Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР « О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 1997-жылдын 1-октябры N 69
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорунан башкалары 1998-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-статья. 1960-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз ССРинин Уголовный кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз ССРинин Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз ССРинин Уголовный кодекси (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведоместтери, 1960-жыл, N 40, 145-ст.), ошондой эле 1960-жылдын 29-декабрынан тартып 1998-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган мыйзамдардын жана башка нормативдик укуктук актылардын Кыргыз ССРинин Уголовный кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизген жактары күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине карама-каршы келген мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- министрликтер жана административдик ведомстволор өздөрүнүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларынын кайра каралышын жана жоюлушун камсыз кылсын.
4-статья. (1) Мындан ары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык келтирилгенге чейин мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет. (2) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланбай турган мүлктүн тизмеси (Кыргыз ССРинин Уголовный кодексине Тиркеме) 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 52-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык Кылмыш-жазасын аткаруу кодексинде жаңы Тизме бекитилгенге чейин колдонулат.
5-статья. Кыргыз Республикасынын ушул Кылмыш-жаза кодекси тарабынан киргизилген жосундун жазалуулугун жокко чыгарган же жазаны жеңилдеткен өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго байланыштуу соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүн кайра кароо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
6-статья. Ушул Кодекстин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын жалпы тартиптеги абактарда, өзгөчө тартиптеги абактарда катуу тартиптеги аялдар абактарында, эркектер үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарында, аялдар үчүн жалпы тартиптеги тарбиялоо абактарында өтөө, коомдук жумуштарга тартуу жөнүндөгү жоболору жазалардын бул түрлөрүн аткаруу үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүнө жараша Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазасын аткаруу күчүнө киргенден кийин мыйзам тарабынан колдонууга киргизилет, бирок ал 2002-жылдын 1-январынан кечиктирилбөөгө тийиш. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Кыргыз ССРинин Уголовный кодексинин 23-1-статьясына ылайык өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмышкер деп таанылган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өзгөчө тартиптеги абактар уюштурулганга чейин катаал тартиптеги түзөтүү абактарында өтөшөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
1997-жылдын 18-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 28
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Судьялар Ч.М. Уметалиеванын жана А.А. Аскарбековдун суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакцияда)…Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 21.06.2024
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-р "Жаран Адилет Талантбекович Азимовдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза…Сот практикасы · Решение · 29.12.2014 · № № 63-р
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-р "Жаран Адилет Талантбекович Азимовдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза…Решение · 29.12.2014 · № № 63-р
- Судьялар Ч.М. Уметалиеванын жана А.А. Аскарбековдун суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакцияда)…Решение Конституционного суда · 21.06.2024
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Уголовный кодекс Киргизской ССРКодекс · 29.12.1960 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 17.06.1996 · № 21 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Уголовный кодекс Киргизской ССРКодекс · 29.12.1960 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (28)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция…Постановление · 14.05.2008 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралууЗакон · 26.02.2024 · № 57
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 18-декабрындагы № 1570-IV "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.10.2009 · № 1570-IV
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор…Постановление · 09.11.2007 · № 543 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №272 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.06.2008 · № 272 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 295-б БуйругуРаспоряжение · 24.08.2007 · № 295 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасында жазаларды аткаруу системасынын ишин жакшыртуу жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар…Постановление · 16.01.2006 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №584 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 16.10.2008 · № 584 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 12.02.2007 · № 47 · Күчүн жоготкон
28 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.