Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-01-30.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-январы №60 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №648 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдагы Мыйзам долбоорлоо ишмердиги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдагы Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына (мындан ары - План), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген программаларга, пландарга жана иш-чараларга ылайык жүргүзүлгөн. 2008-жылы 167 мыйзам долбоору жана 13 башка нормативдик укуктук актылардын долбоору, анын ичинен 34ү пландуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге көтөргөн 233 мыйзам долбоорун кабыл алган, анын ичинде 16 мыйзам долбоору пландуу тартипте иштелип чыккан. Планда 94 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу каралган. Аны ишке ашырууга 31 мамлекеттик орган катышкан, алардын 25и жооптуу аткаруучулар, 6 тең аткаруучулар катары тартылган. Планды ишке ашырууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду катышкан. Планды ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июнундагы № 353, 2008-жылдын 28-июлундагы № 400 жана 2008-жылдын 30-декабрындагы № 737 токтомдору менен 48 пункт күчүн жоготту деп табылган. Иштеп чыгуу үчүн Планда каралган нормаларды камтуучу мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандыгына байланыштуу мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуунун максатка ылайык келбестиги Пландан айрым пункттарды алып салуунун негизи болуп эсептелген. Ошону менен бирге Пландын айрым пункттары жооптуу аткаруучу - мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жоюлуп жаткан мыйзам долбоордун жоболору ошол эле орган тарабынан пландуу тартипте иштеп чыгарылуучу башка мыйзам долбоордо кайталангандыгына байланыштуу алып салынган. Бул айрым мамлекеттик органдардын мыйзам долбоорлоо иштерин пландоо маселелерине алдын ала ойлонбостон мамиле кылуусун билдирет. Мыйзам долбоорлорду кылдат менен толуктап иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын долбооруна киргизүүгө байланыштуу Пландын пункттарын алып салуу практикасы колдонулууда. Мыйзам долбоорлоо иштеринин учурдагы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн ушундай практикасы мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзбөйт, учурдагы планды аткарууга калыс жана сапаттуу талдоо жүргүзүүгө жана андан ары аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүгө жол бербейт. Пландын пунктун алып салуу боюнча демилге кылуу же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунан кыйла жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон жаңы кабыл алынган нормативдик укуктук актыларга ылайык гана мөөнөтүн өзгөртүү бул практиканы болтурбоого мүмкүндүк түзмөк. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган пландуу жана пландан тышкаркы мыйзам долбоорлордун санынын катышы 2008-жылы тиешелүү түрдө 18,8 жана 81,2 процентти түзгөн, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-2007-жылдар үчүн пландуу жана пландан тышкаркы мыйзам долбоорлордун санынын катышы тиешелүү түрдө 2,7 жана 97,3; 5 жана 95 процентти түзгөн. Талдоо көрсөткөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008-жылы пландуу тартипте иштеп чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберген мыйзам долбоорлору 2006-2007-жылдарга караганда көбүрөөк. Ошону менен бирге Планды толук эмес ишке ашыруу министрликтер жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин сапатсыз пландоолору жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарында көрсөтүлгөн мөөнөттөр менен ички ведомстволук пландардын мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу мөөнөтүнүн дал келиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлорду жактыруу жөнүндө чечимин кабыл алуунун жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнүн мөөнөттөрүн бузууга алып келүүдө. Мындан тышкары мамлекеттик органдар финансылык маселелерге тийиштүү көңүл бурбай жатышат: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынуучу мыйзамдардын жоболорун андан ары натыйжалуу ишке ашыруу үчүн каржылоо булагын милдеттүү түрдө аныктоону караган жоболору эске алынбай калууда. Мыйзам долбоорлоо иштерине жүргүзүлгөн талдоо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун төмөнкү катачылыктарын да аныктаган, аларды жоюу бул багыттагы иштин сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт:
- иштелип чыгуучу долбоорлорго формалдуу мамиле кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде белгиленген мөөнөттөрдү мыйзам долбоорлорду макулдашууда бузуу;
- мыйзам долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жоболордун, ошондой эле ички карама-каршылыктардын жана кайталануучу нормалардын болушу.
Норма жаратуу ишмердигин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин тиркелген планы (мындан ары - 2009-жылга план) бекитилсин.
