Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 15-июлу ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын Концепциясын жана Планын андан ары турмушка ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) жогоруда аталган Жарлык менен жактырылган Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн Концепциясында:
- бүткүл текст боюнча «адистешкен» деген сөз алып салынсын;
- 2-пункттун отуз жетинчи абзацында:
«2009-жылдын экинчи жарымынан баштап» деген сөздөр «2010-жылдын 1-январынан баштап» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «2009-жылы 328,3 млн. сомго барабар болду» деген сөздөр «2010-жылы 693,3 млн. сомго барабар болот» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта «Атайын депозитарий» деген сөз «Депозитарий» деген сөз менен алмаштырылсын;
б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын Планында:
- 3-пунктта:
бешинчи абзацта «2008-жылдын ноябры2009-жылдын январы» деген сөздөр жана цифралар «2009-жылдан июль - октябры» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын; сегизинчи жана он биринчи абзацтар алып салынсын; он үчүнчү абзацта «2008-жылдын ноябры2009-жылдын январы» деген сөздөр жана цифралар «2009-жылдын июль - декабры» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
«адистешкен» деген сөз алып салынсын, «февраль - апрели», «март апрели», «апрель - майы» деген сөздөр «июль-октябры» деген сөздөр менен алмаштырылсын; бешинчи абзац алып салынсын; жетинчи абзацта «пенсиялык топтоолорду инвестициялоого талаптарды» деген сөздөр «пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун эрежелерин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
8-пунктта «марты» деген сөз «октябры» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктта «майы» деген сөз «декабры» деген сөз менен алмаштырылсын;
10-пунктта «майы» деген сөз «декабры» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ( К Р Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 жарлыгы менен жактырылган)Концепция · 24.09.2008 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө"ЖарлыгыУказ · 24.09.2008 · № 339
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 191 · Күчүн жоготкон