30-статья. Акцияларды берүүнүн эрежелери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Банктын акциялары алардын ээсинин менчиги болуп саналат жана
республиканын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн. Банк мыйзамдарга каршы келбеген эрежелерди жана талаптарды ошондой эле, ошол банк тарабынан чыгарылган акцияларды жайгаштыруунун тартибине тиешелүү мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду белгилөөгө укуктуу.
2. Акцияларды өткөрүп берүүгө чектөөлөргө мыйзамдарда каралган
учурларда жол берилет. Кыргыз банкы банктын акцияларынын контролдук пакетин өткөрүп берүү боюнча чектөөлөрдү белгилей алат. Акцияларды берүүгө чектөөлөр акциялардын сертификатында же банктын акционерине берилүүчү көчүрмөдө чагылдырылууга тийиш.
3. Банктын акцияларынын он же андан ашык процентин күрөөгө коюуда
бүтүм жүргүзүүнүн болжолдуу белгиленген датасына чейин отуз күн калган- да Кыргыз банкынын алдын ала макулдугун алуу зарыл. Банктын күрөөгө коюлган акцияларынан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө, ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, Кыргыз бан- кынын макулдугусуз жол берилбейт. Кыргыз банкынын макулдугусуз күрөөгө коюлган акциялардан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө байланыштуу банктын күрөөгө коюлган акцияларын ажыратып алуу боюнча бү- түмдөр аны жүзөгө ашырган учурдан тартып жетишсиз делип саналат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-30" title="30-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>