Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө»Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 24-сентябры ПЖ № 339 Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 , 2010-жылдын 18-ноябры №287 Жарлыгынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоо, пенсия менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, орто жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү, өлкөнүн экономикасына инвестиция катары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун акчалай ресурстарын тартуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн тиркелген Концепциясы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын тиркелген Планы (мындан ары - План) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ушул Жарлыктын жана Пландын аткарылышы үчүн жооптуу башка аткаруу бийлик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдары:
- Планды толук көлөмүндө жана белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырууну жана аткарууну камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү үчүн 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен кошумча каражаттарды издеп тапсын жана зарыл сметаны бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоонун Концепциясын жактыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 , 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 287 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
| N | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруу үчүн жооптуулар | Эскер- түү |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды түгөлдөөнү жүргүзүү | 2008-жылдын октябрь- ноябры | Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Социалдык фонд Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Финансы министрлиги, Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, Юстиция министрлиги, Улуттук банк | |
| 2 | Пенсиялык системага топтоо бөлүгүн киргизүүнү эске алуу менен 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин долбоорун даярдоо | 2008-жылдын октябры - 2009-жылдын январы | Социалдык фонд | |
| 3 | Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу: - "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө"; - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"; - пенсиянын топтоо бөлүгүн киргизүү, пенсиялык топтоолорду мурастоо укугу жагынан "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"; - "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө"; - жеке камсыздандыруу эсебинин атайын бөлүгүн киргизүү, инвестициялык киреше жөнүндө маалыматты берүү боюнча милдеттенмелерди белгилөө жагынан "Милдеттүү социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдуу) эсепке алуу жөнүндө"; - пенсиянын топтоо бөлүгүнө жумшалуучу камсыздандыруу взносторунун тарифтеринин ставкаларын белгилөө жагынан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө"; - "Лицензиялоо жөнүндө"; - "Баалуу кагаздардын рыногу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси | 2008-жылдын октябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2009-жылдын июль- октябры 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы 2009-жылдын июль- декабры | Социалдык фонд Социалдык фонд Социалдык фонд Социалдык фонд Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Социалдык фонд Социалдык фонд Социалдык фонд Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Юстиция министрлиги Социалдык фонд, Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Юстиция министрлиги | |
| 4 | "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн финансылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2008-жылдын ноябры - 2012-жылдын январы | Социалдык фонд, Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы | |
| 5 | "Топтоо пенсиялык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2008-жылдын ноябры - 2009-жылдын январы | Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы | |
| 6 | Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизүү: - депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди жана пенсиялык активдердин каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзүүгө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартибин; - башкаруучу компанияларга адистешкен депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө типтүү келишимди; адистешкен депозитарийге талаптарды; -инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптарды; - пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун эрежелерин -пенсиялык топтоолордун каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашырган брокерлерге талаптарды | 2009-жылдын июлу-2012- жылдын октябры 2009-жылдын июлу-2012-ж октябры 2009-жылдын июлу-2012-ж октябры 2009-жылдын июлу-2012-ж октябры 2009-жылдын июлу-2012-ж октябры 2009-жылдын июлу-2012-ж октябры | Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы Социалдык фонд Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, Улуттук банк, Социалдык фонд Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы |
КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту
| 8 | Пенсиялык топтоолордун каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо | 2009-жылдын октябры | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, Улуттук банк, Социалдык фонд | |
|---|---|---|---|---|
| 9 | Пенсиянын топтоо бөлүгүн финансылоого жумшалуучу акча каражаттарын эсепке алуу үчүн жеке камсыздандыруу эсептеринин атайын бөлүгүн киргизүү | 2009-жылдын апрель- декабры | Социалдык фонд | |
| 10 | Пенсиянын топтоо бөлүгүн киргизүүгө байланыштуу төмөнкүлөрдү эсепке алууну өркүндөтүү: - камсыздандыруу взносторун; - инвестициялык кирешени | 2009-жылдын апрель- декабры | Социалдык фонд | |
| 11 | Топтоо системасын киргизүүнүн маңызы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтык ишти жүргүзүү | дайыма | Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Социалдык фонд |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ( К Р Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 жарлыгы менен жактырылган)Концепция · 24.09.2008 · № 339
- КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Указ · 15.07.2009 · № 310
- КР Президентинин 2010-жылдын 18-декабрындагы №287 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын пенсиялык cистемасына топтоо бөлүгүн…Указ · 18.11.2010 · № 287
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.01.2009 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №257 "Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2009 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Концепция дальнейшего реформирования пенсионной системы в Кыргызской Республике (Одобрена Указом Президента Кыргызской Республики от 19 февраля 2003 года № 56)Концепция · 19.02.2003 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 19 февраля 2003 года УП №56 "Об одобрении Концепции дальнейшего реформирования пенсионной системы в Кыргызской Республике"Указ · 19.02.2003 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №404 "2010-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2011 · № 404 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 227 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 07.05.2009 · № 227 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Указ Президента КР от 19 февраля 2003 года УП №56 "Об одобрении Концепции дальнейшего реформирования пенсионной системы в Кыргызской Республике"Указ · 19.02.2003 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.