Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-январы № 16
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасын 2008-жылга
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
божомолу жөнүндө
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аныктоого көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономика-
лык өнүктүрүүнүн божомолу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына квартал сайын, отчеттук
мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен акча-кредит саясатын
жүргүзүү жөнүндө маалыматты жана Кыргыз Республикасынын төлөм балансы-
нын абалы жөнүндө алдын ала маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономи-
калык өнүктүрүү жана соода министрлигине берип туруу сунушталсын.
3. Тармактык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административ-
дик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары ай сайын, отчеттук
мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен тышкы жана ички фактор-
лорду эске алуу менен тейлөөчү тармагынын өнүгүүсүнүн иш жүзүндөгү аба-
лы жана божомолу жана мүмкүн болгон терс факторлордун таасирин токтотуу
боюнча чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлигине берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги:
- божомолдоо маселелеринде, анын ичинде бирдиктүү методологиялык
базаны өздөштүрүү жана пайдалануу бөлүгүндө министрликтердин, мамлекет-
тик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин
башка органдарынын ишмердиктерин координацияласын;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто
мөөнөттүү (үч жылдык) божомолуна өтүү мүмкүндүгүн караштырсын;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен
2008-жылдын акырына чейин Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн алдын ала божомолун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-
ратына берип турушсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-январындагы
№ 16 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасын 2008-жылга
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
БОЖОМОЛУ
Киришүү
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода
министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
23-октябрындагы № 419-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жу-
мушчу топ менен бирдикте даярдалды.
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолунун негизги максаты экономиканы өнүктүрүүнүн оптималдык
сценарийин түзүү, мүнөздүү багыттарын жана өбөлгөлөрүн тактоо жана кон-
креттештирүү, колдо болгон ресурстарды жана тобокелчиликтин мүмкүн бо-
луучу факторлорун табуу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолу мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2008-жылга иш-аракеттер программасынын долбоорлорун иштеп чыгуу
үчүн негиз катары колдонулат.
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолу экономиканын иштешинин ички жана тышкы шарттарынын өзгөрү-
шүнө карата жањы мүнөздүү багыты табылган учурда, тобокелдиктин жањы
факторлору пайда болгондо такталышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолун иштеп чыгууда төмөнкүлөр эске алынды:
- 2007-жылды кошо алганда өткөн жылдар үчүн түзүлгөн багыттар;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы №
249 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы
менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясында ка-
ралган саясаттын чаралары жана иш-аракеттердин планы;
- "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
2007-жылдын I кварталындагы жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-майындагы № 191 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга иш-аракеттер
планы;
- 2007-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөө-
нөттүү божомолунда каралган бюджеттик саясаттын чаралары;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-
ринин, администрациялык ведомстволорунун, Улуттук банкынын сунуштары.
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолу өнүгүүнүн мүмкүн болгон үч сценарийин эске алуу менен иш-
телип чыкты (1-таблица):
- базалык сценарий, экономикалык өсүшүнө карата сакталып турган
мүнөздүү багыттарынын жана колдогу ресурстардын негизинде иштелген;
- оптимисттик сценарий, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү жана экономика-
лык өсүү үчүн резервдерди, ошондой эле ички жана тышкы конъюнктуранын
мүмкүн болгон позитивдүү өзгөрүүлөрүн эске алуу менен иштелген;
- пессимисттик сценарий, күтүлүүчү терс факторлордун таасирин эске
алуу менен иштелген.
Биринчи бөлүмдө 2006-2007-жылдар үчүн негизги экономикалык сектор-
лордогу өнүгүшүнө карата тенденциялар баяндалган.
Экинчи бөлүмдө өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон үч сценарийи камтылган.
Базалык сценарийде, экономикалык саясаттын чараларын, колдо болгон ре-
сурстарды жана калыптанган тенденцияларды эске алуу менен социал-
дык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн негизинде эконо-
миканын тармактары боюнча иштелген.
Оптимисттик жана пессимисттик сценарийлерде социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү тиешелүү түрдө оњ жана терс фактор-
лордун таасирлерин эске алуу менен экономика тармактары боюнча иштел-
ген.
Үчүнчү бөлүмдө иштелип чыккан сценарийлердин негизинде ИДПны өндү-
рүүчү секторлорго карата максаттуу параметрлери аныкталган.
Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн божомолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттери-
нин программасын иштеп чыгууда пайдаланылды.
1. Кыргыз Республикасын 2006-жылы
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тенденциялары
жана 2007-жылдын жыйынтыктары
1.1. Кыргыз Республикасын 2006-жылы социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн жыйынтыктары
2006-жылда макроэкономикалык абалды бекемдөөнүн оњ тенденциясы
байкалды. 2005-жыл менен салыштырганда ИДП 2006-жылы 3,1 процентке
көбөйгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин
такталган маалыматы боюнча 113800,1 млн. сомду түзгөн. ИДПнын реалдуу
өсүшү "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларын эсепке албаганда 5,7
процентти түзгөн. Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 21,8 мињ
сомду түзгөн жана 1,7 процентке өскөн.
Номиналдуу ИДПнын структурасында айыл чарбасынын кошумча наркынын
үлүшү 28,6 процентти, өнөр жайда - 14,9 процентти, соодада, автомобил-
дерди, тиричилик буюмдарды жана жеке колдонуучу буюм-заттарды оњдоодо
18,3 процентти, транспортто жана байланышта - 6,1 процентти, курулушта
- 2,7 процентти, мейманканада жана ресторандарда - 1,4 процентти түз-
гөн. Кошумча нарктын ИДПдагы өнөр жайынын үлүшү өткөн жылга салыштыр-
ганда 2,4 проценттик пунктка кыскарган.
Максаттуу багытталган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын
жүргүзүүнүн натыйжасында инфляциянын дењгээли бир калыпта калган жана
105,6 процентти түзгөн. ИДПнын дефлятору 0,2 процентке көбөйгөн жана
109,4 процентти түзгөн.
Валюталар рыногунда кырдаал туруктуулугун сактап калды. Сом АКШ
долларына карата бекемделди. АКШ долларынын сомго карата расмий орточо
жылдык курсу бир доллар үчүн 40,16 сомду түзгөн жана 2005-жыл менен са-
лыштырганда 2,1 процентке төмөндөгөн.
Банк чөйрөсүндө абал байкаларлык жакшырды. Реалдуу секторду кре-
диттөөнүн өсүшү байкалды. Коммерциялык банктардын кредиттик капчыгы дэ-
эрлик 1,5 эсе көбөйгөн жана 11,35 млрд. сомду түзгөн. Коммерциялык
банктардын депозиттик базасы 28,8 процентке көбөйгөн жана 2006-жылдын
декабрь айынын аягына карата 16,8 млрд. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2727,2 млн. АКШ дол-
ларын түзгөн жана 2005-жылга салыштырганда 46,4 процентке көбөйгөн.
Экспорттун көлөмү 18,1 процентке өскөн жана 796 млн. АКШ долларын
түзгөн. Алтынды экспорттоонун көлөмүн эсептебегенде экспорттун көлөмү
33,1 процентке көбөйгөн жана 590 млн. АКШ долларын түзгөн. Импорттун
көлөмү 62,5 процентке көбөйгөн жана 1931,2 млн. АКШ долларын түзгөн.
Соода балансынын сальдосу терс көрсөткүчтө ээ болду жана 1135,2
млн. АКШ долларын түзгөн, бул 2005-жылга салыштырганда 2,2 эсе жогору.
Товар өндүрүүчү тармактарда ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарбасынын
жана курулуштун эсебинен камсыз болгон. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ИДП-
нын өсүшү 3,4 процентти, анын ичинде соодада, автоунааларды, тиричилик
буюмдарын жана жеке колдонуучу буюмдарды оњдоодо 2,6 процентти, мейман-
каналарда жана ресторандарда 0,3 процентти транспортто жана байланышта
0,2 процентти түздү.
Ошону менен бирге, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү олуттуу кыскарып
(90,7%ке чейин), ИДПнын 1,7 процентке төмөндөшүнө алып келди.
Кен казуу өнөр жайларында өндүрүштүн өсүү темпи 114,8 процентти
түздү. Муну менен катар эле, кен чыккан жерлерде запастардын табигый
түгөнүүсүнүн, ошондой эле мунай, газ жабдууларынын өтө эскиришине
(85-90%) байланыштуу чийки мунай жана жаратылыш газын алуу (7,25%ке)
кыскарган.
Иштетүү өнөр жайынын көлөмүнүн 8,9 процентке азайышына "Кумтөр"
кенинде алтын өндүрүүнүн кыскарышы терс таасир көрсөттү. "Кумтөр" кенин
иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 10
процентке текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн, тамак-аш, башка металл эмес
минералдык продукцияларды өндүрүүнүн эсебинен өскөн.
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү 0,9
процентке азайган, бул экспорттун кыскарышынын жана жоготуулардын жо-
горку дењгээлинин натыйжасы болуп эсептелет. Энергетика секторунда
структуралык реформалардын бүтпөгөндүгү инвестицияларды тартууну, энер-
гокомпаниялардын финансылык жактан жакшыртылышын чектеген.
1-сүрөт. Өнөр жай тармагынын өсүү темпинин 2003-2006-жылдардын
аралыгындагы динамикасы
Айыл чарбасында өндүрүштүн реалдуу өсүшү 1,5 процентти, өсүмдүк
өстүрүүдө - 2 процентти, мал чарбачылыгында - 1,0 процентти түзгөн.
Инвестициялык жана курулушта активдүүлүк жогорулады. Негизги капи-
талдагы инвестициянын көлөмү 18771,3 млн. сомду түзгөн, бул 2005-жылга
караганда 18,2 процентке көп. Инвестициянын негизги көлөмү подряддык
иштерди түздү.
Негизги капиталга салынган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү транспорт
жана байланышка (өздөштүрүлгөн инвестициянын жалпы көлөмүнөн 30,1%) кен
казууга (20,46%), иштетүү өнөр жайына (8,7%), электр энергиясын, газды
жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүгө (6,8%) турак жай курууга (19,38%)
багытталган.
Курулуш продукцияларынын дүњ продукциясынын жалпы көлөмү 13335,9
млн. сомду түзүп, 2005-жыл менен салыштырганда реалдуу өсүш 8,5 про-
центти түзгөн.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле экономиканын ыкчам өнүккөн
сектору бойдон калууда. Кызмат көрсөтүү көлөмү 2005-жыл менен салыштыр-
ганда реалдуу өсүш 8,3 процентти түздү.
Соода жана автоунааларды ремонттоо (кызмат көрсөтүүлөрдөгү үлүшү
43 проценттен жогору) кызматтарын көрсөтүүнүн өсүшү 14 процентти
түзгөн. Чекене сооданын өсүү тенденциясы (15,1%) сакталды.
Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн өсүшү
бул түрлөргө керектөө суроо-талаптарынын жогорулагандыгынын эсебинен
19,7 процентти түздү.
Байланыш кызматын көрсөтүүчү операторлордун санынын
көбөйгөндүгүнүн жана абоненттик базанын өсүшүнүн эсебинен почта жана
электр байланышы 13,7 процентке өскөн.
Транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүк ташуу көлөмү
2005-жылга салыштырганда автомобиль транспорту (2,2%ке), темир жол
транспорту (12,1%ке) менен жүк ташуунун көбөйгөндүгүнүн эсебинен 2,8
процентке жогорулаган.
Экономикадагы позитивдүү тенденциялар социалдык чөйрөдө абалдын
жакшырышына түрткү берди. Минималдуу керектөө бюджети (мындан ары -
МКБ) калктын жан башына алганда орточо бир айда 2377,24 сомду түзгөн.
2006-жылы орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 3091
сомду түзгөн. 2006-жылдын 1-октябрынан баштап социалдык чөйрөнүн кыз-
маткерлеринин эмгек акылары 30 процентке көбөйтүлгөн.
1.2. Кыргыз Республикасын 2007-жыл үчүн социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн жыйынтыктары
Туруктуу экономикалык өсүүнүн жогорку темпи калыбына келтирилди.
ИДПны өндүрүү 139749,4 млн. сомду суммасында түзүлгөн, ал эми 2006-жыл
менен салыштырганда анын реалдуу өсүшү 8,2 процентти түзгөн. ИДПнын ре-
алдуу өсүшү "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, эко-
номиканын бардык секторунда өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен 8,7 процентти
түздү.
2-сүрөт. 2007-жыл үчүн ИДПнын 2006-жылдын ушул эле мезгилине
карата проценттик динамикасы
Биринчи жарым жылдыкта экономикалык өсүштүн жогорку темпи менен
катар эле, экинчи жарым жылдыкта (августтан баштап) экономикалык
өсүштүн басањдашы байкалган, бул негизинен 2006-жылдын ушул мезгилине
салыштырганда чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн, курулуштун жана айыл
чарба продукцияларын өндүрүүнүн азайгандыгы менен байланыштуу. Бул не-
гизги тамак-аш азыктарына жана курулуш материалдарына баалардын кескин
өсүшү, ошондой эле дан эгиндеринин түшүмүнүн кыскарышы менен шарттал-
ган.
