Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1997-жылдын 25-сентябры N 67 Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы N 130, 2008-жылдын 21-июлундагы N 159, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2022-жылдын 20-январындагы N 9, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары шаарлардын, айылдардын, дарыялардын, каналдардын, көпүрөлөрдүн, саздардын, көлдөрдүн, шаркыратмалардын, тоо тутумдарынын, тоо чокуларынын, ашуулардын, мөңгүлөрдүн, капчыгайлардын, жайлоолордун, аскалардын, үңкүрлөрдүн, кыштоолордун, конуштардын, жайыттардын, көчөлөрдүн, аянттардын, проспекттердин, бульварлардын, аллеялардын, парктардын, жаратылыш парктарынын, коруктарынын жана алар сыяктуу объекттердин, ошондой эле тарыхый окуялар жана тарыхый инсандардын иши менен байланыштуу жерлердин аталыштарынан турат.
2-статья. Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары Кыргызстан элинин нарк-дөөлөттөрү болуп саналат, Кыргызстандын тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгүн түзүшөт жана ушул Мыйзам менен корголушат.
3-статья. Географиялык аталыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделишет жана ушул Мыйзамдан, ошондой эле башка нормативдик укуктук актылардан турушат.
4-статья. Мамлекет географиялык аталыштарды иликтеп-изилдөөнү уюштурат, аларды каттоону жана эсебин алууну жүргүзөт. Географиялык аталыштарды каттоонун жана эсебин алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык аталыштар берүү жана жаңы аталыштар берүү өз алдынча башкарууга таандык болгон объекттерден бөлөк администрациялык-аймактык бирдиктерге жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында саналып өткөн башка объекттерге аталыштар берүү жана жаңыча аталыштар берүү Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет. Аталыштар жана жаңыча аталыштар боюнча сунуш киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Административдик-аймактык бирдиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде:
1) адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо;
2) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо.
Географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт. (КР 2022-жылдын 20-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, шаардык же айылдык парктарга, бульварларга, көчөлөргө жана туюк көчөлөргө аталыштар берүүнү жана жаңыча аталыштар берүүнү жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
8-статья. Кыргыз Республикасында географиялык объекттерге аталыштар мамлекеттик тилде ыйгарылат Географиялык объекттердин аталыштары башка тилдерге которулбайт. Расмий документтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, картографиялык, маалымдамалык, энциклопедиялык, окуу жана башка басылмаларда аталыштар транслитерацияны пайдалануу менен эл аралык стандарттарда белгиленген тартипте орус жана латын алфавиттеринин тамгалары менен берилет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Калктуу пункттардын, дарыялардын (көпүрөлөрү болсо), ашуулардын (эгерде автожол салынса), жайлоолордун аталыштары, объекттин жөн-жайын аныктоо менен атайын көрсөтмө такталарда (белгилерде) белгиленет.
10-статья. Аталыштар жазылып орнотулган көрсөтмө белгилерди атайын бузуу же аларды жок кылуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй географиялык объекттерине:
- аталыштары жок географиялык объекттерге;
- жаңыдан түзүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктерге жана жаңы администрациялык түзүлүштөргө аталыштар берилет.
Бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир тектүү бир нече объекттерге бир эле аталыштар берүүгө жол берилбейт.
12-статья. Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине аталыштар берүүгө байланышкан бардык чыгымдар, ошол объекттер аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебинен жүргүзүлөт. (КР 2022-жылдын 20-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Географиялык объекттердин аталыштары боюнча нормативдик документтер Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштарды белгилөө, колдонуу жана сактоо боюнча бирдиктүү талаптарды, нормаларды жана эрежелерди аныктайт.
