаттарына Өкмөттүн жыйындарында каралуучу
маселелер жана материалдар жөнүндө маалыматтарды берет;
- жыйын аяктагандан кийин Өкмөт мүчөлөрүнүн жыйында каралган масе-
ле боюнча пресс-конференцияларын (брифингдерди) өткөрөт, жыйында карал-
ган маселелер жөнүндө жана ал маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер
жөнүндө жарандарга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт.
37. Өкмөттүн жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн
катышуусу, кино-, видео- жана фото сүрөткө тартуу, ошондой эле үн жазуу
Аппарат жетекчиси аныктаган тартипте уюштурулат.
Премьер-министрдин Аппараты жыйындардын, анын ичинде жабык жыйын-
дардын аудиого жазылышын камсыздайт. Аудиожазуу зарылдыгына жараша,
Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча расшифровкаланат.
Жыйындын катышуучуларына жана чакырылган адамдарга жыйынга кино-,
видео- жана фотоаппараттарды, үн жазуучу түзүлүштөрдү, ошондой эле мо-
билдүү байланыш телефондорун кошкондо байланыш каражаттарын алып
кирүүгө уруксат берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагында турган маалы-
маттарга жеке жана юридикалык жактардын жеткиликтүүлүгү "Кыргыз Респуб-
ликасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүк жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Өкмөттүн жыйындарында кабыл алынган
чечимдердин таризделиши
38. Өкмөттүн жыйынында кабыл алынган чечимдер протокол менен та-
ризделет жана мындай чечимдерге Өкмөт мүчөлөрүнүн виза коюшу талап кы-
лынбайт. Бул учурда Өкмөттүн заседаниесинде кабыл алынган чечим заседа-
ние өткөрүлүп, ал кабыл алынган күн менен таризделет. Өкмөттүн жыйыны-
нын протоколу Премьер-министрдин Аппаратында жыйын бүткөндөн кийин үч
иш күндөн кечиктирбей таризделет, жыйынга төрагалык кылуучу кол коет
жана Өкмөт мүчөлөрүнө, ошондой эле органдарга, уюмдарга жана кызмат
адамдарына жиберилет. Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, жыйын-
да каралган башка актылардын сунуштар жана пикирлер айтылган долбоорло-
рун толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда Өкмөт министрликтерге,
мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруучу
бийликтин башка борбордук органдарына, жергиликтүү мамлекеттик админис-
трацияларга тапшырмаларды берет. Эгер толуктап иштеп чыгуу мөөнөтү
атайын айтылбаса, анда ал 5 күнгө чейинки мөөнөттө ишке ашырылат.
Өкмөттүн жыйында каралган башка маселелер боюнча тапшырмалары ушул
Регламенттин III бөлүмүндө каралган мөөнөттөрдө аткарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы N 850, 2007-жылдын
30-декабрындагы N 633, 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомдорунун
редакцияларына ылайык)
IV. Өкмөттүн актыларындагы жана Өкмттүн жыйындарынын
протоколдорундагы тапшырмаларды, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Президентинин, Премьер-министринин
жана вице-премьер-министрлеринин тапшырмаларын
аткаруунун тартиби
39. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти Өкмөткө берген тапшырмаларды аткарууну уюштуруу
максатында Өкмөттүн актылары чыгарылат, Премьер-министр жана ви-
це-премьер-министрлер министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, адми-
нистрациялык ведомстволорго жана аткаруучу бийликтин башка органдарына,
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тапшырмаларды беришет.
40. Өкмөттүн актыларында, Өкмөттүн жыйындарынын, Өкмөттүн Премь-
ер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси башкарган коор-
динациялык жана кењешүүчү органдарынын протоколдорунда айтылган тапшыр-
маларды, ошондой эле Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин,
Аппарат жетекчисинин алар өткөргөн кењешмелердин протоколдорунда жана
резолюцияларда айтылган тапшырмаларын (мындан ары - тапшырмалар) атка-
рууну тапшырма даректелген министрлер, аткаруучу бийликтин башка орган-
дарынын жетекчилери уюштурушат.
Бул тапшырмалардын өз учурунда аткарылышын контролдоо Өкмөттүн Ап-
паратынын бул тапшырмаларды аткаруучуларга оперативдүү жеткирүү макса-
тында аларды факсимилдик байланыш же телефонограмма аркылуу берүүгө
мүмкүнчүлүгү бар тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнө жүктөлөт. Мындай учур-
ларда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы факсимилдик байланыш же телефоног-
рамма аркылуу алынган маалыматтар аткаруучу тарабынан алынган жана бел-
гиленген тартипте катталган күндөн тартып белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы N 333
токтомунун редакциясына ылайык)
41. Тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүүнү Премьер-министрдин Ап-
параты 2 күндүк мөөнөттө камсыздайт, ал эми шашылыш жана оперативдүү
тапшырмалардын аткарылышын токтоосуз, бирок кол коюлган учурдан тартып
бир күндөн кечиктирбестен камсыздайт.
Өкмөттүн актыларында айтылган тапшырмалар аткаруучуларга актынын
көчүрмөсүн жиберүү жолу менен жеткирилет.
Өкмөттүн жыйындарынын протоколдорунда айтылган тапшырмалар аткару-
учуларга жыйындын протоколунун көчүрмөсүн жиберүү жолу менен жеткири-
лет.
Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Аппарат жетекчиси
өткөргөн кењешмелердин протоколдорунда айтылган жана алар караган доку-
менттер боюнча резолюциялардагы тапшырмалар аткаруучуларга кењешменин
протоколунун копиясын же андан көчүрмөнү, же аныкталган тартипте тариз-
делген резолюцияны жиберүү жолу менен жеткирилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календарлык
датасы) көрсөтүлөт. Эгер аткаруу мөөнөтү катары убакыттын мезгили
көрсөтүлсө, анда аткаруунун башталышы болуп тапшырмага кол коюлган күн
эсептелет.
Эгер тапшырманын текстинде аткаруу датасынын же убакыт мезгилинин
ордуна "абдан шашылыш", "шашылыш" деп көрсөтүлсө, тапшырма иретине жа-
раша эки жана үч иш күндүк мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Эгер тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тапшырма он иш күн-
дүн ичинде аткарылууга тийиш. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир ай-
га чейин узартылышы мүмкүн.
Эгер объективдүү себептерге байланыштуу тапшырманы көрсөтүлгөн
мөөнөттө аткарууга мүмкүн болбосо, аткаруу бийлигинин органдарынын ти-
йиштүү жетекчилери Өкмөткө мөөнөттү узартуу жөнүндө сунушту узартуунун
себебин жана аткаруунун пландаштырылган датасын көрсөтүү менен киргизи-
шет.
Мындай сунуштар тапшырмага (чечимге) кол коюлгандан баштап 10
күндөн кеч эмес мөөнөттө киргизилет. Шашылыш тапшырмалардын аткаруу
мөөнөтү узартылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 633, 2009-жылдын
19-февралындагы N 132 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
43. Эгер тапшырма аткаруу бийлигинин бир нече органына берилсе,
анда "уюштуруу" деген сөз менен белгиленген аткаруу бийлигинин органы-
нын жетекчиси тапшырманы негизги аткаруучу болот, анын аткарылышы үчүн
жоопкерчилик тартат жана ишти уюштурат. Кошо аткаруучулар жооптуу атка-
руучу болгон, уюштуруу тапшырылган мамлекеттик органга тийиштүү орган-
дын жетекчиси (орун басары) кол койгон сунуштарды тапшырманы аткаруу
үчүн белгиленген мөөнөттүн биринчи жарымынын ичинде беришет. Жооптуу
аткаруучу болгон, уюштуруу тапшырылган мамлекеттик орган макулдашуунун
жана документтин жыйынтык долбоорун даярдоонун тартибин аныктайт. Тап-
шырманы чукул мөөнөттө аткаруу зарыл болсо жооптуу аткаруучу болгон,
уюштуруу тапшырылган мамлекеттик орган тапшырманы тез аткарууну уюшту-
рат, ал үчүн жумушчу топторду түзөт жана макулдашуучу кењешмелерди
өткөрөт.