Тамак-аш азыктарына баалар олуттуу өстү. Нан азыктары жана акшак-
тар 32,0 процентке, өсүмдүк жана малдын майы - 19,6 процентке, жањы
бышкан мөмө жемиштер жана жашылчалар - 12,1 процентке, сүт - 8,8 про-
центке, жумуртка - 6,5 процентке, кант - 1,1 процентке кымбаттаган. Ал-
коголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа 2,4 процентке жогорула-
ды. Азык-түлүк эмес товарларга баа 1,1 процентке өстү. Калкка
көрсөтүлүүчү акы төлөп кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жана тарифи 3,7 про-
центке өскөн, бул билим берүү 1,5 процентке, мейманкана жана ресторан-
дардын кызмат көрсөтүүлөрү - 14,9 процентке жогорулагандыгы менен шарт-
талган. Мектепке чейинки мекемелерге акы төлөө 5,1 процентке өскөн.
Ошону менен катар эле, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн баасы 3 процентке ар-
зандагандыгы белгиленген.
Сырье ресурстарына, анын ичинде дан жана мунайга дүйнөлүк баанын
өсүшүнө байланыштуу продукция өндүрүүчүлөрдүн баасынын көбөйүү тенден-
циясы уланууда. Былтыркы жылга салыштырганда өнөр жай продукциясын
өндүрүүчүлөрдүн баасынын индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштыр-
малуу 109 процентке өскөн, айыл чарба продукциясы - 131,6 процентке
өскөн. 2006-жылдын декабрына карата азык-түлүк продуктылары жана алко-
голсуз суусундуктар 33,1 процентке жогорулаган, алкоголдук ичимдиктер
жана тамеки - 6,4 процентке, азык-түлүк эмес товарлар 6,7 процентке,
кызмат көрсөтүүлөр - 10,2 процентке кымбаттаган.
Баалардын кескин жогорулашы менен болгон абал Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү тарабынан инфляцияны токтотуп туруу жана азык-түлүк коопсуз-
дугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды жүргүзүүнү талап кылды.
Бул максатта Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуп туруу боюнча
иш-чаралардын планы бекитилген, Кыргыз Республикасында азык-түлүк кооп-
суздугу боюнча кењеш түзүлгөн, буудай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюн-
ча иш-чаралар бекитилген, Кыргыз Республикасынын Президентинин пенсия-
ларды жана социалдык пособиелерди жогорулатуу боюнча Жарлыгы чыккан.
Инфляцияга каршы натыйжалуу чаралар болуп калктын аз камсыз болгон кат-
марына жењилдетилген баада ун бөлүштүрүп берүү эсептелди.
2007-жылдын октябрь айындагы баалардын кескин өсүшү өлкөнүн эконо-
мика тармактарынын өнүгүшүнө анчалык катуу таасир эткен жок. Өндүрүлгөн
өнөр жай продукциясынын материалдык көлөмүнүн индекси 2006-жылга салыш-
тырганда 107,3 процентти, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды
эсепке албаганда 110,3 процентти түзгөн.
Өсүүнүн оњ темпин тамак-аш продуктусун, тигүү буюмдарын, курулуш
материалдарын, желим жана пластмасса буюмдарын чыгаруу, ошондой эле
целлюлоза-кагаз жана химиялык өндүрүш, электр энергетика боюнча тармак-
тары камсыз кылды.
Чийки мунайды жана жаратылыш газын алууну азайтуудан отун-энерге-
тикалык пайдалуу кендерди казуунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү. Текстиль
буюмдарын, машиналарды жана жабдууларды, транспорт каражаттарын жана
электр жабдууларын, металлургия өнөр жайынын продукцияларын өндүрүү
төмөндөгөн.
Кен казуу өнөр жайынын натуралай көлөмүнүн индекси 101,3 процент-
ти, иштетүү өнөр жайында 104,3 процентти түзгөн.
Газ жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө натуралай көлөмүнүн ин-
декси 107,6 процентти түзгөн. Бул тармактагы өсүүнүн жогорку темпи, ба-
арыдан мурда Өзбекстан жана Казахстан Республикасына 2007-жылдын бирин-
чи жарым жылдыгында электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү менен шарт-
талган. Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүнүн
өсүү темпи азайган жана 107,6 процентти түзгөн.
Айыл чарба азык-түлүктөрүн, мергенчилик жана токой чарба продукци-
яларын дүњ чыгаруу 89724,9 млн. сомду түзгөн, бул өткөн 2006-жылдын
дењгээлинен 1,5 процентке көп.
Жагымдуу экономикалык конъюнктура жана калктын реалдуу кирешелери-
нин, орточо айлык акынын өсүшү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө ке-
ректөө суроо-талаптарынын жогорулашына шарт түздү.
Соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди, тиричилик жана жеке колдонууда-
гы буюмдарды оњдоонун жалпы көлөмү 131104,4 млн. сомду түзгөн, өсүү
темпи 111,4 процентти түздү. Почта жана электр байланышы кызмат
көрсөтүүлөрүнүн дүњ көлөмү 9084,7 млн. сомду түзгөн, өсүү темпи 175
процентти түзгөн, негизинен республиканын аймагында мобилдик байланыш
менен камтылган абоненттеринин санынын өсүшү жана зонанын кењейиши ме-
нен байланыштуу, мобилдүү байланыш операторлорунун ишинин эсебинен
көбөйгөн.
Курулуштун дүњ продукциясынын жалпы көлөмү 20653,2 млн. сомду
түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 20,2 процентке көп.
Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн көлөмү каржылоонун
бардык булактарынын эсебинен 24385,5 млн. сомду түзгөн, мында өткөн
жылдын ушул мезгилине салыштырганда реалдуу өсүш 103,7 процентти
түзгөн. Каржылоонун булактары боюнча негизги капиталга инвестицияны
өздөштүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда олуттуу өсүүсү
республикалык бюджеттен 1,7 эсе жана жергиликтүү бюджеттен 1,6 эсе, чет
элдик гранттардын жана гуманитардык жардамдардын 2,6 эсе, калктын кара-
жаттарынан жана башка каражаттардан 16 процентке каржылоону көбөйтүүнүн
эсебинен жүргүзүлгөн.
Турак жай курулушунда 2820,4 млн. сом өздөштүрүлгөн, пайдаланууга
жалпы аянты 546,1 мињ кв.м болгон 5115 квартира киргизилген. "Жал-Ар-
тис" ири турак жай комплексин, ошондой эле "Пишпек" жана "Риом" (Им-
паш-Манас) мейманкана комплекстерин куруу уланууда. "Ала-Тоо" мейманка-
на комплекси тендерге коюлган.
Экономиканын өсүшү социалдык чөйрөдө кырдаалдын жакшырышына көмөк
көрсөттү. МКБ орточо калктын жан башына алганда 2795,8 сомду түздү.
Республика боюнча 2007-жылдын 11 айы үчүн бир жумушчунун (чакан
ишканаларды эсепке албаганда) бир айлык номиналдуу эмгек акысы 3836,8
сомду түздү.
2007-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 400 сомго
чейин жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 процент көбөйтүлдү, ай
сайын берилүүчү социалдык пособиелерге 100 сомдон 300 сомго чейин ко-
шумчалар белгиленди.
Өнүктүрүүнүн тышкы шарттары жана тобокелдиктери:
- Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Рес-
публикасынын жана Кытай Эл Республикасынын экономикалык өсүшү менен
шартталган ыњгайлуу тышкы конъюнктура;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун (КМШ), ЕврАзЭСтин алкагында тышкы
экономикалык кызматташууну кењейтүү, Кыргыз Республикасынын ДСУдагы
мүчөлүгүн активдүү пайдалануу;
- коњшу мамлекеттердин саясый туруктуулугу;
- экономиканын ачыктыгы;
- алтынга, мунай продуктуларына жана башка чийки ресурстарга бол-
гон дүйнөлүк бааларга республиканын экономикасынын көз карандылыгы;
- данга, өсүмдүк майына болгон дүйнөлүк жана региондук баалардын
олуттуу өсүшүнүн тескери таасири;
- доллардын курсунун өсүшү.
Өнүктүрүүнүн ички шарттары жана тобокелдиктери:
- өлкөдө коомдук-саясий жана макроэкономикалык туруктуулук;
- эмгек ресурстарынын тышкы жана ички миграциясы;
- капиталдык курулушка, социалдык чөйрөнүн кызматчыларына, мамле-
кеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айлык акыларды жогорулатууга
мамлекеттик чыгымдын көбөйүшүнө байланыштуу инфляциянын андан ары
өсүүсү;
- "көмүскө" экономиканын жогорку үлүшү;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун түзүүдө импорттун үстөмдүк кылу-
усу;
- электр энергиясына, газга жана күйүүчү-майлоочу материалга та-
рифтердин өсүшү;
- ишкердик жана инвестициялык ишмердик чөйрөсүндө мыйзамдардын же-
тилбегендиги;
- экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча струк-
туралык реформаларды андан ары илгерилетүү;
- коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжа-
луулугун жогорулатуу;
- банк системасын чыњдоо жана финансылык рынокту терењдетүү;
- чакан жана орто бизнестин субъекттеринин ишин туруктуу жогорула-
туу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу ишкерликтин өнүгүшүнө өбөлгө
түзүү;
- жеке инвестициялардын келүүсү үчүн ыњгайлуу инвестициялык кли-
матты түзүү;
- "көмүскө" экономиканы легалдаштыруу;
- азык-түлүк коопсуздугун чыњдоо;
- азык-түлүк продуктуларына баанын өсүшүнүн терс факторлору.
2. Кыргыз Республикасын 2008-жылга
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
божомолунун сценарийи
2.1. Базалык сценарий
2.1.1. Макроэкономикалык саясат
2008-жылы экономикалык өнүктүрүүнүн темпин тездетүү төмөндөгү не-
гизги милдеттерди аткарууга багытталган салмакталган макроэкономикалык
саясаттын негизинде жүргүзүлөт:
- экономиканын төмөндөгүдөй тармактары боюнча дүњ продукция чыга-
руунун реалдуу өсүү темпинин эсебинен: айыл чарбасында - 4,1 процент-
тен, өнөр жайында - 19,9 проценттен, курулушта - 15 проценттен, кызмат
көрсөтүү чөйрөсүндө - 11,1 проценттен кем эмес камсыз кылуунун эсебинен
7,6 проценттен кем эмес ИДПнын өсүшүнүн реалдуу темпине жетишүү;
- белгиленген максаттуу көрсөткүчтүн чегинде инфляциянын темпин
токтотуп турууну камсыз кылуу;
- ИДПдан 2,4 процентке ашпаган дењгээлде бюджеттин тартыштыгын
кармап туруу;
- 4-5 айдан кем эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн дењгээ-
линде эл аралык резервдин көлөмүн сактоо;
- мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана корруп-
цияга каршы күрөшүү;
- жеке инвестициялардын келүүсү үчүн ыњгайлуу инвестициялык кли-
матты түзүү;
- рыноктук институттарды чыњдоо жана жөнгө салуучу саясат чарала-
рынын натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен ишкерликти өнүктүрүүгө
өбөлгө түзүү;
- тышкы карыздын оордугун жењилдетүү;
- "көмүскө" экономиканы легалдаштыруу;
- тышкы экономикалык байланышты жана сооданы кењейтүү;
- жањы жумуш орундарын түзүү;
- мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурун-
да камсыздоо.
2.1.2. Акча-кредиттик саясат
2007-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасы көбүнчө тышкы моне-
тардык эмес факторлордун таасири менен пайда болгон баалардын бир нече
соккусуна дуушар болду. Олуттуу таасир этүүлөргө 2007-жылы 33 процентке
көбүрөөк кымбаттап кеткен тамак-аш продуктуларына болгон баалар дуушар
болду, бул калктын күткөн инфляциянын күчөшүнө алып келди. Андыктан ак-
ча-кредиттик саясаттын негизги максаты калктын күткөн жогорулап кеткен
инфляцияны азайтуу жана баалардын жалпы дењгээлине жетишүү жана кармап
туруу болуп эсептелет.
Инфляциянын динамикасы республикадагы макроэкономикалык кырдаалга
тышкы соккулардын таасир этүүсүнүн сакталып калуу тобокелдигин, ошондой
эле ички жана тышкы биргелешкен керектөөлөрдүн өсүшү; тышкы конъюнкту-
радагы өзгөрүүлөр; табийгый монополиянын тарифтеринин күтүлүп жаткан
жогорулашы; мамлекеттик секторлордогу айлык акылардын өсүшү; айыл чарба
продуктыларына баалардын мезгилдүү өзгөрүп туруусу сыяктуу факторлорду
аныктайт.
