17-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди кароого
алгандан кийин Кыргыз банкы банкка лицензия берүү жөнүндө алдынала уруксат бериши мүмкүн. Төмөнкүдөй себептердин бири эле болгондо Кыргыз банкы алдынала уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн:
1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу же башка документтер ушул
Мыйзамда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коюлган талаптарга жооп бербегенде;
2) документтерди ушул Мыйзамда белгиленген толук көлөмдө бербеген-
де. Көрсөтүлгөн тоскоолдуктар арыз берүүчү тарабынан четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат;
3) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-
мына ылайык күчүн жоготту)
4) ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктундагы 4-7-пунктчаларында
көрсөтүлгөн жактардын Кыргыз банкы тарабынан белгилеген талаптарга ыла- йык келбөөсү;
5) банктын эњ төмөнкү уставдык капиталынын өлчөмүнүн структурасы-
нын, аны түзүү булактарынын ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келбегенде;
6) минималдуу уставдык капиталдын Кыргыз банкы тарабынан белгиле-
ген мөөнөттө төлөнбөй калуусу;
7) арыз берүүчү тарабынан лицензия алууга анык эмес маалыматтарды
камтыган документтер берилгенде;
8) лицензия үчүн төлөм төлөнбөгөндө;
9) арыз берүүчүгө карата иштин ушул түрүн аткарууга ага тыюу сал-
ган соттун чечими болгондо;
10) Кыргыз банкына банк кирген банктык топ жөнүндө толук маалымат-
тар берилбей калганда;
11) акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайлары жана булактары туу-
ралу толук маалыматтар Кыргыз банкына берилбей калган учурларда, атап айтканда:
- берилген маалыматтардан акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайын
жана булактарын аныктоого мүмкүн болбосо;
- берилген маалыматка ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу бу-
лактары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлер- ге ылайык келбесе;
12) акционерлер ушул Мыйзамдын 44-статьясынын талаптарына ылайык
келбегенде;
13) мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча Кыргыз банкы арыз
берүүчүгө банк иштерин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн.
2. Эгерде ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 5-1-пунктунда көрсөтүлгөн
шарттар алдынала уруксат берилгенден кийин алты ай аралыгында аткарыл- баса Кыргыз банкы лицензия берүүдөн баш тарта алат.
3. Лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралу чечим ушул Мый-
замдын 13-статьясынын 5-1-пунктунун бардык шарттары аткарылгандыгы Кыр- гыз банкы тарабынан текшерилген учурдан тартып бир ай аралыгында кабыл алынууга тийиш.
4. Алардын негизинде алдынала уруксат берилген финансылык, укуктук
абалдын же башка жагдайлардын ар кандай өзгөрүүлөрүнө күбө болгон фак- тылар белгилүү болгондо Кыргыз банкы лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу. Алардын негизинде алдынала уруксат берилген банктын финансы- лык, укуктук абалынын же башка жагдайларынын олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгондугу жөнүндө арыз берүүчү он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш.
5. Кыргыз банкы лицензия берүүгө алдынала уруксатты же лицензия
берүүдөн баш тарткандыгынын негиздемелери тууралу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 01.12.2005 · № 158 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>