2. 2009-жылга пландан пункттарды алып салуу же алардын аткаруу мөөнөтүн которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунан кыйла жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон жаңы кабыл алынган нормативдик укуктук актыларга ылайык гана жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. 2009-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишмердигин пландоо сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- бул токтом кабыл алынгандан кийин эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын, алар бекитилген күндөн кийин 7 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен 2009-жылга планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- квартал сайын 2009-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп турсун;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча - 2008-жылдын 10-июлуна жана 2010-жылдын 10-январына чейин 2009-жылга планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын пункттарын айрым мамлекеттик органдардын аткарбоосунун жана тийиштүү эмес аткаруусунун себептерине талдоо жүргүзсүн жана Пландын аткарылбашына жол берген күнөөлүү адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизсин.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине жана жетекчилеринин орун басарларына тейлөөчү маселелер боюнча 2009-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу иштеп чыгуу жана Өкмөттүн кароосуна киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен өз ара иштешүү боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлчүлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №60 токтому менен бекитилген
2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ
№
Мыйзам долбоорунун аталышы
Аткарылышына жооптуулар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого киргизүү мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн долбоорду жактыруу жана Жогорку Кеңештин карооосуна киргизүү жөнүндө токтомун кабыл алуу мөөнөтү
Эскертүү
Жарандардын укуктарын коргоо тармагында
1
Жарандык коргонуу жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
I квартал
I квартал
«Жарандык коргоону жѳнүндѳ» жана «Территорияларды жана калкты коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жоболорунун ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасында жарандык коргонуунун мамлекеттик комплекстүү тутумун түзүү максатында
2
Туроператордун жана турагенттиктин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө
Экономикалык тескөө министрлиги, Каржылык көзөмөл
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри 2008-жылдын 13-майында өткөргөн кеңешменин № 16-5 протоколун аткаруу үчүн, туристтердин мүлктүк жана башка кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле тейлөөнүн сапатын жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууда туроператордун жана турагенттиктин экономикалык кызыкчылыктарын пайда кылуу максатында
4
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пакттын экинчи факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
Адилет министрлиги, ТИММ (макулдашуу боюнча)
IV квартал
2010- жылдын II кварталы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 2-январындагы № 1 жарлыгы менен бекитилген «2002-2010-жылдар мезгилине «Адам укуктары» улуттук программасын жүзөгө ашыруу алкагында
Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу тармагында
5
Кыргыз Республикасынын коргонуусу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө
Коргоо министрлиги
II квартал
III квартал
Мыйзамды Куралдуу Күчтөрдүн курамына, Куралдуу Күчтөрдү колдонуу боюнча кызмат адамдарынын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү нормативдик укуктук актыларга ылайык келтирүү
8
Аскердик абал жөнүндө
Коргоо министрлиги
I квартал
I квартал
Аскердик абал киргизүү, алып салуу жана кармоо тартибин аныктаган мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
9
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Юстмин, МУКК (макулдашуу боюнча), Билиммин, МАК, Эмгекмин
II квартал
III квартал
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн террористтик жана диний экстремисттик уюмдардын түзүлүшүнө жол бербөө, коммерциялык эмес уюмдар жаатында мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу максатында
10
Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармап туруу боюнча операцияларга катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө
Коргоо министрлиги
III квартал
IV квартал
Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча операцияларга Кыргыз Республикасынын аскердик контингенттеринин катышуу процессин жөнгө салган укуктук базаны түзүү максатында
Социалдык камсыздоо тармагында
11
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Соцфонд (макулдашуу боюнча), Эмгекмин
I квартал
I квартал
Пенсиянын топтоо бөлүгүн киргизүү, пенсиялык топтоолорду мурастоо укугун киргизүү жаатында «Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумуна топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында
12
«Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Эмгекмин, Соцфонд (макулдашуу боюнча)
I квартал
I квартал
«Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумуна топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында
15
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялардын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө
Соцфонд (макулдашуу боюнча), Каржылык көзөмөл
I квартал
I квартал
«Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумуна топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгын жана «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
16
Пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө
Каржылык көзөмөл, Соцфонд (макулдашуу боюнча)
I квартал
I квартал
«Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумуна топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгын жана «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
18
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Эмгекмин
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 315 «Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында
19
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Соцфонд (макулдашуу боюнча)
I квартал
I квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында
20
«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Соцфонд (макулдашуу боюнча)
I квартал
I квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында
21
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Соцфонд (макулдашуу боюнча)
I квартал
I квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында
22
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Соцфонд (макулдашуу боюнча)
I квартал
I квартал
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында
23
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эмгекмин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 349-р буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ
II квартал
II квартал
Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин жоболорун жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу жана ювеналдык юстиция тутумунун иштешин өнүктүрүү максатында
Бюджеттик мамилелер тармагында
24
«Республиканы өнүктүрүү фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экономикалык тескөө министрлиги, Каржы министрлиги, Экономиканы өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча), Улуттук банк (макулдашуу боюнча)
I квартал
II квартал
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
25
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Каржы министрлиги
II квартал
III квартал
Орто жана мектепке чейинки билим берүү тармагында кызмат көрсөтүү жөнүндө маселени жөнгө салуу максатында
26