44. Эгер тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, тапшырманын
аткаруучусу (негизги аткаруучу) тапшырманы аткарууга берилген мөөнөт
өткөндөн кийин 3 күндүн ичинде Өкмөткө тапшырманы аткаруунун абалы, аны
белгиленген мөөнөттө аткарбагандыктын себептери жөнүндө маалыматты тап-
шырманы аткаруу тапшырылган кызмат адамдарын, тапшырманы аткарбагандык
үчүн күнөөлүү кызматкерлерге карата көрүлгөн жоопкерчилик чараларын
көрсөтүү менен берет.
45. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө берген тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентине тийиштүү доклад жиберилет, ага Премьер-министр
же анын көрсөтмөсү боюнча вице-премьер-министрлер кол коюшуп, Премь-
ер-министрге тийиштүү маалымат беришет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөткө берген тапшырмасын
аткаруу жүктөлгөн негизги аткаруучу эгер Премьер-министр же вице-премь-
ер-министрлер берген тапшырмада башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, тапшырманын
аткарылганы жөнүндө Премьер-министрге же вице-премьер-министрге Кыргыз
Республикасынын Президенти белгилеген мөөнөт бүтөөрдөн 5 күн мурда,
Кыргыз Республикасынын Президентине берилчү докладдын долбоорун тиркөө
менен кабарлайт.
Эгер Кыргыз Республикасынын Президенти Премьер-министрге же ви-
це-премьер-министрге жана ошол эле учурда аткаруу бийлигинин жетекчиле-
рине тапшырма берсе, анда кошумча тапшырма берилбеши мүмкүн, ал эми
анын аткарылышы жөнүндө доклад Кыргыз Республикасынын Президентине бе-
рилчү докладдын долбоорун жана башка керектүү материалдарды тиркөө ме-
нен Өкмөткө Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген мөөнөт
бүтөөрдөн 5 күн мурда берилет.
46. Эгер Кыргыз Республикасынын Президенти министрдин, мамлекеттик
комитеттин төрагасынын, администрациялык ведомствонун жетекчисинин же
аткаруучу бийликтин башка органынын жетекчисинин өзүнө тапшырма берсе,
же Өкмөттүн тейлөөсүндөгү маселе боюнча тапшырма министрге, мамлекеттик
комитеттин төрагасына, администрациялык ведомствонун жетекчисине же ат-
каруучу бийликтин башка органынын жетекчисине берилсе, андай органдар-
дын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентинен алынган тапшырма
жөнүндө Премьер-министрге дароо кабарлашат, ал аткарылгандан кийин Кыр-
гыз Республикасынын Президентине аткаргандык жөнүндө маалымат берүү ме-
нен кошо ал жөнүндө Премьер-министрге маалымдашат.
V. Актылардын долбоорлорун Өкмөткө киргизүүнүн
жана кароонун тартиби
47. Өкмөттүн кароосуна киргизилчү ар бир маселе боюнча Өкмөттүн
чечиминин так баяндалган долбоору, коштоочу кат, макулдашуу барагы, ма-
селенин жайы баяндалган маалымкат, керектүү эсептөөлөр, негиздемеси жа-
на сунуш кылынган чечимди аткаруунун натыйжасынын социалдык-экономика-
лык, финансылык жана башка божомолдору берилет. Маалымкатка аны иштеп
чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет.
Документтер эки нускада: мамлекеттик жана расмий тилдердеги текст
менен пакетте жана электрондук маалымат сактагычта берилет.
Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү актылардын долбоорлорунун текстте-
ри мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүү ме-
нен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Эгерде актынын долбоорунун текстинин көлөмү он машинкалык жазуу
барагынан ашык болсо, документтин арт жагына штамптарды коюуга жол бе-
рилет.
(КР Өкмчтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомунун редак-
циясына ылайык)
47-1. Макулдашуу барактары, аларга кол коюлган күндөн үч ай өткөн-
дө берилсе, кароого жатпайт.
Макулдашуу мезгилинде жетекчинин алмашуусу актынын долбоорлорун
кайра макулдашуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомунун редак-
циясына ылайык)
48. Өкмөткө кароого берилген чечимдердин долбоорлору ал маселе бо-
юнча иштин абалынын толук талдоосун жана объективдүү баасын камтууга,
колдо болгон эмгектик, материалдык жана финансылык ресурстарды эске
алуу менен аткаруучулардын алдына так баяндалган максаттарды жана мил-
деттерди коюуга, айкын, ырааттуу жана кыска баяндалып, зарыл болсо ат-
каруу мөөнөтү, маалымат жана отчет берүүнүн мөөнөттөрү, конкреттүү ат-
каруучулар (министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-
домстволор, аткаруучу бийликтин башка органдары, ошондой эле Премь-
ер-министрдин Аппаратынын аткарылышын контролдоо тапшырылган башкарма-
лыктары (бөлүмдөрү) көрсөтүлүүгө тийиш.
Мында бир эле маселе боюнча жањы чечимдин долбоору андан мурда ка-
был алынган чечимдер аткарылган же кошумча жагдайлар чыккан учурда гана
киргизилиши мүмкүн.
Мыйзамдарда каралган учурларда Өкмөткө берилүүчү чечимдердин дол-
боорлоруна иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү адистештирилген
экспертизалардын жыйынтыктары (гендерлик, коррупцияга каршы, экология-
лык, укук коргоочулук ж.б.у.с.) тиркелүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 633, 2009-жылдын
19-февралындагы N 132 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
49. Мурда кабыл алынган чечимдерди өзгөртүүнү караштырган чечим-
дердин долбоорунда кайсы чечимге жана кайсы бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү
сунушталып жатканы же кайсы чечимдер күчүн жоготту деп эсептелери
жөнүндө көрсөтүлүүгө тийиш.
Эгер даярдалып жаткан акт башка актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
зарылдыгын туудурса, ал өзгөртүүлөр даярдалып жаткан актынын долбооруна
киргизилет же ошону менен бир учурда эле өзүнчө актынын долбоору түрүн-
дө киргизилет.
Эгер актылардын долбоорлорунда тапшырмалар бар болсо, аларда атка-
руунун мөөнөттөрү көрсөтүлүүгө тийиш.
50. Актылардын долбоорлору Өкмөткө киргизилгенге чейин төмөнкүлөр
менен милдеттүү макулдашылууга тийиш, алар:
- Өкмөт мүчөлөрү менен - тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик
комитеттердин иш чөйрөсүнө жана алардын карамагындагы башка аткаруучу
бийлик органдарынын иш чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча;
- аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетекчилери менен - ал
органдардын иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча;
- зарыл учурда - башка уюмдар менен. Кошумча макулдашуу талап кы-
лынган органдардын жана уюмдардын курамын долбоорду киргизип жаткан ат-
каруучу бийлик органынын жетекчиси өз алдынча, ошондой эле Премьер-ми-
нистр, Биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министр же Аппа-
рат жетекчиси аныктайт.
Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу
бийликтин башка органдарынын жетекчилери жок учурда Өкмөттүн чечимдери-
нин долбоорлору статс-катчылар же биринчи орун басарлар (орун басарлар)
менен макулдашылып, алар өзүнүн колун: "министр (жетекчи, аты-жөнүнүн
биринчи тамгаларын жана күнүн көрсөтүү менен) жокто" деген эскертүү ме-
нен кошумчалашат.
Мында Өкмөт мүчөлөрүнүн коюлган колдорунун жалпы саны көпчүлүгүн
түзүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомунун редак-
циясына ылайык)
51. Макулдашуу жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн чечиминин
долбоорун Өкмөткө киргизип жаткан Өкмөт мүчөсүнө же ушул Регламенттин
9-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын арасындагы башка жетекчиге жүктөлөт.
Актылардын макулдашууга жиберилген долбоорлоруна (алардын
көчүрмөлөрүнө) ушул Регламенттин 50-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын
жана уюмдардын жетекчилери виза коюшат.
Актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдарга макулдашуу алар
түшкөндөн кийин төмөнкүдөй мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
1) Өкмөттүн токтомдорунун долбоору, анын ичинде Кыргыз Республика-
сынын Президентинин жаиа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин каро-
осуна тиешелерине жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары-
нын долбоорлорун жана мыйзам долбоорлорун кароого киргизүү жөнүндө - 10
иш күн;
2) буйруктардын долбоору - 5 иш күн.
