Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-статья. Банкка олуттуу катышууну жана контролду алуу тартиби
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
Бардык жеке же юридикалык жак жеке же башка жактар менен бирдикте:
- банктын олуттуу катышуучусу болууга;
- банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен
көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга;
- банктын контролдоочу жагы болууга ниеттенип жатса Кыргыз банкы-
нан алдынала уруксат алууга милдеттүү. Кыргыз банкынан уруксат алуу үчүн аталган жактар Кыргыз банкына жазуу жүзүндө табыштама берүүгө милдеттүү. Эгерде банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башка жолдор менен бардык жеке же юридикалык жактар тике же кыйыр түрдө:
- банктын олуттуу катышуучусу болуп калса;
- банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен
көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылса же башкарууну жүзөгө ашыр- са;
- банктын контролдоочу жагы болуп калса Кыргыз банкынын уруксатын
алуулары зарыл.
2. Кыргыз банкы табыштаманы алган убактан тартып алтымыш күндөн
кечиктирбестен өтүнүч менен кайрылгандарга өзүнүн чечими - макулдугу же баш тарткандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт. Табыштаманын берилген күн катары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын та- лаптарына ылайык бардык тиешелүү түрдө таризделген документтер Кыргыз банкына берилген күн эсептелинет. Табыштама маалыматтарды берүүнүн бар- дык булактарына карабастан, Кыргыз банкы тарабынан бардык тиешелүү маа- лыматтар алынмайынча берилди деп эсептелинбейт. Баш тартуу себептери жүйөлүү болууга тийиш.
3. Кыргыз банкынын макулдугун алуу үчүн өтүнүч менен кайрылуучу
Кыргыз банкына юридикалык жактын келип чыгышы (эгерде билдирүүчү юриди- калык жак болсо), учурда жүзөгө ашырып жаткан иши, финансылык абалы жа- на финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк дењгээли жөнүндө, бил- дирүүчүнүн алар (ал) менен жалпы кызыкчылыктары бар жактар тууралу маа- лыматтарды, ал банктын акцияларын сатып алуу үчүн сарптай турган акча каражаттарынын алынган булактары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз банкынын талаптарына ылайык башка маалыматтарды да берүүгө ти- йиш. Эгерде билдирүүдө банктын акцияларын тике сатып алуу же аларга кы- йыр ээлик кылуу жөнүндө жазылса өтүнүч менен кайрылуучу байланыштуулук- тун дењгээли, анын бул максатта пайдалануу үчүн ниеттенип жаткан акча каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтарды чечмелеп түшүндүрүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучу ошондой эле өзүнүн банктын жетекчилигин жана саясатын өзгөртүүнү пландаштырып жаткандыгына тиешелүү маалымат- тарды да тактап берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу четөлкөлүк жак болсо - ал анын иш- кердик жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү ой-пикирин билдирген ишкердик аброю жо- гору болгон кеминде эки адамдын жолдомо катын берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу юридикалык жак болсо - ал өзүнүн байкоочу жана башкаруунун аткаруу органдарынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле башка кызмат адамдарынын Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу - четөлкө банкы же түзүлгөн (катто- одон өткөн) өлкөдөгү финансылык көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө та- андык болгон башка жак болсо, өтүнүч менен кайрылуучу кошумча түрдө Кыргыз банкынын талаптарына ылайык, ал таандык болгон көзөмөл режимине тиешелүү маалыматты, тиешелүү мамлекеттин көзөмөл органынын бул өтүнүч менен кайрылуучу түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдө консолидацияланган негизде көзөмөлгө таандык жана көзөмөл органынын Кыргыз банкы менен ту- руктуу негизде кызматташуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү тастыктоону кошо берүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучунун башка жак менен бирдикте аракеттене тургандыгы жөнүндө маалымат болгон учурда Кыргыз банкы андан бул факт боюнча маалыматты тактап берүүсүн талап кылууга укуктуу.
