Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Окмотунун корутундусу тууралуу» токтому.
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 6-июну № 272
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна,
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-статьясынын 3-пунктуна ылайык, каржылоо
булагын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-
сына жиберилсин.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 6-июнундагы
№ 272 токтому менен
жактырылган
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2008-жыл-
дын 15-майындагы № 12-1595 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү
тууралуу тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү
белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук акты-
ларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын
прокуратурасынын компетенциясына киргендиктен, сунушталган мыйзам дол-
боорунун бүткүл тексти боюнча бул мамлекеттик орган операциялык-издөө,
баштапкы тергөө жана тергөө иштерин жүргүзүүчү органдар, ошондой эле
камалгандарды жана кайтарыкка алынгандарды кармоочу жайлардын админист-
рациялары мыйзамдарды эле эмес, бардык нормативдик укуктук актыларды
аткарышын көзөмөлдөөрүн тактоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 1-пунктунун редакциясын кайра ка-
роону сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясында
Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин уюштурулушу, тартиби,
ошондой эле прокурорлордун ыйгарым укуктары регламенттелген эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектер-
де Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешине отчеттуу болгондуктан, 3-статьядагы "Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
Ошону менен бирге эле, мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 1-пункту-
нун 1-пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары, менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, алардын
кызмат адамдары, ошондой эле жарандар мыйзамдарды жана башка норматив-
дик укуктук актыларды аткарышын көзөмөлдөө".
Мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 1-пунктунун 6-пунктчасы "мыйзам-
дарды" деген сөздөн кийин "жана башка нормативдик укуктук актыларды"
деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында мыйзам чыгаруу де-
милге укугу болбогондуктан мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 2-пунктунда
"мыйзам чыгаруучу органдар жана" деген сөздөр алып салынсын.
Мыйзам долбоорунун 4-статьясынын 2-пунктунун 3-пунктчасында жогору
турган прокурорго төмөн турган прокурордун ыйгарым укуктарын ишке ашы-
рууга укук берчү учурлардын толук тизмесин берүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 6-статьясынын 1-пунктун "мыйзамдарды" деген
сөздөн кийин "жана башка нормативдик укуктук актыларды" деген сөздөр
менен толуктоону сунуш кылабыз.
Башкы прокурордун, анын орун басарларынын Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республика-
сынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-
нун жыйындарына катышуусу боюнча, бир катар нормативдик укуктук акты-
лардын төмөнкүдөй жоболорун эске алууну сунуш кылабыз.
Конституциянын 62-статьясында, эгер каралчу маселелердин мүнөзү
талап кылса, Жогорку Кењештин жабык жыйындарын өткөрүү мүмкүндүгү ка-
ралган.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Өкмөттүн жыйындарына
Башкы прокурор гана катышууга укуктуу.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-статьясына
ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жыйынына Кыр-
гыз Республикасынын Башкы прокурору гана чакырылышы мүмкүн.
Ушул айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 8-статьясынын
1-пунктунун редакциясын толуктап иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
Прокуратура системасына илимий жана билим берүүчү уюмдар, басылма-
лардын редакциялары кириши мүмкүн болбогондуктан, мыйзам долбоорунун
10-статьясынын 1-пунктунун 5-пунктчасын алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 10-статьясынын 3-пунктуна ылайык адистештирил-
ген прокуратураларды, гарнизондордун аскердик прокуратураларын, район-
дук (шаардык) прокуратураларды түзүү маселесин Башкы прокурор Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө макулдашуу боюнча чече тургандыктан, Мыйзам
долбоорунун 10-статьясынын 4-пунктун "Башкы прокурору" деген сөздөрдөн
кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашуу боюнча" деген сөздөр
менен толуктоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 11-статьясынын 2-пунктунда Кыргыз Республикасы-
нын Башкы прокурорунун орун басарларынын санын тактоону сунуш кылабыз.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык нормативдик акт -
бул мыйзам чыгаруучу орган тарабынан өз компетенциясынын чегинде белги-
ленген формада кабыл алынган жана укуктук нормаларды белгилөөгө,
өзгөртүүгө жана жоюп таштоого багытталган, башкача айтканда такай же