«Салык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Каржы министрлиги
II квартал
III квартал
«Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баалуу металлдардын жана баалуу таштардын базарын либерализациялоо максатында
27
«2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жыл- дарга божомол жөнүндө»
Каржы министрлиги
III квартал
III квартал
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
Мал чарбачылык тармагында
29
Малчылыктагы асыл тукум иши жөнүндө
Айыл чарба министрлиги
I квартал
II квартал
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
30
Ветаринария жөнүндө
Айыл чарба министрлиги
I квартал
II квартал
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
31
Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө
Айыл чарба министрлиги
II квартал
III квартал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901токтомуна жана «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
Ишкердик иш жүргүзүү тармагында
32
«Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Мамархкурулуш
II квартал
III квартал
Дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» отчету (II этап) боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртуу боюнча реформаны өткөрүү алкагында объекттерди курууга уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында
33
«Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар боюнча бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
МКК, Мамкурулуш, Экономикалык тескөө министрлиги
II квартал
III квартал
Кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укугун каттоо жол-жоболорун оптимизациялоо максатында:
- катталган укуктар жөнүндө маалымат берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мөөнөттөрүн кыскартуу
34
Атаандаштык жөнүндө
Антимонополиялык саясат боюнча мамагенттик
II квартал
III квартал
Базарларда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштык мамилелерин жөнгө салган нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
35
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №648 токтомунун редакциясына ылайык алып салынды)
36
«Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Энергиямин
II квартал
III квартал
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
37
Электр энергиясынын базары жөнүндө
Энергиямин
II квартал
III квартал
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында
38
Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Экономикалык тескөө министрлиги
II квартал
III квартал
«Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына аткаруу максатында
39
Ички суу транспорту жөнүндө
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
III квартал
IV квартал
Суу транспорту тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүү максатында
40
Лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө
Экономикалык тескөө министрлиги, Мамархкурулуш, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
IV квартал
2010- жылдын I кварта- лы
Лицензиялоо-уруксат берүү тутумун өркүндөтүү жана лицензияларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында, ошондой эле Дүйнөлүк банкттын «Бизнес жүргүзүү» отчету (II этап) боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртуу боюнча реформаны өткөрүү алкагында жеке эксперттерди (эксперттөө уюмдарын) сертификациялоо (аккредитациялоо) жөнүндө долбоордук документацияны же жоболорду экспертизадан өткөрүү боюнча ишти лицензиялоону киргизүү максатында
Баалуу кагаздардын базарын өнүктүрүү тармагында
41
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи жөнүндө
Каржылык көзөмөл
I квартал
I квартал
«Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын борбордук депозитарийин түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 513 токтомун жүзөгө ашыруу алкагында фонд базарынын эсебин алуу тутумун өркүндөтүү максатында
42
«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Каржылык көзөмөл
II квартал
III квартал
Акционердик коомдордун негизги каражаттарын кайра баалоо жолу менен компаниялардын стратегиялык инвестициялык саясатын түзүү максатында
43
Турак жай сертификаттары жөнүндө
Каржылык көзөмөл
II квартал
III квартал
Турак жай курууда, кайра курууда жана сатып алууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында
44
Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө
Каржылык көзөмөл
II квартал
III квартал
Каржылык-насыя тутумун бекемдөө жана экономиканы өнүктүрүү максатында
45
Кепилдик фонд жөнүндө
Каржылык көзөмөл
III квартал
IV квартал
Каржы базарынын абалын жакшыртууга жана камсыздандыруу базарын өнүктүрүүгө багытталган
46
Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылган баалуу кагаздар жөнүндө
Каржылык көзөмөл
IV квартал
2010- жылдын I кварта- лы
«Кыргыз Республикасында ислам каржылык кызмат көрсөтүүлөрүнүн индустриясын киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 токтомунун алкагында каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү максатында
Курчап турган чөйрөнү коргоо тармагында
57
Өзгөчө коргоого алынган табигый аймактар жөнүндө
Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасы боюнча мамагенттик
II квартал
III квартал
Өзгөчө коргоого алынган табигый аймактарды коргоо жана пайдалануу тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
58
Биологиялык коопсуздук жөнүндө
Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасы боюнча мамагенттик
II квартал
III квартал
Генетикалык өзгөрүлгөн организмдерден жана азыктардан коргоо максатында
Мамлекеттик башкаруу тармагында
59
Соттук-эксперт- тик иш жөнүндө
Адилет министрлиги, ИИМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги, МУКК (макулдашуу боюнча), Башкы прокуратура, Жогорку сот (макулдашуу боюнча)
II квартал
III квартал
Соттук экспертизанын натыйжалуулугун жана пайдалануунун сапатын жогорулатуу, эксперттик иштин маанисин жогорулатуу максатында
60
«Электрондук сандык кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Транспорт жана коммуника- циялар министрлиги
II квартал
III квартал
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес маалыматтык ресурстарды түзүү жана натыйжалуу иштетүү, маалыматтык тутумдарды өнүктүрүү максатында
61
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Адилет министрлиги
II квартал
III квартал
« Нотариат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун « Мамлекеттик алым жѳнүндѳ » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна төп келтирүү максатында
62
«Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы редакциядагы Мыйзамы
Адилет министрлиги
II квартал
III квартал
Жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу алкагында адвокатура институтун реформалоо максатында
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 42 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 декабря 2009 года №820 "Об утверждении Плана законопроектных работ Правительства Кыргызской Республики на 2010 год"Постановление · 29.12.2009 · № 820 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №648 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 19.10.2009 · № 648 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №782 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 782 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (42)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомуКыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон…Постановление · 21.11.2008 · № 635
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө"ЖарлыгыУказ · 24.09.2008 · № 339
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Инвестициялык фонддор жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.09.2008 · № 513
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
42 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.