Өкмөттүн токтомун жана/же буйругун, Премьер-министрдин буйругун
тез кабыл алуу зарыл болсо Премьер-министрдин, Биринчи вице-премьер-ми-
нистрдин, вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин тапшырмасы
боюнча конкреттүү долбоорлорду мамлекеттик органдарда макулдашуунун
кыскараак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Мындай учурда долбоорго мамлекет-
тик органдын биринчи жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу орун басары
Өкмөттүн жетекчилигиндеги кењешмеде же Өкмөттүн жыйынында виза коюшу
мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун оперативдүү
кабыл алуу зарылчылыгы болгондо макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп
чыгуучуга долбоордун каралган натыйжасын макулдашуу баракчасы менен
бирге факсимилдик байланыш аркылуу жиберсе болот жана документтин өзүн
анын артынан жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы N 333
токтомунун редакциясына ылайык)
52. Актынын долбоорун макулдашуучу мамлекеттик органда кароо ушул
Регламентте белгиленген мөөнөттө жана ошол мамлекеттик органдын компе-
тенциясынын чегинде жүргүзүлүүгө тийиш.
Актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы менен макулдашуучу мамлекет-
тик орган аны иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкүдөй варианттарынын бирин
берүүгө тийиш:
1) актынын долбооруна сын-пикирсиз макулдук берилди (долбоорго же-
текчи кол коет);
2) актынын долбооруна сын-пикирлер менен макулдук берилди (дол-
боорго жетекчи сын-пикирлери менен кол коет). Мында пикирлер долбоорго
тиркелчү катта баяндалып, ага биринчи жетекчи, статс-катчы же биринчи
орун басар (орун басар) кол коет жана анда кемчиликтерди жоюу жөнүндө
сунуштар милдеттүү түрдө болуш керек;
3) актынын долбооруна макулдук берилген жок (долбоорго кол коюл-
байт). Мындай учурда макулдук берүүдөн баш тартуунун себеби баяндалып,
жетекчи же статс-катчы, же биринчи орун басар (орун басар) кол койгон
кат тиркелет.
53. Эгер актынын долбооруна сын-пикир менен макулдук берилсе, аны
иштеп чыккан мамлекеттик орган өзү кабыл алган сын-пикир боюнча өксүктү
жоет, долбоордун биротоло бүткөн вариантын даярдайт жана кайрадан ма-
кулдашууга жиберет. Кайрадан макулдашуу ушул Регламенттин 51-пунктунда
белгиленген мөөнөттө ишке ашырылууга тийиш.
Иштеп чыгуучу макул эмес болгон сын-пикирлер боюнча аны менен ма-
кулдашуучу органдын ортосундагы кайчы пикирлердин матрицасы түзүлөт.
Мында актынын долбоорун иштеп чыгуучу кайчы пикирлердин матрицасын таб-
лица түрүндө түзөт, анын графаларында долбоордун кайчы пикирди жараткан
пункттарынын иштеп чыгуучу жана макулдашуучу орган сунуш кылган редак-
циялары жана алардын негиздемелери баяндалууга тийиш. Иштеп чыгуучу ор-
гандын жетекчиси кол койгон кайчы пикирлер матрицасы актынын акыркы ва-
рианты менен бирге макулдашуучу органга жиберилет жана анын жетекчиси
кол коюуга тийиш.
Зарыл болсо актынын долбоорун иштеп чыгуучу органдын жетекчиси
анын өз ара алгылыктуу чечилишин издөө максатында макулдашуучу орган-
дардын жана уюмдардын жетекчилери менен талкуулоону камсыздоого тийиш.
54. Кайчы пикирлер менен киргизилген актылардын долбоорлору жөнүн-
дө, ошондой эле алар менен андан аркы иштөө боюнча сунуштар жөнүндө Ап-
парат жетекчиси же башкармалыктардын (бөлүмдөрдүн) начальниктери Премь-
ер-министрге, вице-премьер-министрлерге аныкталган тартипте маалымдоого
тийиш.
Өкмөттүн Аппаратынын Өкмөттүн актысын кол коюуга даярдоо үчүн
жооптуу тийиштүү башкармалыктары жана бөлүмдөрү өз ара алгылыктуу че-
чимди издөө максатында долбоорду Өкмөттүн Аппаратынын макулдашуучу баш-
кармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери актыны киргизген кызмат ада-
мынын катышуусу менен талкуулашын уюштурууну камсыздоого укуктуу.
Киргизилген актынын долбоору боюнча вице-премьер-министрлерде, Ап-
парат жетекчисинде сын-пикир бар болсо зарылдыгына жараша вице-премь-
ер-министрлерде, Аппарат жетекчисинде кењешме өткөрүүгө болот, анын
жыйынтыгы актынын долбоору менен кошо Премьер-министрдин кароосуна жана
кол коюусуна жиберилет.
Актынын долбоору боюнча жайгарылбаган кайчы пикирлерди Премьер-ми-
нистр, вице-премьер-министрлер Өкмөт мүчөлөрүнүн, аткаруучу бийликтин
кайчы пикири бар башка органдарынын жетекчилерин катыштыруу менен кара-
шат.
Актынын долбоору боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү консенсуска
жетише албаган өзгөчө учурларда долбоор Өкмөттүн жыйынына киргизилет.
Кайчы пикирлерди жайгаруу боюнча акыркы чечим Өкмөттүн чеиминде кабыл
алынат.
55. Долбоорду макулдашуучу жак ага виза коюудан анын себептерин
жазуу жүзүндө түшүндүрбөстөн баш тартууга укугу жок. Долбоорго карата
бардык сын-пикирлер жана сунуштар жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Мындай
учурларда долбоорго "сын-пикирлер менен" деген белги коюлуп, ал Өкмөт-
түн Аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо башкармалыгында
катталган өзүнчө баракка жазылат, макулдашуу баракчасына тиркелген же
сын-пикирлердин тексти макулдашуу баракчасынын арткы жагына кол менен
жазылат.
Биротоло чечимди ушул Регламенттин 54-пунктунун бешинчи абзацында
көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо Премьер-министр кабыл алат.
56. Актылардын бардык долбоорлору макулдашууга мамлекеттик жана
расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Макулдашуу жол-жобосун ыкчам жүргүзүү
зарыл учурларда актылардын долбоорлору мамлекеттик же расмий тилде жи-
берилет.
Макулдашууга жиберилүүчү актылардын долбоорлорунун тексттери мам-
лекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүү менен па-
рафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору милдеттүү түрдө Өкмөт
мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен макулдашылууга тийиш.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы (калктын жашоо дењгээ-
лин жана кирешелерин, эмгек акыларын жогорулатуу, пенсиялык жана соци-
алдык камсыздоо, эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, социалдык өнөктөш-
түк жана эмгек мамилелери) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору мил-
деттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү ми-
нистрлиги менен макулдашылат жана министрликтин корутундусу болгондо
гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, аткаруу бийлиги орган-
дарынын жана түзүлүүчү же иштөөчү (убактылуу же туруктуу) органдардын
(кењештердин, комиссиялардын, топтордун, комитеттердин ж.б.) алкагында
мамлекеттик уюмдардын жетекчилери кабыл алуучу же протоколдор менен та-
ризделген тиешелүү кењешмелердин (жолугушуулардын, консультациялардын,
талкуулардын ж.б.) чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимде-
ринин жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын тие-
шелүү долбоорлорун даярдоодо алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эс-
ке алуу менен кийин макулдашуу катары кабыл алынышы мүмкүн.
Өкмөттүн нормативдик укуктук актылардын бардык долбоорлору кызык-
дар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомство-
лор менен макулдашылгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) менен милдеттүү түрдө
макулдашылууга тийиш.
Юстиция министрлигинде макулдашуу процедурасын жүргүзүү үчүн акты-
нын долбоорун түзүүгө демилгечи болгон министрлик же ведомство кызыкдар
министрликтерден жана ведомстволордон алынган сын-пикирлердин жана су-
нуштардын негизинде түзүлгөн кайчы пикирлер матрицасын кызыкдар минист-
рликтен жана ведомстводон алынган тигил же бул сын-пикирди эске алуунун
же албоонун кыскача негиздемеси менен жиберет.
