Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-октябры № 103 Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 9-августундагы №3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын 5-кичирайонундагы аты жок көчөгө академик Мирсаид Миррахимовдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).
2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.
Тѳрага
М.А.Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67