Акча-кредиттик саясаттын максаттуу багыты кайра монеталаштыруу
процессинин уланышын, финансылык тартипти (анын ичинде бюджеттик-салык
чөйрөсүндө) чыњдоону, структуралык реформаларды эске алуу менен эконо-
миканын азыркы абалын жана өнүктүрүүнүн божомолун талдоонун негизинде
аныкталган.
Жеке секторду кредиттөөнүн олуттуу өсүшүнө байланыштуу пайда бол-
гон банк системасындагы тобокелдикти азайтуу максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банкы көзөмөлдөөнүн сапатын жогорулатуу жолу менен
банк чөйрөсүн чыњдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Кыргыз Республикасы-
нын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте коммер-
циялык банктарга болгон калктын ишенимин арттырууга мүмкүндүк бере тур-
ган депозиттерди коргоонун системасын киргизүү боюнча жумуштарды улан-
тат.
Алыскы региондордо банктык эмес секторду колдоо жана финансылык
кызмат көрсөтүүлөргө калктын жетишүүсүн кењейтүү үчүн, 2006-2010-жыл-
дарга чакан каржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясын ишке
ашыруу боюнча катуу контролдоону жүргүзүү зарыл.
2.1.3. Бюджеттик - салык саясаты
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесинин жалпы
көлөмү 41500,4 млн. сом суммасында, же ИДПга карата 26,3 процент дењгэ-
элинде божомолдонууда. Республикалык бюджеттин кирешесин 36274,9 млн.
сом суммасында же ИДПга карата 23 процент божомолдоо каралууда.
Мамлекеттик бюджеттин чыгашасы (Мамлекеттик инвестиция программа-
сын эске алуу менен) 48476,2 млн. сом суммасында, бул 2007-жылга кара-
ганда 12585,2 млн. сомго (35,1%ке) көбүрөөк, анын ичинде акы төлөнүүчү
кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардан жана башка атайын каражат-
тардын эсебинен 3492,4 млн. сом суммасында долбоорлонгон. Бюджеттик ка-
ражаттардын эсебинен чыгымдар 44983,8 млн. сомду түзөт. Мамлекеттик
бюджеттин жалпы чыгымы ИДПга карата 30,7 процентти түзөт.
Мамлекеттик чыгымдар саясатынын максаты мамлекеттин социалдык ке-
пилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо жана экономикалык өсүүгө
ыњгайлуу шарт түзүү болуп эсептелген. Негизги басым чыгымдарды
өнүктүрүүнүн программаларына байланыштырууну камсыздоого жасалат. Мам-
лекеттик инвестициялар программасы (мындан ары - МИП) өндүрүштүк, айыл
чарбалык жана социалдык инфраструктураларын түзүүгө жана колдоого ба-
гытталат. Инфраструктураларды алгылыктуу дењгээлде кармап туруу артык-
чылык катары каралууга тийиш.
Бюджеттик-салык саясаты мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын ИДПга
карата 3,2 процентке чейин кыскартууну камсыз кылуучу чараларга топтош-
турулат, бул макроэкономикалык туруктуулукту сактоого таасир берүүчү
олуттуу фактор болуп саналат.
Жакырчылыктын дењгээлин кыскартуу жана экономикалык өнүктүрүүгө
көмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик чыгымдар Өлкөнү өнүктүрүүнүн
стратегиясында аныкталган орто мөөнөттүү бюджеттик негиздин контекстин-
деги артыкчылыктарга ылайык төлөнөт.
Социалдык чыгымдардын даректүүлүгүн күчөтүү аркылуу калктын айрык-
ча аялуу топторун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттер негизги болот.
Жакырчылыктын көйгөйлөрүн чечүүгө мамлекеттик бюджеттин каражаттарын
пайдалануунун дењгээлин аныктоо үчүн жакырчылыктын дењгээлин кыскартуу-
га багытталган чыгымдардын үлүшүн бөлүүчү бюджеттик чыгымдарды класси-
фикациялоонун жањы системасы киргизилүүдө.
Чыгымдардын жакырчылыктын дењгээлин кыскартууга болгон таасиринин
натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү программалык өлчөмүн
киргизүү андан ары улантылат.
Салык саясатынын негиз түзүүчү багыты чарба жүргүзүүчү субъекттер-
дин салык оорчулуктарын андан ары төмөндөтүү саналат. Ушуга байланыштуу
салык саясатынын маанилүү милдеттеринин бири болуп бир эле мезгилде
чарба жүргүзүүчү субъекттердин салык оорчулугун жењилдетүү менен катар
салык алуу базасын кењейтүүнү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө натыйжалуу
салык салуу жөнүндө жобону бекитүүнү караган Кыргыз Республикасынын
жањы Салык кодексин кабыл алуу эсептелет.
Салык саясатынын дагы бир маанилүү милдети болуп салыктарды адми-
нистрациялоону жакшыртуу жана күчөтүү, калыс салык салуу жана инвести-
циялардын агылып келүүсүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү аркылуу салык жана
бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу. Салыкты админист-
рациялоону реформалоо жана модернизациялоо максатында 10 млн. АКШ дол-
лары көлөмүндө грант бөлүп берүү жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы (мындан
ары - АӨБ) менен макулдашууга жетишилди.
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө контрабандага каршы күрөшүү (башка
бажы эрежелерин бузуулар) жана бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрүн көбөйтүү,
ошондой эле эсептешүүлөрдө накталай төлөөнү кыскартуу жана бүтүмдөрдү
накталай эмес ишке ашырууга өтүү боюнча иштер улантылат. Бажы кызматын
модернизациялоо боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
чегарасындагы өткөрүү пункттарын куруу, жайгаштыруу жана техникалык
жабдуу боюнча иштер улантылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы
комитетине 7,5 млн. АКШ долларына барабар кредит берүү жөнүндө АӨБ ме-
нен макулдашууларга жетишилди. Долбоордун аяктоо мөөнөтү - 2009-жылдын
31-декабры.
Бюджеттин тартыштыгын кыскартууда прогресске жетишүүнү камсыз кы-
луу үчүн, мамлекеттик бюджеттен чыгымдоо катуу контролдоонун алдында
жана келип түшкөн кирешелерге ылайык жүргүзүлөт.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосундагы системаны ан-
дан ары реформалоо пландаштырылууда.
Республикалык бюджеттин чыгымдары (МИПти эске алуу менен) 2007-жы-
лы бекитилген бюджетке карата 10219,9 млн. сомго (31,8%ке) көбөйүү ме-
нен 42381,7 млн. сом көлөмүндө, акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардан
түшкөн каражаттардын жана башка атайын каражаттардын эсебинен чыгымдар
3196 млн. сом суммасында долбоорлонууда. Республикалык бюджеттин жалпы
чыгымы ИДПга карата 26,8 процентти түзөт.
Бюджеттин саламаттык сактоого чыгымдары 4173,7 млн. сом суммасында
долбоорлонгон, ал 2007-жылы бекитилген бюджеттен 1201,5 млн. сомго
(40,4%ке) көп. "Билим берүү" бөлүмү боюнча чыгымдар 3081,1 млн. сом
суммасында долбоорлонгон, ал 2007-жылы бекитилген бюджеттен 695,7 млн.
сомго (29,2%ке) көп.
Социалдык коргоого чыгымдар 4017,9 млн. сомго өсүү долбоорлонгон,
ал 2007-жылы бекитилген бюджеттен 603,0 млн. сомго (17,7%ке) көп.
2.1.4. Мамлекеттик карызды башкаруу
Карыздын жүгүн акырындап жењилдетүүгө багытталган, анын ичинде
тышкы карыздар боюнча төлөөлөрдүн белгиленген графигин бир мезгилде
сактаган учурда тышкы карыздарды кыскартуунун эсебинен мамлекеттик ка-
рызды башкаруу саясаты сакталып калат.
Мамлекеттик карыздын туруктуу дењгээлине жетишүү, анын структура-
сын оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу үчүн
негиздерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын
башкаруунун стратегиясынын чегинде орто мөөнөттүү келечекке төмөнкүлөр
сунушталат:
- мамлекеттик тышкы карыздын жүгүн азайтуу;
- мамлекеттик карызды өз убагында тейлөө;
- тышкы карызды андан ары өзгөртүп кайра түзүүнүн мүмкүнчүлүгүн
кароо (Париж Клубуна мүчө эмес кредиторлор алдында Кыргыз Республикасы-
нын эки тараптуу карызын реструктуралаштырууга карата сүйлөшүүлөрдү
аяктоо боюнча чаралар көрүлөт);
- 45 проценттен кем эмес грант-элементтери менен жењилдетилген
тышкы кредиттерди тартуу;
- Өлкөнүн өнүктүрүүнүн стратегиясында аныкталган артыкчылыктарга
ылайык МИПтин чегинде тышкы кредиттерди тартуу;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын жањы түрлөрүн чыгаруу жана жай-
гаштыруу аркылуу ички карыздардын көлөмүн көбөйтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын капчыгын диверсификациялоо;
- тобокелдиктерди башкаруунун тажрыйбасын киргизүү.
Мамлекеттик карыздарды тейлөөгө карата Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн милдеттенмелери боюнча чыгымдары 2008-жылы 4587,2 млн. сомду
түзөт, анын ичинен процент боюнча төлөмдөр 1453,8 млн. сомду, негизги
карыз боюнча төлөөлөр - 3133,4 млн. сомду түзөт.
Ички карызды тейлөөгө республикалык бюджеттин каражаттарынан
2632,42 млн. сом, тышкы карызды тейлөөгө - 1954,78 млн. сом багыттоо
пландаштырылууда.
2.1.5. Тышкы сектор
Тышкы экономикалык ишмердик
Республиканын тышкы экономикалык ишмердиги дүйнөлүк чарбалык бай-
ланыштардын азыркы системасына ырааттуу кошулуу болуп кала бермекчи.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү
үчүн Кыргызстан тышкы экономикалык ишмердиктин либералдуу саясатын
төмөндөгүлөрдүн эсебинен улантат:
- Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы,
Кытай Элдик Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркия Республикасы
сыяктуу стратегиялык өнөктөштөрү жана башка соода өнөктөштөрү менен өз
ара мамилелерди активдештирүү жана бекемдөө боюнча иштерди улантуу;
- Евразиялык экономикалык коомчулуктун чектеринде кызматташтыкты
өнүктүрүү;
- Шанхай кызматташтык уюмунун чегинде, анын ичинде биргелешкен
экономикалык долбоорлорго катышуу жолу аркылуу энергетика, транспорт,
байланыш жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө кызматташтыкты
өнүктүрүү;
- соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия-
нын отурумун (кыргыз-россия, кыргыз-казакстан, кыргыз-кытай, кыр-
гыз-польша, кыргыз-түрк, кыргыз-герман, кыргыз-москва өкмөттөр аралык
комиссияларынын, экономикалык жана өнөр жайы боюнча кызматташуунун кыр-
гыз-италия өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушчу тобунун жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун
өкмөтүнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тобунун отурумун)
өткөрүү. Кызматташуунун негизги маселелеринин тизмесине электр энерге-
тика, агроөнөр жай комплекси, кен казуу тармагы, транспорт, курулуш,
соода, туризм, саламаттык сактоо, миграция, билим берүү, чегара жана
бажы боюнча кызматташуу кирет;
- КМШнын, Экономикалык Кызматташуу Уюмунун (ОЭС) региондук бирик-
мелеринин чегинде макулдашууларды жана экспортту өнүктүрүү үчүн башка
документтерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча жумуштарды улантуу.
Тышкы соода жүгүртүүнүн өсүшү 2007-жылдын көрсөткүчтөрү менен са-
лыштырганда 28,2 процентке өсүү божомолдонууда, бул 4900 млн. АКШ дол-
ларын түзөт, анын ичинде экспорт - 18,2 процентке, бул 1300 млн. АКШ
долларын түзөт, импорт - 32,4 процентке, бул 3600 млн. АКШ долларын
түзөт. Соода балансынын терс сальдосу 2300 млн. АКШ доллары өлчөмүндө
түзүлөт.
Экспорттун өсүүсүнө экспортко багыт алган тармактарда өнөр жай
өндүрүшүн диверсификациялоо жана анын өсүшү көмөк көрсөтөт. Экспорттун
өсүшү алтынды экспорттоо - 8,5 процентке, чыњалуу лампалары - 10 про-
центке, цемент - 12,5 процентке, такта айнек - 8,5 процентке, сүт азык-
тары - 5,5 процентке, тамеки - 15,5 процентке, жашылча-жемиштер - 20
процентке, текстиль жана трикотаж кездемелеринен кийимдер - 25 процент-
ке өсүшүнүн эсебинен күтүлүүдө.