4. Кыргыз банкы төмөнкүдөй учурларда билдирүүнү канааттандыруудан
баш тарта алат, эгерде:
1) өтүнүчтү канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумунда
монополиянын түзүлүшүнө алып келсе;
2) өтүнүч менен кайрылуучунун финансылык абалы канааттандырарлык
эмес болсо;
3) Кыргыз банкына өтүнүч менен кайрылуучунун жана анын кызмат
адамдарынын (эгерде өтүнүч менен кайрылуучу юридикалык жак болсо) иш- кердик аброю алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар маалым болсо;
4) өтүнүч менен кайрылуучу тиешелүү маалыматты толук бербесе, бол-
босо бурмаланган же так эмес маалыматты берген болсо;
5) Кыргыз банкында банк тажрыйбасында белгиленген талаптарга ыла-
йык банк операцияларын жүзөгө ашырбай тургандыгы жөнүндө маалымат бар болсо;
6) өтүнүч менен кайрылуучунун мурдагы иши токтосо же кайсы бир
юридикалык жакты банкроттоого же ага олуттуу түрдө финансылык чыгым тарттырууга түрткү берген болсо;
7) өтүнүч менен кайрылуучунун (юридикалык жактын) банктын контрол-
доочу жагы болууга ниеттенип жаткан кызмат адамдары Кыргыз банкы тара- бынан белгиленген кесиптик жактан ылайык келүү талаптарына жооп бербе- се;
8) банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына доо кете турган болсо
же банкта банк менен өтүнүч менен кайрылуучунун жана/же аффилирленген жактардын же өтүнүч менен кайрылуучунун алар менен жалпы кызыкчылыгы бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин натыйжасында натый- жалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калган учурда;
9) өтүнүч менен кайрылуучунун олуттуу реалдуу катышуучуларын же
контролдоочу жактарын идентификациялоого мүмкүн болбосо;
10) өтүнүч менен кайрылуучунун банктын саясатын олуттуу түрдө
өзгөртүү тууралу сунушу банктын финансылык туруктуулугуна жана ише- нимдүүлүгүнө же банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туу- дура турган болсо;
11) өтүнүч менен кайрылуучу ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдөгү
көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынуучу четөлкөлүк юридикалык жак болсо жана ал тарабынан, эгерде:
- Кыргыз банкына ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдө (банкка тие-
шелүү учурларда консолидацияланган) натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымат берилбесе;
- Кыргыз банкынын пикири боюнча, билдирүүчүнүн ишине (банкка тие-
шелүү учурларда консолидацияланган) натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырылбай жатса;
- өтүнүч менен кайрылуучунун түзүлгөн (каттоодон өткөн) мамлекет-
теги кезөмөл органы менен кызматташуусу мүмкүн болбосо.
5. Өтүнүч берүүнүн жана кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик
актылары менен жөнгө салынат.
6. Кыргыз банкы ушул статьяга ылайык бардык учурда банктын конт-
ролдоочу жактарынан жана анын олуттуу катышуучуларынан маалыматты талап кылууга укуктуу. Олуттуу катышуучунун (юридикалык жактын) Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) же Башкарманын (аткаруу органынын) жањы шайланган мүчөлөрү жөнүндө маалымат Кыргыз банкына алар дайындалган убактан тартып он жумуш күнүнүн ичинде жањыдан шайланган кызмат адамда- рынын ишкердик аброю жана ишенимдүүлүгү жөнүндө маалымат менен бирге берилүүгө тийиш.
7. Эгерде кандайдыр бир жак банкка олуттуу катышуучу болуу же
контролду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн Кыргыз банкынын алдынала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз алган болсо, мындай бүтүм эч нерсеге арзыбаган бүтүм болуп саналат.
8. Кыргыз банкы өтүнүч менен кайрылуучуга ушул статьяга ылайык
мурда берген макулдугун, эгерде ал тарабынан ушул статьянын талабын бу- зууга жол берилгендиги фактысы маалым болсо, аны жокко чыгара алат.
9. Ушул статьянын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, ал
тарабынан кемчиликтер кетирилгендиги аныкталган жак банктын жетекчили- гине жана саясатына таасир этүүсүн (тике жана кыйыр түрдөгү добуш берүүнү жүзөгө ашырууну кошо алганда) токтотууга тийиш жана банктын ус- тавдык капиталына өзүнүн катышуусун олуттуу катышуу же контролдоо бол- жолдонгон дењгээлден төмөн дењгээлге чейин Кыргыз банкы тарабынан бел- гиленген убакыт ичинде кыскартууга тийиш.
10. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын алдынала уруксатысыз банктын
олуттуу катышуучусу жа контролдоочусу боло турган же банк анын натыйжа- сында бул жакка көзкаранды болуп калышы мүмкүн болуучу инвестицияны банкка жумшоосу мүмкүн болгон жак тарабынан контролдонуучу бардык юри- дикалык жактан кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобо" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы № 2/3 токтому менен бекитилген)Положение · 17.02.2010 · № 2/3
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- Положение о мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным учреждениям, лицензируемым Национальным банком Кыргызской Республики (утверждено…Положение · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
- Правила совершения сделок с ценными бумагами в Кыргызской Республике (Утверждены постановлением Государственной комиссии при Правительстве КР по рынку ценных бумаг от 7 марта…Правила · 07.03.2002 · № 23 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-44" title="44-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>