Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 29 декабря 2008 года № 695-р (О признании утратившими силу некоторых нормативно-правовых актов)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-12-29.
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-августу № 295-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республика-
сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрация-
лык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-атка-
руу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү
соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-
мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жа-
на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын
Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен кылмыш-жаза
инспекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына
өткөрүп берүү боюнча өкмөттүк комиссия (мындан ары - Өкмөттүк комиссия)
№ 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен кылмыш-жаза
инспекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына
өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өкмөттүк комиссия:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен кылмыш-жаза ин-
спекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына
өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар комплексин 2007-жылдын 14-сентябрына
чейин ишке ашырсын;
- кылмыш-жаза инспекцияларын өнүктүрүү концепциясын 2007-жылдын
1-октябрына чейин иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
белгиленген тартипте киргизсин;
- бул буйруктан келип чыккан уюштуруу, материалдык-техникалык жана
башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлиги менен бирдикте чечсин.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы
№ 295-б буйругуна
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен
кылмыш-жаза инспекцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин карамагына өткөрүп берүү боюнча өкмөттүк
КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,
комиссиянын төрагасы;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.
Комиссия мүчөлөрү:
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун
басары;
Зубов С.И. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун
басары;
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин
орун басары;
Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы-
нын орун басары;
Чолушев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын началь-
ниги;
Жаманкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
кылмыш-жазык системасынын реформалоо башкарма-
лыгынын начальниги;
Ибраимов К.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин коомдук коопсуздук башкармалыгынын началь-
ниги;
Клименко И.П. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация баш-
чысынын биринчи орун басары;
Алышбаев К.К. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация
башчысынын биринчи орун басары;
Абдыгазиев И.А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация баш-
чысынын биринчи орун басары;
Карабаев А.Д. - Талас облусунун мамлекеттик администрация баш-
чысынын биринчи орун басары;
Султаналиев Т.О. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчы-
сынын биринчи орун басары;
Курбанов Ж.К. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация
башчысынын орун басары;
Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы-
нын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы
№ 295-б буйругуна
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен
кылмыш-жаза инспекцияларын Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралардын мазмуну | Жооптуу | Аткаруу | Ишке ашыруу |
| аткаруучулар | мөөнөттөрү | формасы | ||
| 1 | Кыргыз Республикасынын Ички | Юстмин, ИИМ, | 2007-жылдын | Кабыл |
| иштер министрлигинен | Маммүлкком | 14-сентябры | алуу-өткөрүп | |
| кылмыш-жаза инспекцияларын | берүү | |||
| Кыргыз Республикасынын | актысы | |||
| Юстиция министрлигинин | ||||
| карамагына кабыл алуу- | ||||
| өткөрүп берүү актыларын | ||||
| түзүү менен 2002-жылдын | ||||
| 1-январына карата абалы | ||||
| боюнча бардык мүлкү жана | ||||
| штаттык бирдиктери менен | ||||
| кабыл алуу-өткөрүп берүүнү | ||||
| жүргүзүү | ||||
| 2 | "Кыргыз Республикасынын | Юстмин, ИИМ | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
| Ички иштер министрлигинен | 1-октябры | токтому | ||
| кылмыш-жаза инспекцияларын | ||||
| Кыргыз Республикасынын | ||||
| Юстиция министрлигинин | ||||
| карамагына өткөрүп берүү | ||||
| жөнүндө" Кыргыз | ||||
| Республикасынын Өкмөтүнүн | ||||
| токтомунун долбоорун | ||||
| даярдоо жана Кыргыз | ||||
| Республикасынын Өкмөтүнө | ||||
| киргизүү | ||||
| 3 | "Кыргыз Республикасынын | Юстмин | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
| Юстиция министрлигинин | 22-октябры | токтому | ||
| кылмыш-жаза инспекциялары | ||||
| жөнүндө жобону бекитүү | ||||
| тууралуу" Кыргыз | ||||
| Республикасынын Өкмөтүнүн | ||||
| токтомунун долбоорун | ||||
| даярдоо | ||||
| 4 | Кызмат кабинеттерин, | Юстмин, ИИМ | 2007-жылдын | Юстмин жана |
| информациялык маалыматтар | 1-октябры | ИИМдин | ||
| базасын жана архивдерди | биргелешкен | |||
| биргелешип пайдалануу | буйругу | |||
| тартиби жөнүндө маселени | ||||
| чечүү | ||||
| 5 | Кылмыш-жаза инспекцияларын | Финмин, | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
| Кыргыз Республикасынын | Юстмин, ИИМ | 1-октябры | токтому | |
| Юстиция министрлигинин | ||||
| карамагына өткөрүп берүүгө | ||||
| байланышкан финансылык | ||||
| чыгымдардын өлчөмүн | ||||
| аныктоо, Кыргыз | ||||
| Республикасынын Өкмөтүнүн | ||||
| чечиминин долбоорун | ||||
| даярдоо | ||||
| 6 | Кылмыш-жаза инспекцияларын | Юстмин | 2007-жылдын | Өкмөттүн |
| өнүктүрүү концепциясын | 1-октябры | токтому | ||
| иштеп чыгаруу жана аны | ||||
| Кыргыз Республикасынын | ||||
| Өкмөтүнө белгиленген | ||||
| тартипте киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.12.2008 · № 695-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.12.2008 · № 695-р
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрели № 171-б (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 20.04.2009 · № 171-р
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1341-XII · Күчүн жоготкон
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 01.10.1997 · № 69 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 30.06.1999 · № 63 · Күчүн жоготкон