Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 августа 2010 года №168 "О Регламенте Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-08-18.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 19-февралы № 132
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Нормативдик укуктук актыларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорула-
туу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 21-пункттун экинчи абзацындагы "маселенин мазмуну жана аны кароо
мөөнөтү жагынан өзгөртүү жөнүндө чечимди Премьер-министр" деген сөздөр
"маселени пландан алып салуу Премьер-министрдин жеке өзү же" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктта:
биринчи абзацта "үч күндөн кечиктирбей" деген сөздөр "үч иш күндөн
кечиктирбей" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацта "5 күнгө чейинки мөөнөттө" деген сан жана сөздөр "5
иш күнгө чейинки мөөнөттө" деген санга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- 42-пунктта:
экинчи абзацта "эки жана үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "эки жа-
на үч иш күндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгер тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тапшырма он иш
күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир
айга чейин узартылышы мүмкүн.";
- 47-пунктта:
биринчи абзацы "коштоочу кат," деген сөздөрдөн кийин "макулдашуу
барагы," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толук-
талсын:
"Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү актылардын долбоорлорунун текс-
ттери мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүү
менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Эгерде актынын долбоорунун текстинин көлөмү он машинкалык жазуу
барагынан ашык болсо, документтин арт жагына штамптарды коюуга жол бе-
рилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:
"47-1. Макулдашуу барактары, аларга кол коюлган күндөн үч ай
өткөндө берилсе, кароого жатпайт.
Макулдашуу мезгилинде жетекчинин алмашуусу актынын долбоорлорун
кайра макулдашуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.";
- 48-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзамдарда каралган учурларда Өкмөткө берилүүчү чечимдердин дол-
боорлоруна иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү адистештирилген
экспертизалардын жыйынтыктары (гендерлик, коррупцияга каршы, экология-
лык, укук коргоочулук ж.б.у.с.) тиркелүүгө тийиш.";
- 50-пунктта:
бешинчи абзацы "(жетекчи)" деген сөздөн кийин ", аты-жөнүнүн би-
ринчи тамгаларын жана күнүн көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толук-
талсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Мында Өкмөт мүчөлөрүнүн коюлган колдорунун жалпы саны көпчүлүгүн
түзүшү керек.";
- 56-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Макулдашууга жиберилүүчү актылардын долбоорлорунун тексттери мам-
лекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүү менен па-
рафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.";
төртүнчү абзацтагы "актыларынын бардык долбоорлору" деген сөздөр
"нормативдик укуктук актылардын бардык долбоорлору" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Корутундунун жана макулдашуу барагынын көчүрмөлөрүн тиркөө менен
актынын долбоорлорунун акыркы версиясын министрликтер жана ведомстволор
Юстиция министрлигине бербеген учурда Юстиция министрлиги документти
карабастан кайра кайтарат.";
- 60-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. Өкмөткө ушул Регламентте белгиленген тартипте кароого кирги-
зилген Өкмөттүн чечими талап кылынуучу долбоорлорду даярдоо Өкмөттүн
Аппараты тарабынан төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- буйруктун долбоору - 15 иш күнүнөн көп эмес;
- токтомдун долбоору - 20 иш күнүнөн көп эмес;
- мыйзамдын долбоору - 30 иш күнүнөн көп эмес;
- башка актынын - 15 иш күнүнөн көп эмес.
Аталган мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-ми-
нистрлердин жана Аппарат жетекчисинин чечимдери боюнча гана жол бери-
лет.";
- 63-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен
толукталсын:
"Өкмөттүн Аппараты тарабынан толукталып иштетилип чыккан жана аны
толуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду камтыган актылардын долбоорлору эки иш күнүнүн ичинде долбоор-
ду иштеп чыккан министрликтин, ведомстволордун жетекчиси, ал эми анын
жок учурунда статс-катчы же жетекчинин биринчи орун басары менен макул-
дашылууга (визаланууга) тийиш.
Макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркы-
луу жумуш тартибинде ишке ашырылышы мүмкүн.";
- 97-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97. Өкмөттүн үстүнөн доо же башка талаптар сотко берилген учурда
Өкмөттүн же анын Аппаратынын жетекчилиги сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын
көрсөтүү үчүн аткаруучу бийлик органына тапшырма жиберет.
Премьер-министрдин буйругу же тапшырмасы менен пайда болгон та-
лаш-тартышты чечүү үчүн сотко Өкмөттүн кайрылуу зарылдыгы болгон учурда
тиешелүү доо же башка талаптарды берүү жана сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын
көрсөтүү Өкмөттүн Аппаратына же тиешелүү аткаруучу бийлик органына
(билдирилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын (Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-
тунан тышкары) бардык сот инстанциялардагы сот заседаниелеринде
Өкмөттүн кызыкчылыгын көрсөтүүгө ишеним катты берүү укугу Кыргыз Рес-
публикасынын Жарандык процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын
Жазык-процесстик кодексинде белгилеген өкүлдүн ыйгарым укуктарын анык-
тоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
тарабынан, ал эми ал жок учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-
рат жетекчисинин орун басары тарабынан ишке ашырылат.
Сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн ишеним кат Өкмөттүн Ап-
паратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруу
бийлигинин башка органдарынын жана алардын ведомстволук органдарынын
(борбордук аппаратта, аймактык жана башка органдарда) штатында турган
адамга же тартылуучу адвокатка берилиши мүмкүн.".
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген)Регламент · 04.01.2006 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон