Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-сентябры ПЖ № 402
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын
өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Республиканын пенсионерлеринин турмуш дењгээлин колдоо максатында
токтом кылам:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык
бөлүгү 2007-жылдын 1-октябрынан тартып 400 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык 2007-жылдын 1-октябрына чейин дайын-
далган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн суммасы 2007-жылдын
1-октябрынан тартып 10 процентке жогорулатылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тариф-
тер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык
төлөмдөр жөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы № 105, "Калк үчүн электр ку-
батына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын соци-
алдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 28-апре-
линдеги № 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык
төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын
өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлбөйт.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте
пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана аларды жањы өлчөмдөрдө
төлөөнү камсыз кылсын.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №257 "Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2009 · № 257 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2007-жылга карата бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" 2008-жылдын 16-августундагы № 458 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуПостановление · 16.08.2008 · № 458 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги №218 "Кыргыз Республикасын 2009-2011-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2009 · № 218 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-апрелиндагы ПЖ № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан…Указ · 28.04.2006 · № 192 · Күчүн жоготкон