Импорттун келүүсүн жабдуулардын жана механикалык орнотмолордун
(тамак-аш жана кайра иштетүү тармагы, жењил өнөр жайы, транспорттук ма-
гистралдарды калыбына келтирүү жана куруу үчүн) келүүсүн көбөйтүүнүн
эсебинен 15,5 процентке, электр-техникалык продуктылардын (тиричилик
техникаларынын, маалыматтык технологиялардын, калктуу конуштарды теле-
фондоштуруунун чегинде радиотелефон жабдууларынын) - 20,5 процентке,
мунай продуктылары - 25 процентке, жаратылыш газын - 10 процентке, жы-
гач-тактай материалдарын - 30,5 процентке, химия тармагынын продуктула-
рын - 20 процентке, кара металлды - 20,5 процентке, фармацевтикалык
продуктуларды - 15 процентке көбөйтүү күтүлүүдө.
2.1.6. Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү
Өнөр жай
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү божомолу 2007-жылы түзүлгөн
өбөлгөлөрдүн, ошондой эле өткөн жылдарда өнөр жайынын бардык тармакта-
рында өнүктүрүү тенденцияларын эсепке алуу менен жүргүзүлгөн.
Өнөр жайында өндүрүштүн өсүү темпи 119,9 процент дењгээлинде неги-
зинен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун алтын өндүрүүнү
көбөйтүү боюнча активдүү ишмердүүлүгүнүн эсебинен өндүрүштү (1,7 эсе)
өстүрүү божомолдонууда.
Кен казуу тармагында өндүрүштүн өсүү темпи көмүр, чийки мунайды
казып алуунун эсебинен жана башка кен казуу өнөр жайларынын өндүрүшү оњ
бойдон калат жана 101 процентти түзөт.
Иштетүү тармагында өндүрүштү 123,8 процент дењгээлинде өстүрүү бо-
жомолдонууда, бул өндүрүш көлөмүн металлургия өнөр жайында (1,6 эсе),
тамак-аш өнөр жайында (3%ке), тигүү тармагында (15%ке), башка металл
эмес буюмдар өндүрүшүндө (3%ке) көбөйтүү менен шартталат.
Электр энергияны, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө суу
жетишсиз мезгил келгендиктен Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы-
нын көлөмү кыскарышынан өсүү темпи (100,1%ке) төмөндөөрү божомолдонуу-
да.
4-сүрөт. 2005-2008-жылдар үчүн өнөр жай тармагынын өсүү темпинин
динамикасы
Тамак-аш өнөр жайынын продукциясын өндүрүүдөгү өсүүнү төмөнкүлөр-
дүн эсебинен камсыз кылуу каралууда:
- ликер-арак жана спирт тармагында, мында алкоголь тармагын башка-
рууну жакшыртуунун жана контрабандага каршы күрөштү катуулатуунун на-
тыйжасында спирт өндүрүү 3,5 процентке, арак - 5,1 процентке жогорула-
тылат;
- "Апросах" ачык акционердик коомунда кант өндүрүшүн жандандыруу;
- "Аксуу жүгөрүнү кайра иштетүү комбинаты" ачык акционердик коому-
нун ишканаларында өндүрүштү өстүрүү.
Алкоголсуз ичимдиктерди, сүт тармагынын азыктарын, ошондой эле ун,
нан, кондитер азыктарын жана башка продуктыларды чыгарууну көбөйтүү бо-
жомолдонууда.
Тигүү өнөр жайында өндүрүштүн өсүүсү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз
кылынат:
- иштеп жаткан ишканалардын ишин активдештирүү, токтоп калгандарын
ишке киргизүү, жањы өндүрүштүк кубаттуулугун өздөштүрүү;
- тигүү өндүрүшүн легалдаштыруу.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн "Кыргыз комволдук-нооту комбинаты"
акционердик коомунун ишканаларынын, "Тевиз" жоопкерчилиги чектелген ко-
омунун, "Касиет" акционердик коомунун, "Илбирс" акционердик коомунун,
"Кыргызжиптекс" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Кара Балта Килем"
жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Лиматекс" жоопкерчилиги чектелген
коомунун жана пахта тазалоочу ишканалардын өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн
эсебинен, ошондой эле жањы ишканалардын кубаттуулугун өздөштүрүүнүн
эсебинен өсүүнүн оњ темпи күтүлүүдө. Атап айтканда "Эмгек-Берекеси" жо-
опкерчилиги чектелген коомунда (2007-жылы пайдаланууга берилген, кубат-
туулугу бир жылда 10 млн. кв.м пахтадан жасалган кездеме өндүрүү).
Иштеп жаткандарын кењейтүү жана жањы тигүү өндүрүшүн ишке кир-
гизүү, тигүү продуктыларын эл аралык рынокторго жылдыруу, экспортту
көбөйтүү боюнча ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча чараларды ишке ашыруу
боюнча иштерди улантуу каралууда.
"Легпром" ассоциациясынын Казакстан Республикасындагы (Астана шаа-
ры), Тажик Республикасындагы (Дүйшөмбү шаары) өкүлчүлүгүн жана Свердлов
шаарында соода үйүн ачуу пландаштырылууда.
Башка металл эмес минералдык продуктуларын (курулуш материалдары)
өндүрүш көлөмүн 3 процентке көбөйтүү төмөнкүлөрдүн эсебинен божомолдо-
нууда:
- тармакта өтө зор салыштырма салмакка ээ (80%тен жогору) "Кант
цемент-шифер комбинаты" ачык акционердик коомунун, ошондой эле - "Биш-
кек ТББ заводу" ачык акционердик коомунун, "Таш-Темир" ачык тибиндеги
акционердик коомунун, "Бишкеккурулуш материалдары" ачык акционердик ко-
омунун, "Бессер-Борбордук Азия" ачык акционердик коомунун, "Ийгилик"
акционердик коомунун;
- иштерин калыбына келтирген "Технолин" жоопкерчилиги чектелген
коому (Кант МВМ заводу), "Күрмөнтү цемент" ачык акционердик коому,
"Токмок КСМ" ачык акционердик коому сыяктуу ишканаларда өндүрүш
көлөмдөрүн өстүрүүнүн;
- продукциянын жањы түрлөрүн ("Интергласс" ЖЧКыда күзгү чыгаруу)
чыгаруунун.
"Хайдаркан сымап комбинаты АК" ачык типтеги акционердик коомуна
жана "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна стратегиялык
инвесторду тартууга байланыштуу сымапты өндүрүү 350 тоннага жана сурь-
маны 4000 тоннага көбөйтүү күтүлүүдө. "Кара-Балта кен комбинаты" акцио-
нердик коомунун ишканаларында өндүрүш көлөмүн өстүрүү күтүлүүдө.
Айыл чарба
Айыл чарба продуктусун өндүрүүнүн реалдуу өсүшүнүн 4,1 процент
дењгээлине өсүмдүк өстүрүүдө өндүрүштү 5,6 процентке жана мал чарбачы-
лыгында - 2,5 процентке өстүрүүнүн эсебинен жеткирүү божомолдонууда.
Өсүмдүк өстүрүүдө дан (11,4%ке), жана кант кызылчасын (24,5%ке), пахта
(9,8%ке), тамеки (8,5%ке), картошка (3,2%ке), жашылча (1,7%ке) мөмө-же-
миштерди (5,7%ке) өндүрүүнү көбөйтүү күтүлүүдө.
Айыл чарбасында өндүрүштүн өсүшүнө тамак-ашты кайра иштетүү тар-
мактарынын өнүгүшү көмөк көрсөтөт.
МИП чектеринде айыл чарба секторун колдоо максатында төмөнкүдөй
долбоорлор жүзөгө ашырылат:
- "Айыл чарбасындагы көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо";
- "Ирригациялык системаларды реабилитациялоо";
- "Айыл чарбасын аймактык өнүктүрүү";
- "Агробизнес жана маркетинг";
- "Айыл чарба стратегиясын иштеп чыгуу" ж.б.
2008-жылы бул программаларга чыгымдардын көлөмү 1387,6 млн. сом
өлчөмүндө каралууда.
Кредит ресурстарына жетишүү ошондой эле айыл чарба сектордун
өсүшүнө таасир тийгизе турган факторлордун бири болуп саналат. Кредит
ресурстары менен камсыз болууну жогорулатуу максатында кредиттик союз-
дар, чакан кредиттөө системасы, аманаттардын коомдук фонддору аркылуу
калктын каражаттарын андан ары мобилизациялоо каралууда.
Алдыдагы мезгилге карата айыл чарбасында төмөнкүдөй 6 программа
жүзөгө ашырылат:
- "Жер жана агрардык реформа";
- "Мал жана айыл чарба продукциясын өндүрүүдө айыл чарба секторуна
мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү";
- "Үрөнгө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү";
- "Айыл жерин суу менен камсыз кылуу";
- "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү";
- "Ирригациялык сектордун иштеши".
Аталган программаларды жүзөгө ашыруу айыл чарбасынын потенциалын
жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү дүњ чыгаруунун реалдуу өсүү темпи
111,1 проценттин дењгээлинде күтүлүүдө. Кызмат көрсөтүүгө суроо-талап
калктын акчалай кирешелеринин реалдуу өсүшү менен колдоого алынып ту-
рат. Суроо-талапка ошондой эле эмгек мигранттарынын акчаларын которуу
дагы таасир тийгизет.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүшү негизинен соодадагы финансы
көзөмөлүн жакшыртуунун, ири чекене соода ишканаларынын тармагын андан
ары өнүктүрүүнүн, ошондой эле электрондук соода системасын өнүктүрүүнүн
эсебинен сооданын, автомобилдерди, тиричилик жана жеке колдонуу буюмда-
рын оњдоонун (өсүү темпи - 111,8%) өсүшү менен камсыз кылынат.
Транспорт кызматтарын көрсөтүүдө рынок экономикасынын шарттарына
шайкеш келген республиканын транспорттук комплексин түзүү улантылат.
Транспорттук кызмат көрсөтүүнүн өсүү темпи 10 проценттин дењгээлинде
болот.
Байланыш кызматы кызмат көрсөтүүнүн кењири спектрин камсыз кылган,
республиканын дүйнөлүк маалымат мейкиндигине кошулуусуна мүмкүнчүлүк
түзгөн жогорку технологиядагы телекоммуникация системасын түзүү багы-
тында өнүгөт. Өлкөнүн алыскы райондорунда СДМА-450 технологиясынын жар-
дамы менен айылдарды телефондоштуруу боюнча иштер улантылат; мында
өлкөнүн аймагынын 85 проценти телефон байланышы менен камсыз болот.
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта бөлүмдөрүнүн база-
ларында банк жана финансы кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү каралууда. Бул
республиканын банк системасын өнүктүрүүдө жана почта инфраструктурасын
модернизациялоодо оњ натыйжага жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Инвестициялар жана курулуш
Экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө каржылоонун бардык
булактары боюнча 28,16 млрд. сом инвестиция негизги капиталга пайдала-
нылат.
Капиталдык салымдарды "Жерүй", "Талдыбулак сол жээк" алтын кенде-
ринде, энергетика объекттеринде (Камбарата ГЭС-2, башка ГЭСтерди модер-
низациялоо); курулуш материалдарын өндүрүүдө (Ош облусунун Араван райо-
нунудагы цемент заводу), соодада ж.б. өздөштүрүү каралууда.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн божомолдонуп жаткан көлөмүнөн
алганда, курулуштун дүњ продукциясы 26,3 млрд. сом көлөмүндө күтүлүүдө,
ал эми реалдуу өсүш 15 процентти түзөт. Өсүш бир катар ири инвестиция-
лык долбоорлордогу иштердин көлөмдөрүнүн көбөйүшү менен шартталат. Ку-
рулуштагы артыкчылыктуу багыттар транспорт магистралындагы объекттер
("Ош-Сарыташ-Иркештам" автожолдорун, Түштүк региондук коридордун авто-
жолдорун, Тараз-Талас-Суусамыр-1 жана 2-автожолдорун, Бишкек-Торугарт,
Бишкек-Георгиевка автожолдорун реабилитациялоо), кен казуу жана энерге-
тика тармактарында (алтын казуучу ишканалар, Чакан ГЭС, Баткен-Кара-Бу-
лак 2-фаза), ошондой эле турак жай жана социалдык чөйрөнүн объекттерин
куруу болуп саналат.
2.1.7. Социалдык саясаттын негизги багыттары
Жашоо дењгээли
Социалдык саясаттын багыты жакырчылык дењгээлин төмөндөтүү, калк-
тын билим берүү жана саламаттык сактоо, социалдык камсыздандыруу кыз-
маттарына жетишүүсүн камсыз кылууга багытталат. Бул максаттарда социал-
дык чөйрөнүн бардык багыттарында реформалар улантылат.
