Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана „Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 26-февралы № 57 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
94-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94-берене. Ырайым кылуу
1. Ырайым кылуу белгилүү бир соттолгон жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ырайым кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Ырайым кылуу жөнүндө акт менен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жазанын калган бөлүгүн андан ары өтөөдөн бошотуу;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;
3) сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза колдонулган же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган учурларды кошпогондо, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу.
3. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүч он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.".
2-берене
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 7, 323-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын 8-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.);
3) "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 211 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 903-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы № 84 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 484-ст.).
3-берене
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 10-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 13
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Ырайым кылуунун жалпы…Закон · 04.08.2018 · № 84 · Күчүн жоготкон
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуЗакон · 13.10.2008 · № 211 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөЗакон · 14.06.2002 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Ырайым кылуунун жалпы…Закон · 04.08.2018 · № 84 · Күчүн жоготкон
- Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуЗакон · 13.10.2008 · № 211 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (13)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөЗакон · 20.01.2017 · № 7
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 224 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 13.12.1999 · № 143 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 01.10.1997 · № 69 · Күчүн жоготкон