Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (М.Т.Джаманкуловко жана Д.Д. Аманалиевке ишеним кат берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 13-августу № 126 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы № 215-б буйругун жараксыз деп таануу жөнүндө жаран А.А.Айдаралиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата берилген доо арызы Бишкек шаарынын соту тарабынан каралышына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин 97-пунктуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын начальниги Жаманкулов Марат Тургунбаевичке, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин контролдоо-укуктук башкармалыгынын башкы адиси Аманалиев Жаныбек Жоомартовичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган иш боюнча бардык сот инстанцияларындагы сот жыйындарында чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы № 215-б (Кыргызстандын эл аралык университети "Асыл" балдардын ден соолугун чыңдоо борборун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин…Распоряжение · 16.05.2008 · № 215-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.