Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын пенсиялык cистемасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК
2010-жылдын 18-декабры №287 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын пенсиялык cистемасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча Концепцияны жана Иш-чаралар планын өркүндөтүү жана андан ары ишке ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) жогоруда аталган Жарлык менен жактырылган Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү Концепциясынын 2-главасынын отуз тогузунчу абзацындагы «бир жылдан» деген сөздөр «үч жылдан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча Иш-чаралардын планында:
- 4-пунктундагы «2009» цифралары «2012» цифралары менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы «2009-жылдын июль-октябры» деген цифралар жана сөздөр «2009-жылдын июлу - 2012-жылдын июлу» деген цифралар жана сөздөр алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ( К Р Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 жарлыгы менен жактырылган)Концепция · 24.09.2008 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө"ЖарлыгыУказ · 24.09.2008 · № 339
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №404 "2010-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2011 · № 404 · Күчүн жоготкон