Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенеши «Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-июну № 324 Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Азербайджан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумунун протоколун аткаруу боюнча иш-чаралар планынын 4.7-пунктун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2012-жылдын 30-майындагы № 2 отурумундагы протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 5,5 га сейил бакка “Кыргызстан – Азербайжан достугу сейил багы” аталышы ыйгарылсын (чийме тиркелет).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сейилбакты атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаарынын башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери А.И.Усубакуновага жана Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А.Кайыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2013 · № 22
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167 "Бишкек шаардык кеңешинин географиялык аталыштар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2020 · № 167
- Бишкек шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 57 "Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин…Постановление · 07.10.2025 · № 57
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.