Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Т.И.Нероновга, А.А.Исабаевага, К.К.Ашировко ишеним кат берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 9-июну № 82 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1998-жылы Барскоон дарыясында болгон авариядан тартышкан моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөтүү жөнүндө Кыргыз, Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын сот органдарына доо арыздарды беришкенине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жайлык экология бөлүмүнүн башчысы Неронова Таисия Ивановнага, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканын тармактарын каржылоо башкармасынын агроөнөржай комплексин, жер казынасын пайдаланууну жана өзгөчө кырдаалдарды каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси Исабаева Аный Алиековнага жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун агрардык өнүктүрүү башкармасынын начальниги Аширов Кубат Кеңешовичке Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1998-жылы Барскоон дарыясында болгон авариядан тартышкан моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн беришкен доо арыздар боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.