убактылуу мүнөздө көп жолу колдонууга эсептелип, милдеттүү түрдө жалпы-
сынан аткарылууга тийиш болгон жазуу жүзүндөгү расмий документ болгон-
дуктан, ошондой эле прокурордук таасир этүүнүн каршылык билдирүү, су-
нуштама, көрсөтмө берүү, эскертүү, токтом, көрсөтүү сыяктуу чаралары
мыйзамдык актынын конкреттүү бузулушун жоюуга багытталган бир жолку иш
болгондуктан, долбоордун 3-бөлүмүнүн бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Рес-
публикасынын прокуратурасынын укуктук актылары" деген сөздөрдү "проку-
рордук чара көрүү актылары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук
кењешинин ишин уюштуруу тартиби "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги
иштери боюнча Улуттук кењеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык аныкталгандыктан, Мыйзам долбоорунун 12-статьясынын 5-пунктун
алып салууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын системасына: Конститу-
ция, конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын Прези-
денттин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкынын актылары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана
администрациялык ведомстволордун актылары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын че-
чимдери киргендиктен, мыйзам долбоорунун 15-статьясынын 1-пунктунун
1-пунктчасындагы "Башкы прокурордун укуктук актылары" деген сөздөрдү
алып салууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, кийинкиде түшүнүксүздүктөр болбошу үчүн долбоордун
2-статьясынын 1-пунктунда жана 18-статьясынын 7-пунктунда "укуктук ак-
тылары" деген сөздөрдү "чечими" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кыла-
быз.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээ
нормативдик укуктук актылар жогорураак юридикалык күчкө ээ актыларга
ылайык келүүгө тийиш, мисалы мамлекеттик органдардын актылары мыйзам-
дарга эле эмес, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна да ылайык келүүгө тийиш бол-
гондуктан, Мыйзам долбоорунун 21-статьясынын 1-пунктундагы "мыйзамга"
деген сөздү "жогорураак юридикалык күчкө ээ нормативдик укуктук актыга"
деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 21-статьясынын 3-пунктунда каршылык билдирүүнү
кароо үчүн прокурорго кыскараак мөөнөт белгилөөгө укук берүүчү өзгөчө
учурлардын тизмесин атоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 21-статьясынын 3-пунктунун экинчи сүйлөмүн алып
салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Граждандык-про-
цесстик кодексинин 267-статьясынын 6-пунктуна ылайык нормативдик акты
боюнча талаш анын жарактуулугун токтотпойт.
Мыйзам долбоорунун 22-статьясынын 1 жана 2-пункттарында, 23-стать-
ясынын 1 жана 3-пункттарында, 24-статьясынын 1-пунктунда, 32-статьясы-
нын 2-пунктунун 3 жана 5-пункттарында "мыйзамды" деген сөздү "норматив-
дик укуктук актыны" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 26-статьясынын 3-пунктун алып салуу керек деп
эсептейбиз, анткени мамлекеттик алым төлөө боюнча жењилдиктер Кыргыз
Республикасынын "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясына ыла-
йык белгиленет.
Мыйзам долбоорунун 28-статьясын алып салуу ылайыктуу деп эсептей-
биз, анткени ал ушул Мыйзам долбоорунун 41-статьясын кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 31-статьясынын 1-пунктунун 1-пунктчасын
төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алар-
дын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын Кыргыз Республикасынын
Конституциясын сакташы, мыйзамдарды жана башка нормативдик укуктук ак-
тыларды так жана бирдей аткарышы";
Мыйзам долбоорунун 36-статьясынын 1-пунктунун прокурордун операци-
ялык-издөө иштерин, баштапкы тергөө жана тергөө жүргүзүүчү уюмдардын
мыйзамдарды сакташын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында белгиленери жөнүндө жоболорун көњүлгө алып,
мыйзам долбоорунун 36-статьясынын 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-
ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын жоболорун
эске алып, төмөнкүдөй сунуш кылабыз:
Мыйзам долбоорунун 4-бөлүмүнүн 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй ре-
дакцияда баяндалсын:
"Жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери нормативдик
укуктук актыларды жана сот дайындаган мажбурлоо мүнөзүндөгү башка чара-
ларды аткаруусун көзөмөлдөө;";
- Мыйзам долбоорунун 37-статьясынын 1-пунктунун 1-пунктчасы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) соттолгондордун жана кайтарыкка алынган адамдардын жазык атка-
руу тутумунун органдарында кармалышынын мыйзамдуулугу;";
- Мыйзам долбоорунун 38-статьясынын 1-статьясынын 2-пунктчасы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) соттолгондорду жана кайтарыкка алынган адамдарды сурамжылоо-
го".
Мыйзам долбоорунун 40-статьясынын 5-пунктун Башкы прокурордун ый-
гарым укуктарын караган 12-статьяга которуу ылайыктуу болот деп эсеп-
тейбиз.