Корутундунун жана макулдашуу барагынын көчүрмөлөрүн тиркөө менен
актынын долбоорлорунун акыркы версиясын министрликтер жана ведомстволор
Юстиция министрлигине бербеген учурда Юстиция министрлиги документти
карабастан кайра кайтарат.
Мамлекеттик-бюджеттин кирешесине же чыгашасына таасир этүүчү акты-
лардын долбоорлору макулдашуучу кењешмелердин протоколдору (эгер болсо)
жана сын-пикирлер тиркелип Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
да (мындан ары - Финансы министрлиги) корутундуга жиберилет. Финансы
министрлиги корутундусунда тийиштүү чечимди кабыл алуунун мамлекеттик
бюджетке жана бюджеттик эмес фонддорго тийгизүүчү таасирине баа берет.
Техникалык жөнгө салуу (продукцияга, процесстерге карата милдеттүү
талаптарды аныктоо, стандартташтыруу, сертификаттоо, экспертиза, бул
тармактагы аккредитация) тармагындагы актылардын долбоорлору милдеттүү
түрдө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лиги (мындан ары - Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги) менен
макулдашылып, Өкмөттүн кароосуна анын макулдук берген корутундусу бол-
гондо гана киргизилүүгө тийиш.
Макулдашуучу кењешменин протоколдорун (алар болгон учурда), пикир-
лердин матрицасын тиркөө менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн макроэкономикалык
көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизген актылардын долбоорлору, ошондой эле
регулятивдик таасирди талдоонун натыйжаларынын негизинде таризделген
түшүндүрмө катты тиркөө менен ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуу-
чу актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Эконо-
микалык өнүктүрүү жана соода министрлигине макулдашууга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лиги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тиешелүү чечимдердин таасирине
баа берет жана ишкердик субъекттеринин ишине карата регулятивдик таасир
жүргүзүүнү талдоонун жыйынтыгына. Мында бул маселелер боюнча актылардын
долбоору оњ корутунду алганда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ка-
роосуна киргизилет.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу тармагындагы мами-
лелерди, ошондой эле администрациялык имараттан башка мамлекеттик мүлк-
тү бекитип берүүнү жөнгө салуучу актылардын долбоорлорун Өкмөткө Кыргыз
Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы киргизет.
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору мамлекет-
тик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү
бекитип берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органына аныкталган тартипте кайрылууга тийиш, түш-
көн сунуштарды кароонун жыйынтыгы менен ал Өкмөткө киргизүү үчүн Өкмөт-
түн тийиштүү чечиминин долбоорун даярдоого тийиш.
Эл аралык кызматташтык маселелери боюнча актылардын долбоорлору
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылууга ти-
йиш.
Финансы жана банк ишмердигине байланыштуу актылардын долбоорлору
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын корутундусу болгондо Өкмөт та-
рабынан каралат, ал сунуштоочу мүнөзгө ээ.
Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей ти-
ешелүү, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу актылардын дол-
боорлору милдеттүү түрдө ошол долбоорду иштеп чыккан органдын расмий
WЕВ-сайтына жана Юстиция министрлигинин сайтына эки ай бою коомдук тал-
куулоо үчүн жарыяланууга тийиш. Ал долбоордун ишеп чыгуучусу болгон ор-
гандын чечими боюнча актылардын долбоорлорун жалпыга маалымдоо каражат-
тарына да жарыялоого болот.
Түшкөн сунуштар жана пикирлер долбоорлорду толуктап иштеп чыгууда
аныкталган тартипте каралууга тийиш. Түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер,
ошондой эле коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө корутунду информация
маалымкатта көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 633, 2008-жылдын
11-июлундагы N 375, 2008-жылдын 12-сентябрындагы N 511, 2008-жылдын
25-декабрындагы N 714, 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомдорунун
редакциясына ылайык)
57. Өкмөттүн актысынын долбоору кайчы пикирлер менен Өкмөткө кайчы
пикирлердин жана/же макулдашуучу кењешменин протоколу жана сын-пикирдин
түп нускасы менен гана, сын-пикири бар тийиштүү жетекчилер же алардын
орун басарлары койгон колдор менен киргизилиши мүмкүн.
58. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-
стволор жана аткаруучу бийликтин башка органдары Өкмөттүн өтүп жаткан
жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизилген мыйзамдар-
дын долбоорлорун Юстиция министрлиги менен макулдашылгандан кийин жал-
пыга тааныштырууга Юстиция министрлигинин WEB-сайтына жайгаштыруу мак-
сатында кагаз варианты менен кошо электрондук вариантын дагы мамлекет-
тик жана расмий тилдерде берүүгө милдеттүү.
59. Актылардын долбоорлору Өкмөткө ушул Регламенттин 52 жана
54-пункттарында каралган, же 53 жана 55-пункттарга ылайык таризделген
макулдашуу болгондо киргизилет.
Өкмөткө ушул Регламентте аныкталган эрежелерди бузуу менен кирги-
зилген актылардын долбоорлору төмөнкүдөй тартипте кайра артка жибери-
лет:
- токтоосуз чечүүнү талап кылган маселе боюнча актылардын долбоор-
лору, ошондой эле Өкмөтгүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министр-
лердин тапшырмаларын аткаруу үчүн киргизилген долбоорлор түшкөндөн кий-
ин 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен тиешесине жараша Премьер-министр-
дии, вице-премьер-министрлердин чечими боюнча, кайра жиберүүнүн себебин
көрсөтүү менен;
- Өкмөткө ушул Регламентте аныкталган эрежелерди бузуу менен кир-
гизилген башка актылардын долбоорлору 5 күндүк мөөнөттөн кечиктербестен
Өкмөттүн Аппараты тарабынан, кайра жиберүүнүн себебин көрсөтүү менен;
- актылардын долбоорлору түшкөндөн кийин 5 күндүк мөөнөт өткөн соњ
Премьер-министрдин же вице-премьер-министрлердин чечими боюнча гана
кайра артка жиберилет;
- кол коюуга укук берилбеген адамдардын колу менен түшкөн долбоор-
лор кароого алынбайт жана ушул Регламенттин 9-пунктунда көрсөтүлгөн же-
текчилерге Өкмөттүн Аппараты тарабынан кайра жиберилет.
Өкмөттүн кароосуна киргизилчү актылардын долбоорлоруна виза койгон
Өкмөт мүчөлөрү, аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетекчилери, Өк-
мөттүн Аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери
тейлеген маселелер боюнча жеке жоопкерчилик тартышат.
60. Өкмөткө ушул Регламентте белгиленген тартипте кароого кирги-
зилген Өкмөттүн чечими талап кылынуучу долбоорлорду даярдоо Өкмөттүн
Аппараты тарабынан төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- буйруктун долбоору - 15 иш күнүнөн көп эмес;
- токтомдун долбоору - 20 иш күнүнөн көп эмес;
- мыйзамдын долбоору - 30 иш күнүнөн көп эмес;
- башка актынын - 15 иш күнүнөн көп эмес.
Аталган мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-ми-
нистрлердин жана Аппарат жетекчисинин чечимдери боюнча гана жол бери-
лет.
Актылардын долбоорлорун кароого даярдоо тийиштүү башкармалыктардын
жана бөлүмдөрдүн эксперттик корутунду жазышын, маселени кароо протоко-
лунун долбоорун даярдоону (зарыл болсо) жана кол коюу үчүн документтер-
ди тариздөөнү камтыйт.
Актылардын долбоорлорун кароого даярдоонун тартиби ушул Регламент
жана Премьер-министрдин буйругу менен бекитилчү Өкмөттүн Аппаратында
документтер менен иштөөнүн регламенти менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы N 132 токтомунун редак-
циясына ылайык)
Карањыз: КР Премьер-министр Аппаратында документтер менен иштөөнүн
Регламенти (КР Премьер-министринин 2001-жылдын 3-сентябрындагы N 699
буйругу менен бекитилген)
61. Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү башкармалыгынын же бөлүмүнүн ак-
тынын долбооруна эксперттик корутундусу актынын долбоорун киргизүүдө
ушул Регламенттин талаптары сакталганына, Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына жана Өкмөттүн мурда кабыл алынган чечимдерине ылайыктыгына,
берилген эсептөөлөрдүн толуктугуна баа берүүнү, негиздемелерди жана су-
нушталган чечимди ишке ашыруудан болуучу социалдык-экономикалык, финан-
сылык жана башка натыйжалардын божомолун камтууга тийиш.
