49-6-статья. Банктык топтордун катышуучуларына карата колдонулуучу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
чаралар
1. Банктын аффилирленген жактары тарабынан Кыргыз банкынын жана/же
банктык мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берилген учурда же анын иши же финансылык абалы, Кыргыз банкынын пикири боюнча, банктын финансылык абалына жана банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян келтирсе же келтире турган болсо, Кыргыз банкы аффилирленген жактан бети ачылган укук бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүшүн талап кыла алат. Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен банктын аффилирленген жагынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш.
2. Кыргыз банкы банктын олуттуу катышуучуларынан алар тарабынан
контролдонуучулардын, Кыргыз банкынын пикири боюнча, иши банктын финан- сылык абалына жана банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян кел- тирген же келтириши мүмкүн болгон компанияларга карата чараларды көрүшүн талап кыла алат. Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен банктын олуттуу каты- шуучуларынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш.
3. Эгерде Кыргыз банкынын ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ыла-
йык коюлган талаптары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаса, Кыргыз банкы:
1) банктын туунду компаниясына тиешелүү учурда - банктан бул ком-
панияга бардык инвестицияларды токтото турууну талап кылууга;
2) банктык холдингдик компанияга тиешелүү учурда - банктык хол-
дингдик компаниядан банктын үстүнөн контролду жүзөгө ашыруусун токтото туруусун, анын ичинде акциялар боюнча добуш берүүгө укукту тике же кы- йыр түрдө жүзөгө ашыруусун токтото турууну жана Кыргыз банкы тарабынан макулдашылган (жактырылган) үчүнчү юридикалык жакка (ишеним боюнча баш- каруучуга) Кыргыз банкынын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде акцияларды ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылуу- га;
3) банктын аффилирленген жактарына тиешелүү учурда - аффилирленген
жактардан жана/же банктан мындай аффилирленген жактар менен банктын ор- тосундагы операцияларды, бүтүмдөрдү (тике жана кыйыр түрдө) жүргүзүүсүн токтото турууну талап кылууга;
4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компани-
яларга тиешелүү учурларда, олуттуу катышуучудан:
- банктын ишине катышуусун токтото турууну, анын ичинде акциялар
боюнча тике же кыйыр добуш берүүнү жүзөгө ашыруусун токтото турууну жа- на Кыргыз банкы тарабынан макулдашылган (жактырылган) үчүнчү юридикалык жакка (ишеним боюнча башкаруучуга) Кыргыз банкынын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде акцияларды ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- жана/же банк менен олуттуу катышуучунун ортосундагы жана/же банк
менен ага олуттуу катышуу жүзөгө ашырылып жаткан компаниянын ортосунда- гы операцияларды, бүтүмдөрдү (тике жана кыйыр түрдө) жүзөгө ашыруусун токтото турууну талап кылууга укуктуу. Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын (адамдардын) ортосундагы жа- зуу жүзүндөгү келишиминде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга тийиш. Банктын акцияларын ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактарга ишеним боюнча башкаруу ишеним боюнча башкаруучуга өткөрүп берүүсү алардын ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашуунун неги- зинде, Кыргыз банкы менен ишеним боюнча башкаруучунун макулдугунан (жактыруусунан) кийин жүзөгө ашырылат. Келишимде төмөндөгүлөр (мил- деттүү шарттар) каралууга тийиш:
- ишеним боюнча башкаруучунун банкты башкарууга катышуу укугу;
- ишеним боюнча башкаруучунун ушул статьянын 4-пунктунда белгилен-
ген учурларда баалуу кагаздар рыногунда акцияларды ажыратуу укугу. Ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактар (адам- дар) тарабынан Кыргыз банкынын талаптары аткарылбаган учурда, Кыргыз банкы ушул пункттун жоболоруна ылайык, көрсөтүлгөн жактардын (адамдар- дын) ишеним боюнча башкаруучу менен банктын акцияларын ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн сотко кайрылууга тийиш.
4. Эгерде Кыргыз банкынын ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ыла-
йык коюлган талаптары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаса, Кыргыз банкы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) банктын туунду же караштуу компаниясына тиешелүү учурда - банк
өзүнүн инвестициясын компания мындан ары банктын туунду же караштуу компаниясы болуп саналбай турган дењгээлге чейин азайтуусун талап кылу- уга;
2) банктык холдинг компанияларга тиешелүү учурда - банктын үстүнөн
контролду жүзөгө ашырууга уруксатты жокко чыгарууга жана банкта конт- ролду жана олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга;
3) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясына тиешелүү учурда
- банктык холдингдик компаниянын туунду компанияга же банкка контрол-
дукту токтотуусун талап кылууга;
4) банктын олуттуу катышуучулары болуп саналган компанияларга тие-
шелүү учурда - банктын олуттуу катышуучусу болуу укугуна уруксатты жок- ко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы менен ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактын (адамдардын) ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишиминде же Кыргыз банкынын көрсөтмөсүндө баяндалууга ти- йиш. Ушул пунктта каралган учурларда банктын акцияларын ажыратуу Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш. Жогоруда аталган жактар тарабынан Кыргыз банкынын талаптары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда Кыргыз бан- кы өзүнүн талаптарын соттук тартипте аткартууну талап кылууга тийиш.
5. Кыргыз банкы менен ушул статьянын 1, 2, 3, 4-пункттарында
көрсөтүлгөн жактардын (адамдардын) ортосундагы келишим - бул, белгилүү болгон укук бузууларды же кемчиликтерди Кыргыз банкы тарабынан белги- ленген мөөнөттө четтетүү боюнча ошол жак (адамдар) тарабынан чараларды көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим болуп саналат. Кыргыз банкынын көрсөтмөсү белгилүү болгон укук бузууларды же кем- чиликтерди Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетүүгө ба- гытталган милдеттүү түрдө аткарылуучу чараларды көрүү жөнүндө көрсөтмө болуп саналат. Кыргыз банкынын көрсөтмөсүнө даттануу анын аткарылышын токтото албайт.
6. Банктык топтун (банк болуп саналбаган) катышуучусуна, башка ый-
гарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөгө (контролго) та- андык болгон банктын олуттуу катышуучусуна карата ушул статьяга ылайык чаралар көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз банкы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрүлүүчү чаралардын негиздери жана мөөнөттөрү тууралу расмий билдирет. Кыргыз банкынын билдирүүсүнө байланыштуу ыйгарым укуктуу мам- лекеттик орган Кыргыз банкына ал тарабынан жүзөгө ашырылган аракеттер (чаралар, санкциялар) жөнүндө же банктык топтун катышуучусуна карата аракеттердин көрүлбөгөндүгүнүн себептери жөнүндө билдирүүгө тийиш. Банктын же анын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келүүчү кырдаалдарды оњдоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракетсиздиги же жетиштүү аракет көрбөгөндүгү учурунда Кыргыз банкы ушул статьяда каралган чаралардын кайсынысын болбосун колдонууга укук- туу.
7. Ушул статьянын жоболоруна ылайык банкка олуттуу катышууну
жүзөгө ашырууга же контролду жүзөгө ашырууга уруксатты Кыргыз банкы алып салган учурда ушул Мыйзамдын 44-статьясынын 7-пунктунун жоболору колдонулат.
8. Кыргыз банкы, эгерде анын пикири боюнча, банкты же анын аманат-
чыларын коргоо үчүн чараларды көрүүнүн зарылдыгын пайда кылган өзгөчө жагдай түзүлгөн болсо, ушул статьянын 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн чараларды токтоосуз колдонууга укуктуу. Банктарга жана банктык топтун башка катышуучуларына карата ушул Мыйзамдын башка жоболору тарабынан каралган чаралар жана санкциялар колдонулушу мүмкүн.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-49-6" title="49-6-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>