14-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: өзүнүн нормативдик-укуктук актыларын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин; Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштарына аталыш берүү жана каттоо жөнүндө жобону үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кабыл алсын. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
1997-жылдын 18-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 235 · байланышкандар: 238
Цитата келтиргендер (235)
- Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө ЖОБОПоложение · 11.02.2010 · № 46
- Чүй айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №21/7 "Садовое айылындагы Проектируемый көчөсүнүн атын М.Карасартов атындагы көчө деп атоо жөнүндө"токтомуПостановление · 20.08.2019 · № 21/7
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3319-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 3319-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 510-IV "2008-жылдын 19-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2008 · № 510-IV
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2013 · № 22
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин Тайлак баатыр атындагы чегара…Постановление · 10.02.2006 · № 89
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү…Постановление · 01.10.2023 · № 107/ХXIХ-28
- Сосновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14 “Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” токтомуПостановление · 12.09.2023 · № 14
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 70/13-4 "Токмок шаарындагы аты жок көчөгө (Проектируемая көч.) ысым берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2017 · № 70/13-4
- Токмок шаардык кенешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 311/40-4 "Токмок шаарындагы Комсомольская көчөсʏнʏн атын өзгөртʏʏ жөнʏндө" токтомуПостановление · 24.02.2021 · № 311/40-4
- Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-июну №150 "Бишкек шаарынын көчөсүн атоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2015 · № 150
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 83 «Заветы Ильича» маданиятын үйүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2026 · № 83
- Бишкек шаардык кенеши 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 "Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2012 · № 324
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 149 "Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.02.2020 · № 149
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 10 апреля 2002 года П N 423-II-9 "О принятии Закона Кыргызской Республики "Об образовании сел Кунгей, Кара-Жыгач, Курулуш на территории…Постановление · 10.04.2002 · № N 423-II-9
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 204-жылдын 7-октябрынын № 745 " Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламудун районундагы Ташмойнок айыл кенешинин аймагында жайгашкан тоолуу…Постановление · 07.10.2004 · № 745
- Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 103 "Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2014 · № 103
- Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2014 · № 104
- Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июну №139 "Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2015 · № 139
235 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
7 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (238)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 3086-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2019 · № 3086-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 09 декабря 2021 года № 5021-VI "Об утверждении повестки дня заседания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 9 декабря 2021 года"Постановление · 09.12.2021 · № 5021-VI
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы №88 " Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө"…Постановление · 16.02.2005 · № 88
- Постановление Правительства КР от 22 июля 2004 года № 548 "О присвоении имени Исхака Раззакова Ляйлякскому пограничному отряду Пограничных войск Службы национальной безопасности…Постановление · 22.07.2004 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин Айдаркен чегара отрядына «Жети баатыр»…Постановление · 28.12.2005 · № 628
- Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО (Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-июнундагы № 29 токтомуна тиркеме)Положение · 06.06.2013 · № 29
- Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы №35 "Жаңы-Акман айылынын комплекс участкасынын көчөсүнө Мөндөшова Хамилакандын атын коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.10.2014 · № 35
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 116 "Бишкек шаарындагы аянтка Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин атын ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2019 · № 116
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын-6-июнундагы № 29 "Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2013 · № 29
- Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № XXX-3 "Ноокат шаарынын аймагынын Кара-Турпак жана Бостон кварталдарында Абдуллаев Мубарактын наамында көчө болгондуктан…Постановление · 20.01.2016 · № XXX-3
- Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 7-декабрындагы № 19 "Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы мектебинин атын өзгөртүп маркум Нышанов Паиз Жапаровичтин атына кою…Постановление · 07.12.2016 · № 19
- Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы № 2/1 "Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын «Эсеналы Дайракунов атындагы…Постановление · 31.05.2023 · № 2/1
- Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 17/2 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына караштуу “Ак-Кыя”…Постановление · 24.03.2023 · № 17/2
- Депутаттардын Ноокат Шаардык кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 26-фералындагы № X-16 (Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын атын коюу жөнүндө.) токтомуПостановление · 26.02.2014 · № X-16
- Байтик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-февралы № 80 "Калктуу коңушуна Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу" жөнундө токтомуПостановление · 16.02.2022 · № 80
- Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-мартындагы №19 "Кош-Коргон айылынын көчөсүнө Кудайбердиев Турдалинин атын коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.04.2014 · № 19
- Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-мартындагы №20 "Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө Султанкулов Асанбектин атын коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.04.2014 · № 20
- Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-мартындагы №21 "Жаңы-Акман айылынын көчөсүнө Р.Жолдошовдун атын коюу жөнүндө" токтомуПостановление · № 21
238 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.