Төмөнкү керектөө бюджети (мындан ары - ТКБ) 3131,41 сом өлчөмүндө
божомолдонууда. ТКБ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жыл-
дын 9-июнундагы № 1088-III токтому менен бекитилген товарлардын ассор-
тиментинин 39дан 52 аталышка кењейгендигин эске алуу менен эсептелген.
Орточо эмгек акы 5200 сомдун дењгээлинде божомолдонууда же анын
реалдуу өсүшү 16,1 процентти түзөт. Орточо эмгек акынын ТКБдан ашышы 65
проценттен ашыгын түзөт.
Эмгек рыногу жана жумушчу орундарын түзүү
Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 2008-жылы рес-
публиканын калкынын саны 5 млн. 322 мињ адамды түзөт.
Жумушсуздук дењгээли 10-12 процентти түзөт. Бюджеттик каржылоо жу-
мушсуз жарандар менен иш алып баруудагы негизги багыт болуп саналган
активдүү саясатты (окутуу, коомдук акы төлөнүүчү жумуш, чакан кредиттөө
жана жумуштуулук боюнча башка долбоорлор) жана пассивдүү саясатты (жу-
мушсуздук боюнча пособие) андан ары жүргүзүүгө багытталат.
Төмөндөгүлөрдү өркүндөтүү каралган:
- "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын тиешелүү мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана "Жумуш менен камсыз кы-
лууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу аркылуу улуттук мыйзам-
дарды;
- миграция жана жумуштуулук чөйрөсүндөгү эларалык-келишим базасын.
Калкты социалдык жактан коргоо
Социалдык коргоо саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги
багыттары болуп төмөнкүлөр кала берет:
- бюджеттик чөйрөдө эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү;
- пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн орточо айлык акынын 15 про-
центке жогорулатуу, мында пенсиянын базалык бөлүгү 2008-жылы 450 сомдун
дењгээлинде божомолдонууда;
- жењилдиктерди берүү системасын акчалай төлөөгө которуу жолу ме-
нен реформалоо;
- калкты социалдык коргоонун даректүүлүгүн арттыруу максатында бир
жолку айлык пособие дайындоодо (мындан ары - БАП) үй-бүлөлөрдүн муктаж-
дыгын аныктоонун ыкмаларын өркүндөтүү;
- кепилденген төмөнкү керектөө дењгээлинин (мындан ары - КТКД)
өлчөмүн ТКБдан 6,8 процентке (200 сомго чейин) чейин этабы менен жого-
рулатуу.
Пенсиялык реформа
Пенсия системасын андан ары реформалоо учурдагы пенсия системасына
топтоо компонентин киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Топтоо система-
сынын элементтерин киргизүү пенсияга чыгууда жогорку пенсия алуу, эко-
номикада сактоо үлүшүн жогорулатуу, капитал рынокторун түзүү жана ту-
рукташтыруу, ошондой эле пенсиялык активдердин инвестицияларынын эсеби-
нен экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Колдонуудагы пенсиялык системага топтоо элементтерин киргизүү мам-
лекеттик бюджеттин профицити болгон учурда мүмкүн жана экономиканын не-
гизги секторлорунун даярдыгын талап кылат: банк секторунун, камсыздан-
дыруу рыногунун, баалуу кагаздар рыногунун, ошондой эле актуарий-адис-
терди даярдоонун, эл аралык финансы инвесторлор-институту менен бирдик-
те макулдашылган чечимдерди кабыл алуу.
Буга байланыштуу пенсиялык системага топтоо компонентин кир-
гизүүнүн мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана керектүү шарттарын аныктоо, аны
киргизүү менен байланышкан узак мөөнөттүү финансылык кесепеттерге баа-
лоо жүргүзүү керек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 5-майындагы № 105
"Электр энергиясына тарифтер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионер-
лерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" жана 2006-жылдын 28-апрелиндеги
№ 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында
калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары
жөнүндө" жарлыктарына ылайык аскер кызматчыларынын пенсияларына, пенси-
яларга кошумчаларга, пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөргө республи-
калык бюджеттен 1553,6 млн. сом суммасында милдеттүү трансферт келип
түшүүсү каралууда.
Билим берүү
Билим берүүгө чыгымдардын көлөмүнө таасир этүүчү негизги фактор
болуп билим берүү мекемелеринин тармагын жана жалпы билим берүүчү мек-
тептердин жана кесипчилик орто окуу жайларынын окуучуларынын санын
өстүрүү саналат.
Тармактык бюджеттин жалпы көлөмү төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
- орто билим берүүгө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыл-
дын 30-июнундагы № 271 "Жалпы билим берүүчү мектептерди бюджеттик кар-
жылоонун төмөнкү стандарттарынын шкаласы жөнүндө" токтомуна ылайык жы-
лына 1 окуучуга эсептегенде жалпы билим берүүчү мекемелеринин бюджеттик
каржылоонун минималдуу стандарты боюнча. Минималдуу стандарттарга жер-
гиликтүү шарттарга жараша бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн объективдүү кым-
батташы чагылдырылган оњдоочу коэффициенттер системасы (бийик тоолуулук
жана алыскы аймак, айыл жеринде, калкынын саны аз чакан шаарларда жай-
гашкандык жана татаал экологиялык кырдаалдан улам мугалимдердин абдан
көп кетиши) колдонулат. Пландаштырылып жаткан мезгилде 1108,4 мињ окуу-
чусу бар, орто билим берүүчү мектептердин саны 2112ни түзөт;
- жылына 1 бюджеттик студентке орто кесиптик жана жогорку окуу
жайларында чыгымдардын ордун толтурууну талдоонун жана нормативдеринин
негизинде;
- артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун зарыл көлөмдөрүн
алып салгандан кийин мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим
берүү мекемелерине, билим берүүдөгү усулдар жана колдоо, башкаруу жана
администрациялоо чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдө бюджеттик каржыло-
онун накта түзүлгөн базалык көлөмү бюджеттин көбөйүшүн индексациялоо
менен. Мында, 465 мамлекеттик мектепке чейинки мекемелердин тармагы ту-
рукташат жана сакталат.
Саламаттык сактоо
Саламаттык сактоо тармагында калктын сапаттуу медициналык жана ал-
дын алуу жардамына жетишин жакшыртууга багытталган комплекстүү реформа-
лар, ошондой эле "Манас-Таалими" программасына ылайык реформалар улан-
тылат. Саламаттык сактоо уюмдарынын чечим кабыл алууда өз алдынчалыгын
жогорулатуу, менеджменттин жана эмгек шарттарынын жакшырышы калктын,
айрыкча айыл жерлеринде сапаттуу медициналык жардам алууга жетишин жак-
шыртууда медициналык кызматкерлер үчүн өбөлгө түзөт. Көрүлгөн чаралар
калк үчүн финансылык оорчулукту жењилдетүүгө жана калктын ден соолугу-
нун абалынын жакшырышын камсыз кылат.
Саламаттык сактоонун сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнө
жетиши төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
- алгачкы медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- калктын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетишин кењейтүү;
- башкаруунун натыйжалуу куралдарын жана жањы технологияларды кир-
гизүү жолу аркылуу саламаттык сактоонун сапатын көтөрүү;
- медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жакшыртуу.
Программада жалпысынан саламаттык сактоо тармагындагы натыйжалуу
саясатты түзүүгө көмөк көрсөтүүчү төмөндөгү негизги багыттар каралган:
- саламаттык сактоонун бюджетин түзүү механизмдерин өркүндөтүү;
- жалданып иштөөчүлөрдүн кирешелеринин эсебинен милдеттүү медици-
налык камсыздандырууга мүчөлүк акылардын тарифин 1 процентке көбөйтүү;
- этап боюнча региондорду каржылоону тењештирүү;
- калк үчүн жењилдик берүүнүн механизмдерин өркүндөтүү;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;
- коомдук саламаттык сактоо кызматынын натыйжалуу ишмердигин кам-
сыз кылуучу ченемдик укуктук базаны түзүү;
- медициналык билим берүү системасын өркүндөтүү.
2.2. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
оптимисттик сценарийи
Оптимисттик вариант боюнча Кыргыз Республикасын өнүктүрүү "Кумтөр"
кенинин иштетүүчү ишканалардын, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун
ишмердигин турукташтыруунун, текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү
үчүн шарт түзүүнүн, башка металлдык эмес минералдык продуктыларды
өндүрүү боюнча айрым ишканаларда ишти жандандыруунун, энергетикалык жа-
на айыл чарба секторунун натыйжалуулугун жогорулатуунун, рыноктук кыз-
мат көрсөтүү жана курулуштун өсүшүнүн эсебинен экономиканын өнөр жай
секторунун өнүгүшүнүн өбөлгөлөрүнө негизделген.
ИДПнын реалдуу өсүшү 8,5 процентти түзөт. Экономиканын өнөр жай
секторунда оптимисттик сценарий боюнча өсүүнүн темпи 34,1 процент, анын
ичинде "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларсыз - 9,9 процент дењгээ-
линде божомолдонууда.
"Кумтөр" кенинин иштетүүчү ишканаларынын, "Кыргызалтын" ачык акци-
онердик коомунун ишинин нормативдик-укуктук базаларын жакшыртуу метал-
лургия өнөр жайына бери дегенде 2 эсе (196,3%) өсүү темпин көбөйтүү
үчүн жагымдуу инвестициялык шарттарды түзөт.
"Кыргыз Республикасында 2015-жылга чейинки аралыкта көмүр казып
алуучу тармактарды өнүктүрүү" программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу
"Кара-Кече" күрөњ көмүр кенин өнүктүрүүгө бюджеттин капиталдык салымы-
нан бөлүп берилген шартта көмүр казып алууну 421 мињ тоннага чейин
көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Оптимисттик вариант иштебей калган "Ош-Жибек" акционердик коому-
нун, "Жылдыз-Шпарта" кыргыз-герман биргелешкен ишканасынын, "Ош-Текс"
акционердик коомунун, "Текстильщик" акционердик коомунун ишканаларынын
жана текстиль жана тигүү өнөр жайынын продукцияларын (16,8%) 7219,9
млн. сом суммасына өндүрүүнү карайт.
Текстиль жана тигүү тармактарында продукция өндүрүүнүн оњ темпин
пахтаны сатып алуу баасын жогорулаткан шартта, ошондой эле пахта айдоо
аянттарын жана чигиттүү пахтаны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен
камсыз кылуу күтүлүүдө.
"Технолин" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Күрмөнтүцемент" ачык
акционердик коомунун, "Токмок курулуш материалдар комбинаты" ачык акци-
онердик коомунун ишканаларынын ишин жањылаган жана жањы продуктыларды
чыгара баштагандардын өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен металл эмес
башка минералдык продуктуларды (105,8%) өндүрүүнүн өсүү темпин көбөйтүү
күтүлүүдө.
Жалпы кубаттуулугу 1 жылда 120 мињ тонна цемент бере турган Ош об-
лусунун Араван жана Ноокат райондорунда эки цемент заводун, региондордо
курулуш материалдарын чыгаруу боюнча башка кичи ишканалар аркылуу про-
дукция өндүрүүнү көбөйтүү божомолдонууда.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө агрардык-техникалык шарттарды,
ветеринардык нормаларды сактоодо жана субсидирлөө түрүндө мамлекеттик
колдоодо жана финансылык колдоодо айыл чарбасындагы өсүү темпи 105 про-
цент дењгээлинде божомолдонууда. Дан өсүмдүктөрдү өндүрүү 12,5 процент-
ке, пахта - 10,2 процентке, тамеки - 8,5 процентке, кант кызылчасы -
20,1 процентке, май алынуучу өсүмдүктөр - 23,3 процентке; мөмөлөр жана
жемиштер - 7,7 процентке өсүшү божомолдонууда.
Тамак-ашты кайра иштетүү тармагын динамикалык өнүктүрүү айыл чарба
продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн түрткү берүүчү фактору болуп ка-
лат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө калк үчүн керектөө рыногуна жетишүүнүн
дењгээлин жогорулатуу, товарларды илгерилетүүнүн өнүккөн системасын
түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ата-мекендик товар өндүрүүчүлөргө
продукцияны сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Кызмат көрсөтүүнүн жылдык дүњ көлөмү рыноктук кызмат көрсөтүүнү
кењейтүүнүн эсебинен 13,6 процентке өсөт.
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомун менчиктештирүү телекомму-
никациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда ийкемдүү конъюнктураны
түзүүгө көмөк көрсөтөт.