62. Актылардын эксперттик корутунду берилген долбоорлорун ви-
це-премьер-министрлер милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша карашат жана
Аппарат жетекчиси тарабынан Премьер-министрге кол коюу же Өкмөттүн жый-
ынына коюу үчүн берилет.
Премьер-министр же вице-премьер-министрлер актылардын долбоорун
карашынын жыйынтыгы боюнча долбоорлор аларды киргизген аткаруучу бий-
ликтин жетекчилерине толуктап иштеп чыгууга же кабыл алуунун ылайыксыз-
дыгына байланыштуу кайра жиберилиши мүмкүн.
63. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-
стволор жана аткаруучу бийликтин башка органдары Өкмөттүн кароосуна
киргизген актылардын долбоорлорун Өкмөттүн Аппараты Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу.
Өкмөттүн Аппараты тарабынан толукталып иштетилип чыккан жана аны
толуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду камтыган актылардын долбоорлору эки иш күнүнүн ичинде долбоор-
ду иштеп чыккан министрликтин, ведомстволордун жетекчиси, ал эми анын
жок учурунда статс-катчы же жетекчинин биринчи орун басары менен макул-
дашылууга (визаланууга) тийиш.
Макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркы-
луу жумуш тартибинде ишке ашырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 633, 2009-жылдын
19-февралындагы № 132 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VI. Өкмөттүк жана ведомстволор аралык координациялоочу
жана кењеш берүүчү органдар
64. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Конституциялык мыйзамынын 13-статьясында жана башка актыларда белгилен-
ген ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин чечимдери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-
нин буйруктары түрүндө ал тарабынан жекече түрдө кабыл алынат.
Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлору Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү структуралык подразделениелери тара-
бынан киргизилиши мүмкүн жана Өкмөт мүчөлөрү менен макулдашууга жат-
пайт.
65. Комиссия же уюштуруу комитети деп аталуучу координациялык ор-
гандар тийиштүү чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө аткаруучу бийликтин кы-
зыкдар органдарынын макулдашылган ишин камсыздоо үчүн Өкмөттүн же
Премьер-министрдин чечими менен түзүлөт.
Кењеш деп аталуучу кењеш берүүчү органдар маселелерди алдын ала
кароо жана алар боюнча рекомендациялык мүнөздөгү сунуштарды даярдоо
үчүн Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен түзүлөт.
Координациялык жана кењеш берүүчү органдардын компетенциялары,
ошондой эле чечим кабыл алуусунун тартиби алар жөнүндө жоболордо же
аларды түзүү жөнүндө чечимдерде аныкталат.
Координациялык жана кењешүүчү органдар өкүлдүк негизде түзүлөт.
Координациялык жана кењеш берүүчү органдардын курамына чечүү үчүн алар
түзүлгөн маселеге жараша аткаруучу бийликтин тийиштүү органдарынын
өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле мыйзам чыгаруучу бийликтин, илимий
уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн,
алар координациялык органда кењеш берүүчү добушка ээ болушат.
Материалдарды жана актылардын долбоорлорун тез жана сапаттуу даяр-
доо үчүн координациялык жана кењеш берүүчү органдар өз чечими менен жу-
мушчу топторду түзө алышат.
Координациялык жана кењешүүчү органдардын чечимдери жыйындын про-
токолу менен таризделет.
Эгер мыйзамдар же Өкмөттүн актылары менен башкача белгиленбесе,
координациялык жана кењеш берүүчү органдар өз компетенцияларына жараша
кабыл алуучу чечимдер аларга өкүл болуп катышкан бардык аткаруучу бий-
лик органдары үчүн милдеттүү болот.
66. Убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтор мыйзамдарда, Кыргыз
Республикасынын Президентинин актыларында жана тапшырмаларында,
Өкмөттүн токтомдорунда каралган учурларда түзүлөт жана Премьер-министр
же башка Өкмөт мүчөлөрү жетектейт.
Убактылуу комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү, өзгөртүү жана
жоюу, алардын компетенциясын аныктоо, алардын жетекчилерин жана персо-
налдык курамын бекитүү Өкмөт же Премьер-министр тарабынан ишке ашыры-
лат.
Убактылуу комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишин уюштуруучу-
лук-техникалык камсыздоо жетекчиси комиссиянын же топтун жетекчиси бол-
гон аткаруу бийлик органына же Өкмөттүн Аппаратына жүктөлөт.
67. Уюштуруу комитеттери жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды
белгиленген мөөнөттө өткөрүү үчүн түзүлөт.
Уюштуруу комитеттерин түзүү, өзгөртүү жана жоюу, алардын компетен-
циясын аныктоо, жетекчилерин жана персоналдык курамын бекитүү Өкмөт та-
рабынан ишке ашырылат.
Уюштуруу комитеттерин эреже катары министр же министрдин орун ба-
сары, аткаруучу бийликтин башка органынын жетекчиси же орун басары баш-
карат. Уюштуруу комитетин башкаруу тењтөрагаларга жүктөлүшү мүмкүн.
Уюштуруу комитеттеринин ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо
жетекчиси же жетекчисинин орун басары уюштуруу комитетинин төрагасы
болгон аткаруучу бийлик органына жүктөлөт.
Уюштуруу комитети өзүнүн ишин анын төрагасы чечүү үчүн уюштуруу
комитети түзүлгөн маселе чечилгени жөнүндө берген доклад Өкмөттө жакты-
рылгандан кийин токтотот.
68. Ведомстволор аралык комиссиялар жана кењештер тармактар аралык
маанидеги маселелерди чечүү же кароо үчүн түзүлөт.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кењештерди түзүү, өзгөртүп
түзүү жана жоюу, алардын компетенциясын аныктоо, алардын жетекчилерин
жана персоналдык курамын бекитүү эреже катары аткаруучу бийликтин кы-
зыкдар органдары менен бирдикте ишке ашырылат. Аткаруучу бийликтин
көрсөтүлгөн органдарынын биргелешкен чечими приказ же буйрук менен та-
ризделет жана ошол органдардын жетекчилери кол коюшат.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кењештерди түзүү, өзгөртүп
түзүү жана жоюу, алардын компетенциясын аныктоо, алардын жетекчилерин
жана персоналдык курамын бекитүү маселелери боюнча пикирлер келишпеген
учурда ал Өкмөттө каралат.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кењештерди эреже катары ми-
нистр же министрдин орун басары, аткаруучу бийликтин башка органынын
жетекчиси же орун басары башкарат. Ведомстволор аралык комиссияларды
жана кењештерди башкаруу тењтөрагаларга жүктөлүшү мүмкүн.
Ведомстволор аралык комиссиялар жана кењештер Өкмөттүн чечими та-
лап кылынган маселе боюнча ушул Регламентте аныкталган тартипте ти-
йиштүү сунуштарды киргизишет.
Ведомстволор аралык комиссиялардын жана кењештердин ишин уюштуруу-
чулук-техникалык камсыздоо жетекчиси же жетекчисинин орун басары уюшту-
руучу комиссиянын же кењештин төрагасы болгон аткаруучу бийлик органына
жүктөлөт.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кењештерди түзүү, өзгөртүп
түзүү жана жоюу жөнүндө, ошондой эле алардын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
алардын төрагалары Өкмөткө маалымдашат.
VII. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши.
Мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу
69. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Өкмөт мыйзам чы-
гаруу демилгеси укугун ишке ашыруу аркылуу мыйзам чыгаруу ишмердигин
жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши ал өзү бекитүүчү мыйзам долбо-
орлоо иштеринин планына, Өкмөттүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну ка-
раштырган башка актыларына ылайык жүргүзүлөт.
71. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планынын долбоорлорун Юсти-
ция министрлиги аткаруучу бийлик органдарынын сунушунун негизинде
түзөт. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планына киргизиши үчүн Юстиция
министрлигине берилчү мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө сунушта
мыйзамдын долбоорунун жумуштук аталышы жана концепциясы, негизги атка-
руучу болгон аткаруучу бийлик органынын аталышы, кошо аткаруучулардын
тизмеси жана мыйзам долбоорун Өкмөттө кароонун жана Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешине киргизүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү камтылууга ти-
йиш.
Өкмөттүн мыйзам чыгаруучу ишинин пландарынын долбоорлорун Юстиция
министрлиги баштапкы экспертизалык баа берүү жүргүзүлгөндөн кийин мый-
зам долбоорлорнун концепцияларын тиркөө менен Өкмөткө аныкталган тар-
типте киргизет.
72. Юстиция министрлиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-
дин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка
органдарынын ушул Регламенттин 70-пунктунун талаптарына жооп бербеген
сунуштарын Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизбей коюуга укук-
туу.
73. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Президентине Өкмөттүн мыйзам дол-
боорлоо иштери жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча тапшырмаларын Өкмөттө аткаруунун
жүрүшү жөнүндө маалымдайт.
74. Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгесине укугун ишке ашырып мыйзамдар-
дын долбоорлорун караш жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
киргизет, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Президентинин мыйзам чыгаруу иштерине катышат.
Өкмөт зарылдыгына жараша Өкмөт тарабынан демилге кылынган жана ке-
чиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлорунун тизмесин кезектен
тышкаркы тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы N
850 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Мыйзам долбоору кароо үчүн Өкмөткө төмөнкүдөй материалдар ме-
нен берилет:
- мыйзам жөнгө салынуучу предметтин баяндалышын жана мыйзам долбо-
орунун концепциясын камтыган түшүндүрмө кат;
- финансылык-экономикалык негиздеме;
- ушул мыйзам долбоорду киргизгенге байланыштуу күчүн жоготту деп
эсептелүүчү, өзгөртүлүүчү, толукталуучу же кабыл алынуучу Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин жана Өкмөтүнүн мыйзам долбоордун иштешин камсыздоо үчүн ке-
ректүү актыларынын толук тизмеси;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорду жактыруу, мыйзам долбоорду Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешине киргизүү жана мыйзам долбоор Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурдагы Өкмөттүн расмий өкүлүн
дайындоо жөнүндө токтомунун долбоору
76. Аткаруучу бийлик органдарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине мыйзам долбоорун киргизүүсүнө жана мыйзам долбоорлорун мыйзам
чыгаруу демилгеси укугунун башка субъекттерине өткөрүп берүүгө жол бе-
рилбейт.
77. Мыйзам долбоорун Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркеп киргизет.
Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилчү
мыйзам долбоору боюнча Өкмөттүн расмий өкүлү дайындалат.
Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктары толук же чектелүү болушу мүмкүн,
анын көлөмү тапшырмада аныкталат. Ыйгарым укуктун толук көлөмүндө рас-
мий өкүлдүн айтып, стенограммага жазылган сөзү каралып жаткан маселе
боюнча Өкмөттүн пикири болуп эсептелет. Ыйгарым укуктун чектелген
көлөмүндө мыйзамдардын долбоорун талкуулоо учурунда киргизилчү
өзгөртүүлөрдү расмий өкүл Өкмөт менен мурдатан макулдашуусу керек.
Өкмөттүн расмий өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жа-
на анын комитеттеринин Кыргыз Республикасынын тигил же бул актысынын
Өкмөт киргизген долбоорун караган жыйындарына аныкталган тарипте каты-
шат.
Өкмөт киргизилген мыйзамдын долбоорун же башка актыны мыйзам дол-
боорун же башка актыны кайра сурап алуу жөнүндө тийиштүү документ даяр-
доо жолу менен, ал Жогорку Кењештин жыйынында каралганга чейин кайра
алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен Өкмөттүн ортосун-
дагы өз ара иштешүүнү жана байланышты камсыздоо үчүн Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинде Өкмөттүн туруктуу өкүлү болот.
Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйындарына
катышат, Өкмөт мүчөлөрүнүн, башка кызмат адамдарынын, чакырылгандардын
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын комитеттеринин (комисси-
яларынын) жыйынына катышуусун камсыздоого милдеттүү, сунуштарды кирги-
зет жана каралып жаткан башка маселелер боюнча түшүндүрмө берет.
Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитетте-
ринин ишине Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде киргизген мыйзам
долбоорлорун кароодо катышат.
Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизүүчү мыйзам
долбоорлору боюнча бардык токтомдорго жана корутундуларга Өкмөттүн Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлү виза коюуга ти-
йиш.
79. Аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери Өкмөттүн Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешиндеги расмий жана туруктуу өкүлдөрүнө Өкмөт
демилге көтөргөн мыйзам долбоорлорун жылдырууда жана кабыл алууда ке-
ректүү маалматтарды берүү, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин комитеттеринде каралганда катышуу, Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин депутаттары менен жолугушууларды, консультация-
ларды жана кењешмелерди өткөрүү, керектүү адистерди жиберүү ж.у.с. жол-
дор менен ар тараптуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Аткаруучу бийлик ор-
гандарынын жетекчилерин мыйзам долбоорлорун жылдырууга жана кабыл алуу-
га тартуу Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги расмий
жана туруктуу өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылат.
Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу
өкүлдөрүн Өкмөттүн тийиштүү чечими менен гана алмаштырууга болот.
80. Кезектеги финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө
мыйзамдын долбоорун Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык иштеп чыгат.
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата аткаруучу
бийликтин органдары иштеп чыгуучу материалдарды жана сунуштарды алар
Финансы министрлигине беришет. Министрликтердин карамагындагы башка ат-
каруучу бийлик органдарынын сунуштарын Финансы министрлигине тийиштүү
министрликтер беришет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилчү мыйзам долбоор-
лорун жана башка документтерди иштеп чыгуучу министрликтер республика-
лык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен кошо аларды Өкмөткө кирги-
зүү үчүн Финансы министрлигине жиберишет.
81. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын Өкмөттө жактырылган
долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган документтерди жана материалдарды тиркөө менен
киргизилет.
82. Өтүп жаткан жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун Өкмөт Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешине өзгөчө учурларда, чыккан кошумча чыгымдарды
каржылоонун же республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн мүмкүн болгон
кем түшүүлөрүн жабуунун булактарын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен кир-
гизет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N
633 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин иш-аракетине катышуу тартиби
83. Өкмөт мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин рег-
ламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин, анын комитеттеринин заседаниелерине каты-
шып жана чыгып сүйлөй алат.
Өкмөт мүчөлөрү заседаниеге чейин кеминде 5 күн мурда алынган Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чакыруусу боюнча "Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
заседаниесине катышууга жана депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө
милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин заседаниесине чакырылган
Өкмөт мүчөсү бул тууралуу Премьер-министрге маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин заседаниесине катышууга
мүмкүн болбой калган учурда Өкмөт мүчөсү заседаниеге келип жана коюлган
суроолорго жооп бере турган кызмат адамын көрсөтүү менен өзүнүн келал-
бай калуусунун себеби тууралуу өз учурунда Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешине билдирет.
84. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттери тарабынан
алардын карамагындагы маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуу жибе-
рилген Өкмөт мүчөлөрү жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кароонун жыйынтык-
тары жана көрүлгөн чаралар тууралуу тийиштүү комитеттерге алар менен
макулдашылган мөөнөттөрдө билдиришет.
85. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы
N 633 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
86. Өкмөттүн корутундуларын, түзөтүүлөрүн жана расмий пикирлерин
даярдоо министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Финансы-экономикалык негиздемеси жана башка керектүү материалдары
менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен Өкмөткө макулдашууга
түшкөн мыйзам долбоору эки жумалык мөөнөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан
тиешелүү министрликтерге, аткаруу бийлигинин башка органдарына, анын
ичинде милдеттүү түрдө Финансы министрлигине, Экономикалык өнүктүрүү
жана соода министрлигине жана Юстиция министрлигине корутундунун дол-
боорун даярдоо үчүн жиберилет, алар өздөрүнүн сунуштарын негизги атка-
руучуга мыйзам долбоору Өкмөткө келип түшкөн датадан тартып 15 күндүк
мөөнөттөн кечиктирбестен жиберишет.
