Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин - Министрдин буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 21-июну № 49
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ
ЖЕТЕКЧИСИНИН - МИНИСТРДИН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамынын 50-статьясына жана "Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин XI бөлүмүнө ылайык:
1. "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыр-
гыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль
инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна тиркелген тү-
шүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук тиешелүү мамлекеттик органдарга, "АБМ-Авто" жоопкер-
чилиги чектелген коомуна, "Азияавтоцентр" жоопкерчилиги чектелген коо-
муна жана Кыргыз-Россиялык биргелешкен "Бишкек-Моторс" жоопкерчилиги
чектелген коомуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министрдин
2008-жылдын 21-июнундагы
№ 49 буйругу менен
бекитилген
"Автомототранспорт каражаттарын жана алардын
чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль
инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 15-февралындагы N 65 токтомуна
ТҮШҮНДҮРМӨ
"Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инс-
пекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы N 65 токтому менен бекитилген Ав-
томототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Респуб-
ликасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекция-
сында каттоо эрежелерине ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдо-
рунда жүрүүгө арналган жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюм-
дарга (анын ичинде ишканаларга, мекемелерге), Кыргыз Республикасынын
жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандарга, жарандыгы
жок адамдарга таандык болгон, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб
сантиметрден көп жана максималдуу конструктивдүү ылдамдыгы 50
км/сааттан ашкан автомототранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында мамле-
кеттик каттоонун бирдиктүү тартиби белгиленет.
Жогоруда аталган Эрежелердин 45-пунктунун биринчи абзацына ылайык
Кыргыз Республикасына ушул Эрежелердин 14-пунктунун биринчи абзацында
көрсөтүлгөн документтер боюнча алып келинген транспорт каражаттарынан
жана номерлүү агрегаттардан башка транспорт каражаттарын алгачкы кат-
тоодо, ошондой эле аны бүтүмдүн түрүнө карабастан кайра каттоодо "Жол
фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык транспорт кара-
жатынын наркына жараша белгиленген 5 проценттик жыйым алынат. Жогоруда
аталган Эрежелердин 14-пунктуна ылайык: "Транспорт каражаттарын жана
номерлүү агрегаттарды каттоо Кыргыз Республикасынын бажы органдары бер-
ген документтер (бажы күбөлүгү) бар болгон учурда гана жүргүзүлөт".
Мындан тышкары Эрежелердин 15-пунктунун ж) пунктчасына ылайык кат-
тоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн жасап чыгарган уюм, соода уюму, ишкер
берген эсеп-маалымкатты транспорт каражаттарынын менчик ээлери тапшыры-
шат.
Демек, эгер соода уюму же ишкер автомототранспорт каражаттарын чы-
гарган заводдун расмий өкүлү (дистрибьютору) болуп эсептелген учурда,
соода уюмунун же автомототранспорт каражаттарын чыгарган заводдун рас-
мий өкүлү (дистрибьютору) болуп эсептелген ишкердин атынан бажылык та-
залоо жүргүзүү каттоого негиз болуп эсептелбейт. Мында баштапкы каттоо
сатып алуучудан 5 проценттик жыйым албастан соода уюму же ишкер тарабы-
нан берилүүчү эсеп-маалымкаттын, сатып алуу-сатуу келишиминин жана бажы
күбөлүгүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Эгерде соода уюму же ишкер автомототранспорт каражаттарын чыгарган
заводдун расмий өкүлү (дистрибьютору) болуп эсептелбеген жана бажы до-
кументтерин өзүнө тариздеген учурда, үчүнчү жакка сатуу кайра каттоо
катары эсептелинет жана 5 проценттик жыйым белгиленген тартипте төлө-
нөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 15 февраля 2003 года № 65 "Об утверждении Правил регистрации автомототранспортных средств и прицепов к ним в Государственной автомобильной…Постановление · 15.02.2003 · № 65 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 01.06.1998 · № 71 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген)Регламент · 04.01.2006 · № 1
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон