Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 12-февралы № 47
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз
Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине
жиберилсин.
Премьер-министр А.Исабеков
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 12-февралы №24-03/284
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик rүзүлүш, мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам укугу боюнча комитетинин төрагасы И.А.Масалиев тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөнкүдөй сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет. Мыйзам долбоорунун "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" деген аталышын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө". Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы кабыл алынганына, анда Кыргыз Республикасында өлүм жазасын жоюу каралгандыгына байланыштуу жогоруда аталган мыйзам долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылабыз. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун 1-статьясында:
- 18-пунктунда "түздөдү" деген сөздү "ордун толтурду" деген
сөзгө алмаштырууну сунуш кылабыз;
- мыйзам долбоорунун 33-пункту менен Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясында ден соолукка атайылап жењил зыян келтиргендик үчүн жоопкерчиликти жењилдетүү каралган. Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин ден соолукка ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келбеген жењил зыян келтиргендик үчүн жоопкерчиликти караштырган 66-10-статья менен толуктоо сунушталат (мындай диспозиция Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын экинчи бөлүгүндө да бар), башкача айтканда бир эле жосун үчүн эки башка жоопкерчилик белгиленип жатат. Ушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын экиичи бөлүгүн алып салуу ылайыктуу болот;
- мыйзам долбоору төмөнкудөй мазмундагы 59-пункт менен
толукталсын: "59. 153-статья алып салынсын.";
- мыйзам долбоорунун 68-пунктунда:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-168- статьяларында уурулук, алдамчылык, тоноо, мал уурдагандык үчүн жоопкерчиликти орчундуу жењилдетүү сунушталып жатат. Буга байланыштуу, ал статьяларда кылмыштын кайталанганы үчүн жоопкерчиликти караштырган квалификациялоочу белгилер жок экендигин айтмакчыбыз. Ошондуктан аталган статьялардын экинчи бөлүктөрүн андай жосундарды бир нече жолу кайталаганы үчүн жоопкерчиликти караштырган пункттар менен толуктоону сунуш кылабыз; 167-статьяда тоногондук үчүн 7 жыл эркинен ажыратууга санкция каралган. Ошону менен бирге эле, уурулук үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган, ал эми тоноо уурулукка салыштырганда коркуњучтуу кылмыш, анткени тоногондо мүлктук зыяндан тышкары эреже катары куч колдонуу жана ден соолукка g
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 01.10.1997 · № 69 · Күчүн жоготкон