Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Депутаттардын Ноокат Шаардык кеңешинин төрагасынын (Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын атын коюу жөнүндө.) токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2014-жылы 26-фералы № X-16 Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын атын коюу жөнүндө. Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын атын коюу жөнүндөгү Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүндө жашаган атуулдардын 2014-жылдын 25-февралындагы протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобону, угуп жана талкуулап, депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниясынын сунушунун негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүндө жашаган атуулдардын 2014-жылдын 25-февралындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын аты коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат Шаардык кеңешинин төрагасы:
А.Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 21.07.2008 · № 159
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык…Положение · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон