Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылы 31-октябры № 104 Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 22-октябрындагы №4 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын “Учкун” конушундагы аты жок көчөгө Дүйшөналы Жабиновдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).
2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук жана инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.М. Рыскуловага жүктөлсүн.
Тѳрага
М.А.Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67