Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-статья. Проблемалуу банктын финансылык абалын оњдоо
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
1. Проблемалуу банктын финансылык абалы начарлап кеткен учурда
Кыргыз банкы акционерлердин алдына финансылык абалды оњдоо жөнүндөгү маселени коюуга, анын ичинде төмөндөгүдөй таасир чараларынын кайсынысын болбосун:
1) банк тарабынан финансылык абалын чыњдоо тууралу негизделген
катты - финансылык абалды жакшыртуу жөнүндө милдеттенме берүүнү;
2) банк менен банктын абалын оњдоо боюнча чараларды жүргүзүү жө-
нүндө кат жүзүндөгү келишимди түзүүнү;
3) жогорку адистиги бар консультантты дайындоону;
4) банкка кат жүзүндөгү эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүүнү;
5) банктык түздөн - түз көзөмөлдү киргизүүнү;
6) банктын жетекчилигин алмаштырууну;
7) акыркы инстанциядагы кредитор катары карыз каражаттарын берүү-
нү;
8) банкты башкаруу боюнча убактылуу жетекчиликти дайындоону;
9) банкты кайра уюштурууну жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу.
10) банктын финансылык абалын чыњдоо боюнча башка талаптар, анын
ичинде банкты капитализациялоо талаптары.
2. Финансылык абалын чыњдоо тууралу негизделген катты- милдеттен-
мени берүү банктын банктык көзөмөл органдарына өзүнүн ишинде кетирилип жаткан айкын кемчиликтердин бардыгын моюнга алуу менен аларды чет- тетүүнүн жолдорун көрсөткөн кат жүзүндөгү бир жактуу билдирүүсү деген- дикке жатат.
3. Банктын абалын оњдоо боюнча чараларды жүргүзүү тууралу кат
жүзүндөгү макулдашуу банктын Директорлор кењешинин төрагасы жана Кыргыз банкынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колдору коюлган күбөлөндүрүлгөн, банк ишиндеги олуттуу кемчиликтерди жөнгө салуу боюнча тезинен чараларды көрүү жөнүндө көзөмөл органы менен банктын ортосунда- гы расмий макулдашуу (протокол) түзүүнү билдирет.
4. Кыргыз банкы банкта түзүлгөн абалды оњдоого байланышкан чара-
ларды көрүү боюнча проблемалуу банкка консультация берүү үчүн жооптуу, адистиги бар кызматчыны дайындай алат. Мында, банкка консультация берүү менен байланышкан чыгымдар ошол банк тарабынан төлөнөт.
5. Банк көзөмөлү тарабынан банкка эскертүү, ал белгилүү бир норма-
ларды жана эрежелерди бузгандыгы, же анын туруктуулугуна жана ише- нимдүүлүгүнө коркунуч келтирген иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалым- доо зарыл болгон учурда жана кийин ага карата таасир берүүнүн кыйла олуттуу мүмкүндүгүн эскертүү максатында жасалат.
6. Түздөн-түз банктык көзөмөл Кыргыз банкынын ой-пикири боюнча
банк тобокелдик менен иштеп жана анын бул иши банктын ойдогудай абалына таасир бериши мүмкүн болгон, бирок, убактылуу администрацияны дайындоо- го же банк иштерин жүргүзүүгө берилген лицензияны кайтарып алууга не- гиздер жетишсиз учурларда киргизилет. Түздөн-түз банктык көзөмөл, ошондой эле, банктын финансылык аба- лын, банктын эсепке алуусун жана отчеттуулугун кыйла жакшы иликтөө мак- сатында жана Кыргыз банкы тарабынан аныкталган башка максаттарда да киргизилет.
7. Кыргыз банкы банктын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө корку-
нуч келтирген ишке банкты тартып жатышса, ошондой эле, банк банктык мыйзамдардын же Кыргыз банкынын нормативдик актыларынын талаптарын сак- табагандыгынын фактылары табылса, банктын аткаруучу кызмат адамдары- нын ыйгарым укугун токтотууну талап кылууга укуктуу мүмкүн.
8. Кыргыз банкы банктын бутуна тез турушун колдоо максатында банк-
тарга тиешелүү камсыздоосу болгон учурларда, алты айдан ашпаган мөөнөткө төлөп берүү шартында кыска мөөнөттүү кредиттерди бериши мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдарда банк системасынын бүтүндүгүн сактап калуу мак- сатында Кыргыз банкы камсыз болбогон же активдердин башка түрлөрү менен камсыз болгон кредиттерди Кыргыз банкы белгилеген шарттарда алты айга чейинки мөөнөткө бере алат.
9. Төмөндөгүдөй учурларда: банктын ишинде банктын администрациясы-
нын банктын ишин банк мыйзамдарына ылайык камсыздоо жөндөмсүздүгүнө байланышкан мыйзам бузуулар фактылары айкындалганда; банк алгылыксыз банк ишине тартылса; банктын финансылык абалы канааттандырарлык эмес болсо; банктын башкаруу органдарынын ортосунда баш аламандыкка алып ке- лүүчү пикир келишпестиктер келип чыкканда; банк жетекчилигинин алмашы- лышы менен банк башкарылбай калса; банктын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдар бузулганда; кызмат адамдарына карата жазык иши козголсо же аларга карата кылмыш-жаза тергөөсү башталса Кыргыз банкы убактылуу же- текчиликти киргизе алат.
10. Кыргыз банкы банктын финансылык абалын оњдоого байланышкан ти-
гил же бул чаралардын колдонулушунун тартиптери тууралу нормативдик ак- тыларды кабыл ала алат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө" жобо тууралуу токтомуПостановление · 30.09.2008 · № 36/5 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке лицензирования деятельности администраторов, осуществляющих процедуры процесса банкротства ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от…Положение · 07.07.1998 · № 432 · Күчүн жоготкон
- "О введении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 19.02.2014 · № 4/6
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-45" title="45-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>