Капиталдык салымдын жалпы көлөмү 30756,9 млрд. сомдун дењгээлинде
божомолдонууда. Капиталдык инвестициялардын өсүүсү ишканалардын, уюм-
дардын (кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн объекттерин куруу, тамак-аш кайра
иштетүү тармагынын ишканаларын куруу жана реконструкциялоо) жана калк-
тын (турак жайды кредиттөөнү өнүктүрүү жана социалдык турак жайларды
курууну мамлекеттик колдоо жолу менен турак жай курулушун кењейтүү),
чет элдик тике инвестицияларынын (Камбарата-2 ГЭСинин курулушун улантуу
жана жана башка ГЭСди реконструкциялоо) каражаттарын пайдаланууну өсүшү
менен шартталган.
Курулуш продукцияларын өндүрүүнүн дүњ продуктусунун реалдуу өсүшү
20 процент дењгээлинде божомолдонууда жана 27,3 млрд. сомду түзөт.
Инфляция
Оптимисттик сценарийге ылайык инфляциянын дењгээлин мүнөздөөчү ке-
ректөө баасынын индекси 8 процентти түзөт. Бул сценарийде калган тобо-
келдиктер жана коркунучтар эске алынбастан электр энергиясына жана газ-
га баалардын жогорулашы гана эске алынды.
2.3. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
пессимисттик сценарийи
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн төмөндөшү төмөндөгүлөрдү
төмөндөтүүнүн эсебинен болушу мүмкүн:
- "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларда алтын өндүрүү;
- коњшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоону кыскартууга бай-
ланыштуу электр энергиясын иштеп чыгаруу.
Бул оптимисттик божомолдоого салыштырганда 24,2 процентке (134,1%)
өнөр жайынын өсүү темпинин азайышына алып келет.
Айыл чарбасында мүмкүн болуучу ыњгайсыз аба ырайынын шарттарынан,
ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалга жана үрөнгө баанын мүмкүн бол-
гон жогорулоосу жана башка жагымсыз факторлорунан өнүгүүнүн темпи 101,5
процент дењгээлинде божомолдонууда.
Пессимисттик сценарий боюнча инфляциянын дењгээлин мүнөздөөчү ке-
ректөө баасынын индекси 15-18 процентти түзөт, бул 2007-жылдын дењгээ-
лине ылайык келет. Бул электр энергиясына, газга, күйүүчү-майлоочу ма-
териалга, ошондой эле импорттук керектөөчү товарга баанын өсүшү менен
шартталышы мүмкүн.
2.4. 2007-жылы аймактарды өнүктүрүү
Жылдын жыйынтыгында Ысыккөл облусунан башка (99,7 процент), бардык
аймактардын өнөр жай секторлорунда өндүрүштүн өсүшүнө жетишилди.
Баткен облусунда өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн натуралай
көлөмүнүн өсүшү 38,7 процентти түздү. Өнөр жайынын натуралай көлөмүнүн
индекси иштетүүчү өнөр жайынын эсебинен (н.к.и. 170,8%), анын ичинен:
металлургия өндүрүшүндө жана даяр металл буюмдарын чыгарууда (7,9 эсе),
химиялык өндүрүштө (196,3%), машина жана жабдууларды жасоодо (214,4%),
ошондой эле отун-энергетика пайдалуу кендерин казууда (102,5%) көбөйдү.
Тамак-аш, текстиль, тигүү өндүрүшүнүн продуктуларын чыгаруу көбөйгөнү
жана "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун жана ачык
типтеги "Айдаркен сурьма комбинаты" акционердик коомунун иштери жакшыр-
ганы байкалууда.
Жалалабат облусунда өндүрүштүн өсүшүн 5,5 процентке өстүрүү "Нур"
ачык акционердик коомунун, "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунун,
"Электр станциялары" акционердик коомунун (Токтогул ГЭСтер каскады),
"Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун, "Кыргызалтын" акционердик
коомунун ("Макмал" алтын өндүрүү комбинатынын), "Гуламата" жоопкерчили-
ги чектелген коомунун, ошондой эле "Майлуусуу электр лампа заводу" ачык
акционердик коомунун ж.б. ишканаларында өндүрүш көлөмдөрүнүн көбөйүшү
менен шартталган.
Тамак аш продуктуларын, ошондой эле суусундуктар, тамеки, (н.к.и.
125,6%), жыгач иштетүү (172,5%), мунай продуктыларын өндүрүү (198,7%),
машина жана жабдууларды өндүрүү (3,3 эсе), желим жана пластмасса буюм-
дарын жасоо (2,6 эсе) жана башка тармактарда өндүрүштүн көлөмү өскөн.
Нарын облусунда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралай
көлөмүнүн өсүшү былтыркы жылга караганда 6,4 процент дењгээлине жетти.
Кен казуу өнөр жайында өсүш темпи көбөйгөнү байкалат (128,6%). Иштетүү
өнөр жайында натуралай көлөмдүн индекси 113,3 процентти түздү. Жыл жы-
йынтыгында тамак-аш продуктуларын, анын ичинде суусундуктар (н.к.и.
122,8%), тери жана териден жасалган буюмдарды өндүрүү (160,2%), тигүү
өндүрүшү (129,9%), жыгач иштетүү (131,4%) көбөйдү жана башка тармактар
боюнча (2,1 эсе) өстү. 2007-жылы "Каракече" кенинде көмүр казуучу
төмөнкү ишканалар иштеди: "Беш-Сары" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы,
"Демилге+ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому, ошондой эле "Шарбон" жабык
акционердик коому, "Акжол көмүр" жоопкерчилиги чектелген коому жана
"Бусурманкул-Т" жоопкерчилиги чектелген коому.
Ысыккөл облусунда өнөр жай продукциясы 9330,6 млн. сом суммасында
өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 процентке аз.
"Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканалар өндүргөн өндүрүш продукциясынын
көлөмү 7759,8 млн. сомду түзгөн (н.к.и. 99,1%). Отчет мезгилинде кен
казуу өнөр жайында 42,2 млн. сом суммада продукция өндүрүлгөн (н.к.и.
49,2%). Артта калуу көмүр казуу өнөр жайында болгон. 10,9 мињ тонна же
2006-жылдын дењгээлине караганда 48,7 процент көмүр казылган.
"Көк-Бел-Көмүр" жоопкерчилиги чектелген коому, "Шахта Жыргалањ" мамле-
кеттик акционердик коому, "Жемиш" акционердик коому жана облустун бир
катар ишканалары өнөр жай продукциясынын өсүшүн камсыз кылышкан жок.
Жыл жыйынтыгы боюнча тери өндүрүү, териден буюм жасоо (4,6 эсе),
желим жана пластмасса буюмдарын жасоо (2,2 эсе) башка металл эмес мине-
ралдык продуктуларды (н.к.и. 162,2 процент) жасоо көлөмү көбөйгөн.
Ош облусунда өнөр жай продукциясын өндүрүү 24,7 процент дењгээлде
көбөйгөнү белгиленген. Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү: "Пери-
ти-Коал" жоопкерчилиги чектелген коому, "Ош-Дюбек" тамеки ферменттөөчү
заводу, "Кыргызстан-2200" жоопкерчилиги чектелген коому, "Дан-Азык" ак-
ционердик коому, "Даннур-Түштүк" жоопкерчилиги чектелген коому жана
башкалар тарабынан камсыз болгон. Кен казуу өнөр жайында натуралай
көлөмдүн индекси 3,1 эсе, ал эми отун-энергетикалык пайдалуу кендерди
казууда 17 процентке көбөйгөн.
Иштетүү өнөр жайында натуралай көлөмдүн индекси 116,9 процентти
түзгөн, 391,4 млн. сомго продукция өндүрүлгөн. Тамак-аш продуктуларын
өндүрүүдө натуралай көлөмдүн индекси (137,9%), тигүү өндүрүшүндө (102%)
жана башка тармактарда көбөйгөн.
Талас облусунда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралай көлөмү
10,6 процентти түздү. Кен казуу өнөр жайында натуралай көлөмдүн индекси
79 процентти, иштетүү өнөр жайында 91,7 процентти, электр энергиясын
өндүрүүдө, газ жана суу бөлүштүрүүдө 124,8 процентти түздү.
Кийим өндүрүүдө өсүш темпи 123,4 процентти, башка металл эмес ми-
нералдык продуктыларды өндүрүүдө - 110,1 процентти түздү. "Талас-Сүт"
акционердик коому, "Талас-Дан-Азык" акционердик коому, "Түндүк электр"
акционердик коому (Таластагы филиалы) жана башка ишканалар өндүрүштүн
өсүшүн камсыз кылышты.
Чүй облусунда жылдын жыйынтыгында өнөр жай өндүрүшүнүн 12,7 про-
цент дењгээлде өсүшүнө жетишилди.
2007-жылы "Кристалл" акционердик коому (205% - спирт өндүрүү),
"Кант цемент-шифер комбинаты" акционердик коому (132,5%), "Темирбетон"
акционердик коому (213,3%), "Касиет" акционердик коому ("Бияз" жоопкер-
чилиги чектелген коому) (154,7%), "Интергласс" жоопкерчилиги чектелген
коому (116,1%) жана башкалар, ошондой эле чакан жана орто ишкердик
субъекттери продукцияны өндүрүү темпинин өсүшүн камсыз кылышты.
2007-жылы токтоп турган 16 ишкана, анын ичинде "Кара-Балта тоо кен ком-
бинаты" акционердик коому, "Апросах" акционердик коому, "Молибден" ак-
ционердик коому, "Технолин" жоопкерчилиги чектелген коому иштерин кайра
башташты.
Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралай
көлөмүнүн өсүш темпи 111,9 процентти түздү. Өсүүнүн темпи тамак-аш,
кайра иштетүү, жењил өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүүнүн эсеби-
нен камсыз болду. Жалпысынан иштетүү өнөр жайы боюнча продукцияны
өндүрүү 13,4 млрд. сомду (н.к.и. 112%) түздү. Өндүрүштүн көлөмү өсүшүнө
"Кока-Кола-Бишкек-Ботлерс" жабык акционердик коому, "Бишкек ун комбина-
ты" ачык типтеги акционердик коому, "Арпа" акционердик коому, "Фирма
Шоро" жабык типтеги акционердик коому, "Акжалгасын-Алко" жоопкерчилиги
чектелген коому, "Эль-Вест" акционердик коому, "Бишкексүт" акционердик
коому, "Таттуу" акционердик коому, ошондой эле "Бишкек" эркин экономи-
калык зонасынын субъекттери жана башка ишканалар орчундуу салым кошуш-
ту.
Ош шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүш темпи 111,8 про-
цент дењгээлде камсыз болду. Тамак-аш продуктуларын жана кайра иштетүү
өнөр жайынын (133,7%), текстиль өндүрүшүндө (140%), машина жана жабдуу-
ларды жасоо тармактарында (4 эсе) жана башкаларда көлөмдөр көбөйгөн.
Өсүш темпинин көбөйүшү "Ош электр" ачык типтеги акционердик коому-
нун (115,2%), "Кыргызгаз" акционердик коомунун Ош газ чарба башкармалы-
гынын (129%),"Кыргызжиптекс" жоопкерчилиги чектелген коомунун (226,2%),
"Алтын-Алко" жоопкерчилиги чектелген коомунун (143,7%), "Гүл-Азык" ак-
ционердик коомунун (110,9%), "ЖБИ-20" жабык акционердик коомунун
(172,6%), "Металлист" акционердик коомунун (200,9%) жана облустагы баш-
ка ишканалардын иштеринин эсебинен жетишилген.
Республиканын айыл чарба секторунда жылдын жыйынтыгы боюнча айыл
чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү 101,8 процент дењгээлде камсыз бол-
ду, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүдө өсүү темпи 101,7 процентти, мал чар-
басында 101,9 процентти түздү. Айыл чарба продукциясын өндүрүү темпи
Чүй облусунан (96,2%), Бишкек шаарынан (99,7%) жана Ош шаарынан (97,8%)
башка республиканын бардык региондорунда өскөндүгү белгиленет.
2007-жылы региондордо кызмат көрсөтүү сектору, анын ичинде соода
жана рыноктук кызмат көрсөтүүлөр ыкчам өнүгүүсү уланды. Бардык регион-
дордо чекене товар жүгүртүү жана элге акы төлөнүүчү кызматтарды
көрсөтүү көлөмдөрүнүн өскөнү белгиленди.
2.5. 2008-жылда региондорду өнүктүрүүнүн келечектери
Баткен облусу
Өнөр жай секторунда өндүрүштүн натуралай көлөмүнүн өсүү темпи 105
процент дењгээлде күтүлүүдө, аны "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акци-
онердик коомунун жана "Айдаркен сымап комбинаты" акционердик коомунун
ишинин, айыл чарба продукциясын иштетүү боюнча тармактын (тамеки жалбы-
рагы, пахта буласы, ун жана өсүмдүк майы) эсебинен камсыз кылуу каралу-
уда. Кен өнөр жайында өсүш көмүрдү жана башка пайдалуу кендерди казып
алууну көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Кызылкыя шаарында
Түштүк-кыргыз цемент заводун куруунун натыйжасында 2008-жылдын аягында
биринчи өндүрүштүк линияны пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүш темпи 103,7 процент
дењгээлде божомолдонууда. Өндүрүштүн өсүшү негизинен дыйканчылыктын,
техникалык өсүмдүктөрдүн (тамеки, пахта), дан өсүмдүктөрүнүн (буудай,
жүгөрү, күрүч), жемиштердин (жүзүм, өрүк) түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун
эсебинен камсыз кылынат.
Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү 5 проценттин
дењгээлинде божомолдонууда, ал негизинен сооданын инфраструктурасын
өнүктүрүүнүн, калктын ишкер активдүүлүгүн жогорулатуунун жана тейлөөнүн
сапатын жакшыртуунун эсебинен камсыз кылынат.
Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн өсүшү 8 проценттин дењгээ-
линде божомолдонууда. Анын өсүшү туристтик бизнестин андан ары
өнүктүрүлүшү, туристтердин арбын келиши менен камсыздалат.
Жүргүнчүлөрдү ташууда, турак жай-коммуналдык кызматтарда, саламаттык
сактоо жана билим берүү, байланыш мекемелеринде өсүүгө туруктуу тенден-
циялар түзүлдү.
Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-
онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 1237,4 млн. сом ин-
вестиция пайдалануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн
чет өлкөлүк кредиттер жана гранттар, калктын каражаттары, ошондой эле
республикалык бюджеттин каражаттары түзөт. Облустун энергетика тарма-
гында, курулушта жана транспорттук автомагистралдарды реконструкциялоо-
до инвестициялык ишти активдештирүү, ошондой эле ипотекалык кредиттөө
механизмдерин киргизүү менен турак жай курулушун андан ары кењейтүү ка-
ралууда.
Облус боюнча айлык орточо эмгек акы номиналдык түрдө алганда
3768,7 сом, ал эми эњ төмөнкү керектөө бюджети 2769,4 сом дењгээлине
божомолдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 7,4 мињ адамдын дењгээ-
линде каралууда.
Жалалабат облусу
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүү темпи 102 проценттин дењгээ-
линде божомолдонууда, ал төмөнкүлөрдүн: облустун ири ишканаларында -
"Кыргыз-Петролиум Компани" биргелешкен ишканасында, "Майлуусуу электро-
лампа заводунда", "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунда продукция чыга-
рууну көбөйтүүнүн; "Кыргызалтын" акционердик коомунда ("Макмалалтын"
АКК жер алдында алтын казуунун); "Кристалл" акционердик коомунда иштеп
жаткан кубаттуулуктарынын базасында жањы өндүрүштөрдү уюштуруунун; айыл
чарба продукциясын, анын ичинде жапайы өскөн мөмө-жемиштерди кайра иш-
тетүү боюнча чакан өндүрүштөрдү уюштуруунун эсебинен камсыз кылынат.
Айыл чарба продукциясынын дүњ өсүш темпи 103 проценттин дењгээлин-
де божомолдонууда, ал негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн
көбөйтүүнүн, жогорку түшүмдүү техникалык өсүмдүктөрдү - пахта, дан
өсүмдүктөрүн, жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү пахтаны, жашылчаларды,
май өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиштерди, жүзүмдү кайра иштетүү көлөмдөрүн
көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн 5 про-
центке көбөйүшү жеке сектордо соода ишмердигин өнүктүрүүнүн эсебинен
камсыз кылынат.
Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн 8 процентке өсүшү ресторан-
дардын, кафелердин, маданий-оюн зоок жайларынын санын өстүрүүнүн, ошон-
дой эле туризмди өнүктүрүүнүн эсебинен каралууда.
Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-
онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 2132,6 млн. сом
пайдалануу каралууда, каралып жаткан инвестициялар облустун өндүрүштүк
жана социалдык инфраструктурасынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө
жумшалат.
Облус боюнча айлык орточо эмгек акы номиналдуу түрдө алганда
4967,8 сомдун, эњ төмөнкү керектөө бюджети 3097,6 сомдун дењгээлинде
божомолдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 7,3 мињ адамдын дењгээ-
линде каралууда.
Нарын облусу
Өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпи 104 проценттин
дењгээлинде божомолдонууда, ал көмүр казуу, электр кубатын иштеп чыга-
руу, тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү боюнча өнөр жай ишканаларынын ту-
руктуу иштеринин эсебинен камсыз кылынат. "Каракече" разрезинде күрөњ
көмүрдү брикеттөө жана көмүрдү жарым кокска кайра иштетүү боюнча иштер-
ди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароо белгиленүүдө. Өнөр жай
көлөмүндө үлүшү 50 процентти түзгөн чакан жана орто бизнес ишканалары,
жеке ишкерлер туруктуу өсүштү камсыз кылышат.
Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн 3,4 процентке көбөйтүү
мал чарбачылыгын азыктуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
түшүмдүүлүгүн, атап айтканда, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку
түшүмдүү үрөндөрүнүн сортторун колдонуу аркылуу жогорулатуунун эсебинен
камсыз кылуу божомолдонууда.
Кытай Эл Республикасы менен коњшулаштык жана мамлекеттер аралык
макулдашуулардын чектеринде кызматташууга жетишүү биргелешкен ишкана-
ларды түзүү, сооданы, туризмди өнүктүрүү аркылуу облустун экономикасын
өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү 10,7 процентке
жогорулашы жеке сектордо соода ишмердигин өнүктүрүүнүн эсебинен камсыз
кылынышы божомолдонууда.
Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүшү 10 процентине
божомолдонууда, ал коомдук-тамактануу системасын, кызмат көрсөтүү сер-
вистерин, маданий-оюн зоок жайларын, ошондой эле туризмди өнүктүрүүнүн
эсебинен камсыз болот.
Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-
онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 218,1 млн. сом пай-
далануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн чет өлкөлүк
кредиттер, республикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле калктын ка-
ражаттары түзөт. Инвестициялар облустун өндүрүштүк жана социалдык инф-
раструктурасынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 4967,8 сом-
дун, төмөнкү керектөө бюджети 3067,9 сомдун дењгээлинде божомолдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 7,8 мињ адамдын дењгээ-
линде божомолдонууда.
Ысыккөл облусу
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн натуралай көлөмү 68,5 проценттин
дењгээлинде өсүүсү күтүлүүдө, ал негизинен "Кумтөр" кенин ишететип жат-
кан ишканалардын ишмердигинин эсебинен камсыз болот.
Андан аркы өсүш төмөнкүлөрдүн эсебинен каралат: Аксуу районундагы
Сары-Жаз комплексин өздөштүрүү; "Жыргалањ шахтасы" мамлекеттик акцио-
нердик коомунда жана "Көк-Бел-Көмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунда
көмүр казып алуу көлөмүн жогорулатуу; "Күрмөнтүцемент" акционердик коо-
мунда цемент өндүрүшүн өстүрүү; "Ысыккөлоблкурулушматериалдары" акцио-
нердик коомунун цехтерин кайрадан курууну аяктоо (курулуш материалдары-
нын өндүрүшүн уюштуруу планданып жаткан).
Айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү 104 процент өсүш темпи менен
божомолдонууда, ал жерлерди жана сугат тармактарын кыйла натыйжалуу
пайдалануунун жана үрөндөрдүн жогорку түшүмдүү жањы сортторун себүүнүн
натыйжасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн өстүрүүнүн эсеби-
нен камсыз кылынат.
Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү 103,2 процент дењгээлин-
де, ал эми калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүү көлөмү 105,3 процент темп
менен божомолдонууда. Бул чөйрөлөрдөгү божомолдук өсүштөрдү камсыз кы-
луунун өбөлгөлөрү болуп облусту туризм аймагы катары өнүктүрүү саналат.
Облустун экономикасын өнүктүрүүгө каржылоонун бардык булактарынын
эсебинен негизги капиталга 2820 млн. сом инвестиция пайдалануу каралуу-
да. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн чет өлкөлүк кредиттер, рес-
публикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле калктын каражаттары
түзөт. Инвестициялар облустун өндүрүштүк жана социалдык инфраструктура-
сынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 4282,6 сом,
төмөнкү керектөө бюджети 3222,8 сом дењгээлинде божомолдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 5,8 мињ адамдын дењгээ-
линде каралууда.
Ош облусу
Облустун өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүшү (н.к.и. 104,9 %)
кайра иштетүүчү, текстиль жана тигүү тармактарын, айыл чарба
азык-түлүктөрүн кайра иштетүүнү, мунай жана газ алууну өстүрүүнүн эсе-
бинен божомолдонууда. "Жањы-Ноокат" акционердик коому менен мрамор ка-
зып алууну уюштуруу, "А.М.Масалиев атындагы шахта" "Беш-Бурханкөмүр"
акционердик коомунда көмүр казып алуунун, "Ак-Ниет" жоопкерчилиги чек-
телген коомунун базасында токуу цехин жана башка өндүрүштүк объекттерди
куруунун эсебинен божомолдонууда.
Айыл чарба дүњ азык-түлүктөрүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 2007-жылга
карата 104,1 процент менен божомолдонууда жана ал талаачылык
азык-түлүктөрүнүн өндүрүшүн өстүрүүнүн натыйжасында камсыз кылынат.
Облус боюнча чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн божомолдонгон өсүү
темпи 103 процентти түзөт. Чекене товар жүгүртүүнүн өсүшүнө облустун
бардык аймагында жањы кийим-кече, азык-түлүк жана аралаш базарлардын
ачылышы көмөк көрсөтөт. Алай районунда чегара соодасынын жањы пунктта-
рын ачуу пландалууда. Коомдук тамактануу жана дүкөндөрдүн объектилери-
нин тармагы андан ары өнүгөт.
Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 2007-жылда күтүлүп
жаткандагыдан 8 процентке өсүшү жањы ишканаларды түзүүнүн, көрсөтүлүп
жаткан кызматтардын ассортиментин кењейтүүнүн жана сапатын андан ары
көтөрүүнүн эсебинен каралууда.
Облустун экономикасын өнүктүрүүгө каржылоонун бардык булактарынын
эсебинен негизги капиталга 1025,8 млн. сом инвестицияларды пайдалануу
каралууда. Каралып жаткан инвестициялар облустун өндүрүштүк жана соци-
алдык инфраструктурасынын объекттерин андан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 2912,2 сом,
төмөнкү керектөө бюджети 3326,5 сом дењгээлинде божомолдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 13,3 мињ адамдын дењгэ-
элинде божомолдонууда.
Талас облусу
Облустун өнөр жайында продукциянын натуралай көлөмүнүн өсүү темпи
104 проценттин дењгээлинде божомолдонууда, ал иштеп жаткан ишканаларда
тамак-аш азык-түлүктөрүн жана айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү
өндүрүшүн көбөйтүүнүн, токтоп турган ишканаларда жањы цехтерди жана
технологиялык линияларды ишке киргизүүнүн, курулуш материалдарын, эме-
ректерди ж.б. чыгаруу боюнча анча чоњ эмес өнөр жай объекттерин куруу-
нун жана пайдаланууга берүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Облустун өнөр
жай секторуна олуттуу салымды чакан жана орто ишкердиктин ишканалары
жана жеке ишкерлер кошушат.
Айыл чарба дүњ азык-түлүктөрүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 103,8 про-
цент дењгээлинде божомолдонууда жана ал негизинен талаачылык
азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 106,5 процент дењгэ-
элинде божомолдонууда. Өсүш негизинен соода тармагынын кењейишинин,
ошондой эле рыноктун жењил өнөр жай товарларынын жана азык-түлүк товар-
ларынын негизги түрлөрү менен топтолушунун эсебинен камсыз болот.
Калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 106,3
процент дењгээлинде божомолдонууда жана соода, байланыш, транспорт жана
коммерциялык ишмердик чөйрөлөрүндө рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдү андан
ары өнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-
онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 458,7 млн. сом ин-
вестиция пайдалануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн
чет өлкөлүк кредиттер жана гранттар, республикалык бюджеттин каражатта-
ры, ошондой эле калктын каражаттары түзөт. Узундугу 39 чакырымды түзгөн
Суусамыр-Талас автожолунун экинчи фазасын куруу каралууда.
Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 3768,7 сомдун
дењгээлинде, төмөнкү керектөө бюджети 3080,8 сомдун дењгээлинде божо-
молдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 2,3 мињ адамдын дењгээ-
линде болжолдонууда. Жумушсуздардын санын кыскартуу соодада жана айыл
чарба азык-түлүктөрүн сатууда, курулуш материалдарын, тамак-аш азыкта-
рын өндүрүүдө жана ишкердиктин башка түрлөрүндө жањы жумуш орундарын
түзүүнүн эсебинен күтүлүүдө.