87. Финансы-экономикалык негиздемесиз жана башка керектүү матери-
алдарсыз Өкмөткө корутундуга келип түшкөн мыйзам долбоору Премьер-ми-
нистр тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине корутунду
берүүгө мүмкүн болбогон себепти билдирүү менен кайра кайтарылат.
88. Негизги аткаруучу Өкмөткө мыйзам долбоору келип түшкөн датадан
тартып 20 күндүк мөөнөттө корутундунун долбоорун же расмий пикирди да-
ярдоону, аны макулдашууну жана Өкмөткө берүүнү камсыз кылат,
көрсөтүлгөн мөөнөттө корутундуну берүү мүмкүн болбогон учурда мөөнөттү
узартууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен макулдашат жана
жетишилген макулдашуу тууралуу жазуу жүзүндө Өкмөткө билдирет.
Пикир, сын-пикир жана сунуш берүүнү сурап Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинен Өкмөткө келип түшкөн мыйзам долбоорлору 2 күндүк мөө-
нөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан аткаруу бийлигинин тийиштүү органда-
рына Өкмөттүн расмий пикиринин долбоорун даярдоо үчүн жиберилет.
89. Өкмөттүн корутундуларынын, түзөтүүлөрүнун жана расмий пикирле-
ринин долбоорлорун даярдоо тењ аткаруучулардын материалдарды берүүсүнүн
ушул Регламенттин 43 жана 87-пункттарында каралган мөөнөттөрүн сактоо
менен Өкмөткө мыйзам долбоорлору келип түшкөн датадан тартып 20 күндүк
мөөнөттө ишке ашырылат. Эгерде Жогорку Кењеш Өкмөт менен кыйла кыска
мөөнөттү макулдашса негизги аткаруучу тийиштүү долбоорлорду оперативдүү
даярдоону уюштурат.
90. Өкмөттүн корутундуларынын, түзөтүүлөрүнүн жана расмий пикирле-
ринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен жана аткаруу
бийлигинин тиешелүү органдарынан түшкөн бардык материалдарды тиркөө ме-
нен Өкмөткө аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерн же болбосо алардын
милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан гана киргизилет.
Өкмөттүн корутундуларынын, түзөтүүлөрүнүн жана расмий пикирлеринин
долбоорлору боюнча жайгарылбаган пикир келишпестиктер Премьер-минист-
рдин, ал жок болсо Биринчи вице-премьер-министрдин кароосуна киргизи-
лип, ал биротоло чечимди кабыл алат.
91. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен өз ара
аракети Өкмөт мүчөлөрү жана Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешиндеги туруктуу өкүлү тарабынан уюштурулат.
Комитеттердин суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешине аткаруу бийлик органдары тарабынан берилүүчү материалдардын
көчүрмөлөрү Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги турук-
туу өкүлүнө жиберилет.
92. Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге берилген парла-
менттик суроо-талапка жооптун долбоору алардын тапшыруусу боюнча атка-
руу бийлик органдары тарабынан даярдалат.
Парламенттик суроо-талапка жооп суроо-талапты алган датадан тартып
30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен оозеки (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин заседаниесинде) же жазуу жүзүндө Премьер-министр, ви-
це-премьер-министрлер тарабынан берилет.
Өкмөткө, Премьер-министрге же вице-премьер-министрлерге депутаттык
суроо-талапты Өкмөттүн Аппараты аткаруу бийлик органдарына жооп даярдоо
жана берүү үчүн жиберет. Жооп аткаруучу бийлик органынын тийиштүү же-
текчиси же анын орун басары тарабынан Өкмөткө депутаттык суроо-талап
түшкөн датадан тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен берилет.
93. Карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кењештин комитеттери
менен комиссияларынын Өкмөткө келип түшкөн, Премьер-министрге же ви-
це-премьер-министрлерге кайрылуулары жооп даярдоо жана берүү үчүн иш
жүргүзүү чөйрөлөрүнө ылайык аткаруучу бийлик органдарына Өкмөттүн Аппа-
раты тарабынан жиберилет.
Кайрылууларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө тиешелүү комитеттерге
же комиссияларга алар менен макулдашылган мөөнөттө билдирилет. Зарыл
учурларда билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү Өкмөткө жиберилет.
IX. Өкмөттүн сот бийлигинин органдары менен өз ара
мамилелеринин тартиби
94. "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Конституциялык мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын
башка мыйзам актыларына ылайык Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституци-
ялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары ме-
нен өз ара аракетте соттордун иш-аракетин финансылык камсыздоо
бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгат.
95. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун төрагалары жана Юстиция министрлигине караш-
туу Сот департаментинин директору пикир келишпестиктерди четтетүү мак-
сатында соттордун иш-аракетин финансылык камсыздоо бөлүгүндө республи-
калык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоого катышат.
Пикир келишпестиктер болсо Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конститу-
циялык сотунун жана Кыргыз Рсспубликасынын Жогорку сотунун төрагалары-
нын сунуштарын республикалык бюджеттин долбооруна киргизет жана өзүнүн
корутундусун тиркейт.
96. Мыйзамдардын же алардын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту конституциялык эмес деп тапкан учурда Өкмөт өз ый-
гарым укуктарынын чектеринде "Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-
ту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чараларды көрөт.
Тиешелүү соттор Өкмөттүн актыларын же алардын айрым жоболорун Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга жана Кыргыз Республи-
касынын Президентинин жарлыктарына ылайык келбейт деп тапкан учурда Өк-
мөт көрсөтүлгөн актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат. Соттордун чечимдери Өкмөттүн тиеше-
лүү актылары жиберилген бардык органдар менен уюмдарга Өкмөт тарабынан
дароо жеткирилет.
97. Өкмөттүн үстүнөн доо же башка талаптар сотко берилген учурда
Өкмөттүн же анын Аппаратынын жетекчилиги сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын
көрсөтүү үчүн аткаруучу бийлик органына тапшырма жиберет.
Премьер-министрдин буйругу же тапшырмасы менен пайда болгон та-
лаш-тартышты чечүү үчүн сотко Өкмөттүн кайрылуу зарылдыгы болгон учурда
тиешелүү доо же башка талаптарды берүү жана сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын
көрсөтүү Өкмөттүн Аппаратына же тиешелүү аткаруучу бийлик органына
(билдирилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын (Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-
тунан тышкары) бардык сот инстанциялардагы сот заседаниелеринде Өкмөт-
түн кызыкчылыгын көрсөтүүгө ишеним катты берүү укугу Кыргыз Республика-
сынын Жарандык процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жа-
зык-процесстик кодексинде белгилеген өкүлдүн ыйгарым укуктарын аныктоо
менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр та-
рабынан, ал эми ал жок учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат
жетекчисинин орун басары тарабынан ишке ашырылат.
Сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн ишеним кат Өкмөттүн Ап-
паратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруу
бийлигинин башка органдарынын жана алардын ведомстволук органдарынын
(борбордук аппаратта, аймактык жана башка органдарда) штатында турган
адамга же тартылуучу адвокатка берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 132 токтомунун редак-
циясына ылайык)
98. Сотто Өкмөттүн өкүлү болгон аткаруучу бийлик органы Кыргыз
Республикасынын процесстик мыйзамдарында соттук чечимдердин үстүнөн
даттануу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде ишти сотто кароонун жыйын-
тыктары жөнүндө Өкмөткө билдирүүгө милдеттүү.
Өкмөткө коюлган талаптарды сот канааттандырган учурда (Кыргыз Рес-
публикасынын карыздык милдеттенмелерине байланыштуу доо же башка талап-
тардан тышкары) аткаруу бийлигинин тиешелүү органы кабыл алынган чечим
жөнүндө белгиленген тартипте дароо билдирет, соттун чечиминин үстүнөн
даттануу жөнүндө, ал эми соттун чечими күчүнө кирсе - аны аткаруу чара-
лары жөнүндө сунуш киргизет.
99. Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланыштуу
Өкмөткө коюлган доо же башка талаптарды сотто кароонун жыйынтыктары ту-
уралуу маалымат Өкмөткө сот процессинин жүрүшүндө кечиктирилгис кырда-
алдар келип чыкпаса, отчеттук жарым жылда каралган бардык иштер боюнча
январь жана июлдан кечиктирбестен берилет.
