КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Р.И. Ибраимовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 15-сентябры № 137 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жарандар К.Асаналиевдин, Р.Бобушевдин ж.б. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 21-февралындагы № 75 "Аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын кызматчыларынын пенсиясынын эсебине кошулуучу пай акчаларынын өлчөмү жөнүндө" токтомун жараксыз деп табуу тууралуу доо арызын карап жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сот органдары менен иштөө жана укуктук колдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Ибраимов Рустам Изираиловичке аталган арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 февраля 1994 года №75 "О размере пайковых денег, включаемых в расчет пенсии военнослужащих и сотрудников органов внутренних дел"Постановление · 21.02.1994 · № 75 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.