Мыйзам долбоорунун 40-статьясынын 10-пунктунда "Кыргыз Республика-
сынын прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматчыларын аттес-
тациялоо жөнүндө" жобону бекитүү кайсы мамлекеттик органдын же кызмат
адамынын компетенциясына кирерин тактоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 50-статьясында:
- 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"1. Прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан,
класстык чен, иштеген жылдары үчүн кошумчалардан, мыйзамдарда жана баш-
ка нормативдик укуктук актыларда каралган башка төлөмдөрдөн турат.";
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушуна байланыш-
туу 3-пунктту алын салууну сунуш кылабыз;
- 5-пунктту да алып салуу зарыл, анткени Кыргыз Республикасынын
Салык кодексинин кирешенин салык салынчу түрлөрүн белгилеген 88-стать-
ясында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кирешелерин салык са-
луудан бошотуу жөнүндө норма жок;
- 6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдү "Кыргыз
Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз,
анткени прокуратура кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болушат жана
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясына ылайык мамлекет-
тик кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын
Президенти белгилейт. Аталган пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын,
анткени мамлекеттик бийлик органдарындагы мамлекеттик кызматчылардын
эмгек акысын төлөөнүн бирдиктүү системасында иштеген жылдары үчүн жыл
сайынкы кошумчалар, ошондой эле кварталдык сыйлыктар каралган эмес.
51-статьянын 1 жана 2-пункттарын алып салууну сунуш кылабыз, ант-
кени "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ыла-
йык прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчыларды
пенсиялык камсыздоо жөнүндө мыйзам колдонулчу мамлекеттик кызматчылар-
дын катарына кирет.
52-статьянын 5 жана 6-пункттары алып салынсын, анткени "Кыргыз
Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрли-
гинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан, ошондой
эле ыктыярдуу кайрымдуулуктардын жана кошумчалардын эсебинен түзүлчү
бюджеттен тышкаркы фонддордон сырткары министрликтердин, мамлекеттик
комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссия-
лардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат.
Мыйзам долбоорунун 12-статьясында Кыргыз Республикасынын Аскердик
прокурорун кызматка дайындоонун жана бошотуунун тартиби белгиленбеген-
диктен, мыйзам долбоорунун 56-статьясынын 2-пунктунун редакциясын кайра
кароону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 56-статьясынын 3-пунктун алып салууну сунуш кы-
лабыз, анткени ал мыйзам долбоорунун 12-статьясынын 2-пунктунун 2-пунк-
тчасын кайталайт.
57-статьянын 3-пунктун алып салуу зарыл, анткени прокуратура кыз-
маткерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Прези-
денти аныктайт.
Мамлекеттик башкаруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн програм-
малык кредиттин (GSAC) жана Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардам
кредитинин (GTAC) шарттарын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын ишке
ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюд-
жеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна ыла-
йык, ар кандай мамлекеттик уруксаттарды, сертификаттарды берүүдөн,
ошондой эле контролдук-көзөмөлдөөчү иш-чараларды (текшерүүлөрдү)
жүргүзүүдөн, финансылык санкцияларды, айыптарды жана үстөктөрдү котору-
удан түшкөн кирешелер толугу менен республикалык бюджеттин пайдасына
кириштелерин эске салып коюуга тийишпиз. Ушуга байланыштуу Мыйзам дол-
боорунун 63-статьясынын 3-пунктун алып салуу ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 66-статьясынын 4-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы
4 жана 5-пунктчалар менен толуктоону сунуш кылабыз:
"4) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-июнундагы № 77 "Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө"
жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толукто-
олорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-статьясы;
5) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 "Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жа-
зык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооп-
керчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодек-
сине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жө-
нүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды
жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта
кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым
кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-про-
цесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-
сынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын
6-статьясы.".
Мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучу мыйзам долбоорунун 50-статьясынын
мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылчу сарптоолорду көбөйтүүнү караш-
тырган 3-пунктун алып салуу жөнүндө өтүнүч киргизгенин көњүлгө алып,
ошондой эле көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун ишке ашыруу мамлекеттик бюд-
жеттен кошумча каражат талап кылбастыгын эске алуу менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорунун жогоруда айтылган сунуш-пикирлерди
эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 17 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 11
Шилтеме берет (17)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2004 · № 798
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын…Закон · 04.06.2007 · № 77 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1341-XII · Күчүн жоготкон
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 01.10.1997 · № 69 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 30.06.1999 · № 63 · Күчүн жоготкон