Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну №139 Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын 2014-жылдын 12-августундагы отурумунун № 4 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын: Ленин районунун "Арча-Бешик" конушунда; Октябрь районунун "Мехлесхоз"; "Тунгуч", сейсмикалык курулуш институтунун аймагындагы конуштарда; Биринчи май районунун "Ново-Павловка, 100 га", "Мурас-Ордо" ("Пригородный", 145 га), "Аска-Таш" жана "Керемет", "Балбан-Таймаш" (9,3 га жана 3,41 га) конуштарында; Свердлов районунун "Ак-Тилек-2", "Красный строитель", "Кайыңды", "Чалбай", "Учкун" конуштарында, Суворов көчөсү - Чоң Чүй каналы чектеринде жаңы түзүлгөн көчөлөргө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-тиркемелерге ылайык аталыштар ыйгарылсын.
2. Көчөлөрдү атоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.Ж.Берикбаев), Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.А.Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (А.М.Рыскулова) жүктөлсүн.
Төрага
М. А. Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67