X. Токтомдордун, тапшырмалардын жана протоколдук
тапшырмалардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу
тартиби
100. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-
рациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын иш-
терин координациялайт.
101. Премьер-министр, Вице-премьер-министрлер же Аппарат жетекчиси
тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-
стволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар тапшырмаларды аткарышынын жүрүшүн жана жыйынтыктарын
үзгүлтүксүз карашат жана кемчиликтерди жоюу, оорчулуктарды жоюу боюнча
оперативдүү тартипте чараларды көрүшөт, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, Өкмөттүн
чечимдерии аткаруунун жүрүшү тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын башкармалык-
тарынын начальниктеринин, бөлүм башчыларынын маалыматтарын угушат жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, тапшырмаларын контролдон
алуу жөнүндө чечим кабыл алышат.
102. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премь-
ер-министрлердин иштерин уюштуруучулук, маалыматтык жана жетекчи кадр-
ларын тандоо жана жайгаштыруу боюнча Өкмөттүн жетекчилигине сунуш кир-
гизүүгө;
- Өкмөттүн Аппараттын башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн компетен-
циясына кирүүчү маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитет-
тердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка ор-
гандарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринен
зарыл маалыматтарды сурап алууга.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери зарыл
учурларда эл аралык уюмдардын, компаниялардын, фирмалардын өкүлдөрү ме-
нен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн, кењешмелердин, жолугушуулардын жыйынтык-
тары боюнча протоколдорду, ањгемелешүүлөрдүн жазууларын жетишилген на-
тыйжаларды жана белгиленген чараларды көрсөтүү менен Өкмөттүн Аппараты-
на беришет.
Протоколдор иш-чараларды өткөргөн күндөн тартып беш күндүк
мөөнөттө талдоо жана Премьер-министрге маалымат берүү үчүн Аппарат Же-
текчисине берилет.
XI. Өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелөө
(түшүндүрүү)
103. "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-статьясына ылайык Өкмөттүн токтом-
дору менен буйруктарын расмий чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) Аппарат Жетек-
чисинин буйругу менен бекитилген циркулярдык кат (түшүндүрмө) түрүндө
Өкмөттүн Аппараты берет.
Өкмөттүн мурда кабыл алынган чечимин расмий чечмелөөнү камтыган
циркулярдык катты (түшүндүрмөнү) бекитүүчү буйруктун долбоору Өкмөттүн
Аппаратына мазмуну чечмелөөгө (түшүндүрмөгө) муктаж болгон Өкмөттүн че-
чиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлик органы тарабынан киргизи-
лет. Буйруктун долбооруна чечмелөөнүн (түшүндүрмөнүн) долбоорун даярда-
ган мамлекеттик органдын жетекчиси, Юстиция министрлигинин жетекчилиги,
ошондой эле тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жа-
на уюмдардын жетекчилери милдеттүү түрдө кол коюшат.
Аппарат Жетекчисинин буйругунун долбоору Өкмөттүн Аппараты тарабы-
нан таризделет жана ушул Регламентте белгиленген тартипте чыгарууга да-
ярдалат.
104. Өкмөттүн чечимдерин чечмелөөнү камтыган циркулярдык катты
(түшүндүрмөнү) бекиткен Аппарат Жетекчисинин буйругу Өкмөттүн токтомдо-
ру жана буйруктары менен катар белгиленген тартипте кодификацияланууга
жана сакталууга тийиш.
XII. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартиби
105. Өкмөт өзүнүн компетенциясынын чектеринде жарандардын кайрылу-
уларын кароону, алар боюнча чечимдерди кабыл алууну жана мыйзамда бел-
гиленген мөөнөттө жооп жиберүүнү камсыздайт. Ушул максаттарда Өкмөт жа-
рандарды Өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын кабыл алуусун
жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар менен иштөөнү уюштурат.
Өкмөттө сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароо, ошондой
эле жарандарды кабыл алуу "Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана дат-
танууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,
башка мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына,
Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимдерине ыла-
йык жүргүзүлөт.
106. Өкмөт мүчөлөрү тарабынан жарандарды кабыл алуу Аппарат Жетек-
чиси квартал сайын бекитүүчү график боюнча аптанын белгиленген күндө-
рүндө жүргүзүлөт. Жарандарды кабыл алууга каттоону жана кабыл алууну
уюштуруу Өкмөттүн Аппараты тарабынан камсыздалат. Жарандарды кабыл
алуунун натыйжалары боюнча чечимдердин аткарылышын уюштуруу каралган
маселе компетенциясына кирген аткаруу бийлик органдарына жүктөлөт.
Жарандардын Өкмөткө келген жеке жана жамааттык жазуу жүзүндөгү
кайрылуулары менен иштөөнү Өкмөттүн Аппараты уюштурат. Кайрылуу мазму-
нуна жараша Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге (бөлүштүрүлгөн
милдеттерге ылайык) же Аппарат Жетекчиcине билдирилет, же Өкмөттүн Ап-
параты кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген аткаруучу
бийлик органдарына кароо жана жооп берүү үчүн жиберет.
107. Өкмөттүн Аппараты жарандардын Өкмөткө келген каттарын, арыз-
дарын жана даттанууларын иликтейт жана жалпылайт, бул иштин абалы туу-
ралуу Өкмөттүн жетекчилигине маалымат берет; жарандардын сунуштарын,
арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды кабыл алуу боюнча айрым ми-
нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-
лордун, аткаруу бийлигинин борбордук башка органдарынын иштерин дайыма
текшерет жана бул иштеги аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуш-
тарды даярдайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 34
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы №132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1…Постановление · 19.02.2009 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Постановление · 30.12.2007 · № 633 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4…Постановление · 13.12.2006 · № 850 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы №333 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна…Постановление · 08.05.2006 · № 333 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (34)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 4-августундагы № 123(Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн…Распоряжение · 04.08.2009 · № 123
- Регламент работы с документами в Аппарате Премьер-министра Кыргызской Республики (Утвержден распоряжением Премьер-министра Кыргызской Республики от 26 апреля 2006 года №264)Регламент · 26.04.2006 · № 264
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 3-июлундагы № 97 (Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна…Распоряжение · 03.07.2009 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси-министрдин 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 81 буйругуРаспоряжение · 25.04.2006 · № 81
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 136 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички…Распоряжение · 10.09.2009 · № 136
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 187 (Н.Т.Турганбаевке ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.11.2009 · № 187
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин - Министрдин 2008-жылдын 21-июнундагы №49 буйругуРаспоряжение · 21.06.2008 · № 49
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 28-июлундагы № 112 (К.А. Байтилешовко ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 28.07.2009 · № 112
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 28-июлундагы № 13 (Б.Ч. Нурмурзаевага жана А.Т. Жолдошевага ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 28.07.2009 · № 113
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 13-августундагы № 126 (М.Т.Джаманкуловко жана Д.Д. Аманалиевке ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.08.2009 · № 126
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 15-сентябрындагы № 137 (Р.И. Ибраимовко ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.09.2009 · № 137
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 6-октябрындагы № 145 (Б.Т. Кудайбергеновге ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 06.10.2009 · № 145
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 21-майындагы № 73 (Т.Э. Шамбетовго ишеним кат берүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 21.05.2009 · № 73
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 30-майындагы № 77 (Н.М. Исабаевага, А.А.Туйбаевага, Ч.Т.Сулаймановага ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.05.2009 · № 77
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 30-майындагы № 78 (К.А.Байтилешовко ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.05.2009 · № 78
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 4-июнундагы № 80 (М.Т.Джаманкуловко и Д.Д. Аманалиевке ишеним катберүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 04.06.2009 · № 80
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 4-июнундагы № 81 (Аскар уулу Мирланга ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 04.06.2009 · № 81
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 9-июнундагы № 82 (Т.И.Нероновга, А.А.Исабаевага, К.К.Ашировко ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 09.06.2009 · № 82
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 19-июнундагы № 84 (Г.А.Саадабаевага ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.06.2009 · № 84
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 19-июнундагы № 85 (И.Т.Джумабаевга ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.06.2009 · № 85
34 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.