Чүй облусу
Өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпи 128,7 процентти
түзөт, "Кыргызалтын" акционердик коомунун "Аффинаж өндүрүшү" филиалын
эсепке албаганда өсүү темпи 106,3 проценттин дењгээлинде божомолдонуу-
да. Көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү "Кант цемент-шифер комбинаты" ачык акци-
онердик коомунун, "Абдыш-Ата" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Ин-
тергласс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана башка ишканалардын ту-
руктуу иштешинин эсебинен камсыз кылуу каралууда.
Чүй облусу айыл чарба азык-түлүктөрүн негизги өндүрүүчү болуп кала
берет. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн дүњ көлөмүнүн өсүү темпи 103 про-
цент дењгээлинде божомолдонууда. Кант кызылчасын, дан эгиндерин, жашыл-
чаларды жана жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүү каралууда. Мал чарбачылыгын-
да башкы көњүл мүйүздүү ири малдарды, канаттууларды өстүрүүгө бурулат.
Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүш темпи 109,5 процент дењгэ-
элинде, ал эми калкка акы төлөтүп кызмат көрсөтүү көлөмү боюнча 9 про-
цент дењгээлинде божомолдонууда. Облустун кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө
өтө көп салыштырма салмакты соода, коммуналдык жана транспорт кызматта-
ры түзөт. Ушуну менен катар, маалымат-коммуникация борборлорунун жана
финансы-кредит мекемелеринин кызматтары өнүгүүдө.
Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө каржыло-
онун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга 1,4 млрд. сомго чу-
кул каражат пайдалануу каралууда. Капиталдык салымдардын негизги үлүшүн
республикалык бюджеттин каражаттары, калктын каражаттары, чет өлкөлүк
тике инвестициялар түзөт. Капиталдык салымдарды алтын казып алуу ("Тал-
ды-Булак-Сол жээк" кенинде) жана курулуш индустриясынын (Кант "МВМ" за-
воду жана "Силикат" АК) объекттеринде өздөштүрүү каралууда.
Курулушта артыкчылыктуу багыттар транспорт жана байланыш, кен жана
энергетика тармагынын, ошондой эле турак жай объекттери болот.
Облус боюнча орточо айлык акы накталай түрдө алганда 5653 сомго
чейинки өлчөмдө божомолдонууда. Облус бул көрсөткүч боюнча Бишкек шаа-
рынан кийин экинчи орунду ээлейт. Төмөнкү керектөө бюджети 3253,9 сом-
дун дењгээлинде божомолдонууда.
Расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 8,6 мињ адамдын дењгээ-
линде божомолдонууда.
Бишкек шаары
Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүү темпи 104,1
процент дењгээлинде божомолдонууда жана өнөр жайынын бардык тармактары-
на инвестицияларды тартуунун жана сатып өткөрүүнүн жањы рынокторун
өздөштүрүүнүн эсебинен жетишилет.
Иштетүү тармагынын экономикалык өсүшүнө салымдардын акыркы жылдар-
дагы байкалган жогорулоо тенденциясы кийинки өнүктүрүүсүн улантат. Өтө
олуттуу салымды айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн, текстиль жана
тигүү өнөр жайынын, курулуш материалдарын өндүрүүнүн, металлургия тар-
магынын, машина куруунун эсебинен камсыз кылуу божомолдонууда.
Тамак-аш тармагында инвестицияларды тартуунун, жабдууларды модер-
низациялоонун эсебинен "Таттуу" акционердик коомунун, "Эльвест" акцио-
нердик коомунун, "Бишкексүт" акционердин коомунун өндүрүшүн андан ары
өстүрүү жана чыгарылган продукциянын ассортиментин кењейтүү, ошондой
эле алкоголь эмес жана ликер-арак продукцияларын өндүрүү көлөмдөрүн
көбөйтүүнүн эсебинен каралууда. Тармактын өнүгүшүнө зор салымды нан жа-
на булочка, кондитер, колбаса ж.б. азыктарды чыгаруучу чакан жана орто
ишкердиктин жањы ишканалары кошушат.
Текстиль жана тигүү өнөр жайында өндүрүш көлөмүн чакан ишканалар-
дын жана жеке ишкердик ишмердиктеринин эсебинен көбөйтүү божомолдонуу-
да. Тармакта продукция өндүрүүнүн божомолдонуп жаткан дењгээли ири иш-
каналардын ("Комволдук-нооту комбинаты" акционердик коому, "ВЛКСМ атын-
дагы Бишкек тигүү фабрикасы" акционердик коому, "Илбирс" акционердик
коому ж.б.) продукцияларын сатып өткөрүүнүн реалдуу келечектери жана
аларды финансылык-экономикалык калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ча-
ралар менен шартталат, алардын өнүгүшүнө өздүк каражаттарды жана чет
өлкөлүк инвесторлордун каражаттарын пайдалануу каралууда.
Металл эмес башка минерал продуктуларын өндүрүүнү өнүктүрүү келе-
чеги көбүнесе республиканын курулуш комплексинин активдешүүсү менен
байланышкан жана курулуш индустриясынын ишканаларынын өндүрүшүнүн божо-
молдонгон өсүшүн аныктайт.
Машина куруу тармагында өндүрүштүн божомолдонуп жаткан өсүшүнө
продукциялардын ассортиментин кењейтүүнүн, жабдууларды модернизациялоо-
нун, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун, сатып өткөрүүнүн жањы ры-
нокторун өздөштүрүүнүн эсебинен жетишүү каралууда. Өндүрүлгөн продукци-
яларды алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө жөнөтүүнү көбөйтүү каралууда.
Продукцияларды өндүрүү көлөмүн жогорулатууга төмөнкү ишканалардын
ишмердиктеринин эсебинен жетишүү каралууда:
- "Айнур" акционердик коомун;
- "Ийгилик" жоопкерчилиги чектелген коомун (продукциялардын жањы
түрлөрүн өздөштүрүү жана эл керектөөчү товарларды өндүрүүнү көбөйтүү
каралууда);
- "Автокураштыруу заводу" акционердик коомун (Казакстандын ке-
ректөөчүлөрү үчүн трактордук чиркегичтерди өндүрүүнү өстүрүү).
Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн көлөмүнүн өсүү темпи 103,6 процент
дењгээлинде божомолдонот жана жарандардын жеке менчик чарбактарын
өнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Чекене соода жана калкка акы төлөп кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө
тиешелүү түрдө 110 жана 109 процент божомолдонуп жаткан темптери сакта-
лат. Кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүшү соода ишмердигин өнүктүрүүнүн,
анын ичинде ири соода ишканаларынын тармагын өстүрүүнүн, ресторандар-
дын, кафелердин, маданий-оюн-зоок жайларынын тармагын көбөйтүүнүн, ту-
ристтик кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Уюктук
телефон колдонуучулардын жана уюктук телефон кызматын көрсөтүшкөн ком-
паниялардын санынын көбөйүшүнүн, телефон тармагын модернизациялоонун
эсебинен почта жана электр байланышы кызматтарын ыкчам өнүктүрүү улан-
тылат.
Бишкек шаарынын экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө
8,43 млрд. сом капиталдык салымдарды өздөштүрүү каралууда. Капиталдык
салымдардын негизги үлүшүн калктын каражаттары, ишканалардын жана уюм-
дардын өздүк каражаттары түзөт.
Орточо эмгек акы накталай түрдө алганда 8736,5 сомго чейинки
дењгээлде өсүшү божомолдонууда.
Негизги азык-түлүк товарларына жана кызматтарга баанын өсүшүн эске
алуу менен төмөнкү керектөө бюджети 3678,6 сомдун чегинде божомолдонуу-
да.
Бишкек шаардык мэриясы иштеп чыккан калкты 2010-жылга чейин жумуш
менен камсыз кылуунун программасына ылайык расмий катталган шаардагы
жумушсуздардын саны 8 мињ адамдын дењгээлинде божомолдонууда.
Ош шаары
Өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүү темпи 103 процент
дењгээлинде божомолдонууда жана шаардын өнөр жай ишканаларынын иштери-
нин туруктуулугунун эсебинен камсыз кылынат.
Айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн өсүү темпи 104,6 процент
дењгээлинде божомолдонот жана жарандардын жеке менчик чарбактарын
өнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багытта-
рынан болуп калууда. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө олуттуу салыштырма сал-
макты соода ээлейт, бул жерде чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүн 106 про-
центи дењгээлинде өстүрүүнү камсыз кылуу божомолдонууда. Калкка акы
төлөп кызмат көрсөтүү 109 проценттин дењгээлинде божомолдонууда, аны
көрсөтүлгөн кызматтын (транспорттук, тиричилик, туристтик) спектрин
кењейтүүнүн, кызматтын жањы түрлөрүн (телекоммуникациялык, билим берүү,
финансылык ж.б.) киргизүүнүн эсебинен камсыз кылуу күтүлүүдө.
Капиталдык салымдардын божомолдонуп жаткан көлөмү каржылоонун бар-
дык булактарынын эсебинен 282 млн. сомдун дењгээлинде каралууда.
Орточо эмгек акыны накталай түрдө алганда 5653 сом дењгээлине жет-
кирүү, төмөнкү керектөө бюджети 3326,5 сомдун чектеринде божомолдонуу-
да. Расмий катталган жумушсуздардын саны 1,6 мињ адамдын дењгээлинде
божомолдонууда.
3. 2008-жылга максаттуу көрсөткүчтөр
"2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы N 249 Жарлыгы
менен бекитилген максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ылайык
"экономикалык өнүктүрүү чекиттери" аныкталган. Бул, биринчи кезекте -
электр кубатын өндүрүү жана бөлүштүрүү, транспорттук сектор, курулуш,
тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү аркылуу айыл чарбасын жана сервистик
кызматтын бир катар тармагын өнүктүрүү.
2008-жылда ИДПнын реалдуу өсүшүнүн максаттуу көрсөткүчү 8 процент-
ти түзөт. Өнөр жайда өсүш темпи - 19,9 процентти түзөт. Айыл чарбасында
- 4,1 процентти. Кызмат көрсөтүүдө - 11,1 процентти. Курулушта - 15
процентти түзөт (2-таблица).
Экономикалык өсүштү күчөтүү боюнча болгон потенциалды жана резерв-
дерди эске алуу менен эсептелген Кыргыз Республикасын 2008-жылга соци-
алдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрү 2007-2010-жыл-
дарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында берилген көрсөткүчтөргө дал ке-
лет. Буга байланыштуу 2008-жылга ИДПнын өсүшүнүн негизги максаттуу па-
раметри катары 8 процент дењгээлин кабыл алуу сунуш кылынат.
1-таблица
Кыргыз Республикасын 2006-2007-жылдар үчүн
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги
көрсөткүчтөрү жана 2008-жылга
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
божомолдонуучу сценарийлери
| Ченөө | 2006- | 2007- | 2008-жылы үчүн өнүктүрүү | |||
| бирдиги | жылдагы | жылы | снерарийлери | |||
| факт | алдын | -------------------------- | ||||
| ала | базалык | опти- | песси- | |||
| алынган | мисттик | мисттик | ||||
| факт | ||||||
| 1. ИДПны өндүрүү (салыктарды эске алуу менен) | ||||||
| Номиналдык ИДП | млн. сом | 113800,1 | 139749,4 | 162638,4 | 165304,4 | 158000,0 |
| ИДПнын реалдуу | % | 103,1 | 108,2 | 107,6 | 108,5 | 106,7 |
| өсүш темпи | ||||||
| Дефлятор | % | 109,4 | 113,5 | 108,2 | 109,0 | 106,0 |
| Кошумча нарк | ||||||
| Өнөр жай | млн. сом | 16935,1 | 18159,3 | 24895,0 | 27495,9 | 22053,9 |
| Айыл чарба | млн. сом | 32638,2 | 40552,9 | 42868,9 | 42265,6 | 44187,5 |
| Курулуш | млн. сом | 3041,9 | 4712,6 | 7102,9 | 7374,7 | 5827,8 |
| Кызмат | млн. сом | 46982,9 | 57376,9 | 65894,6 | 66224,2 | 64632,4 |
| көрсөтүүлөр | ||||||
| 2. ИДПны түзүүчү секторлордо продукцияны | ||||||
| өндүрүү жана өсүү темпи | ||||||
| Өнөр жай(*) | млн. сом | 57995,2 | 62649,4 | 82650,0 | 90228,8 | 76100,4 |
| өсүү темпи | % | -9,3 | 7,3 | 19,9 | 34,1 | 9,9 |
| Айыл чарба | млн. сом | 72285,2 | 89724,9 | 100471,7 | 100632,5 | 97759,9 |
| өсүү темпи | % | 1,5 | 1,5 | 4,1 | 5,0 | 1,5 |
| Курулуш | млн. сом | 13335,9 | 20653,2 | 26307,2 | 27313,8 | 25560,4 |
| өсүү темпи | % | 19,1 | 20,2 | 15,0 | 20,2 | 10,0 |
| Кызмат | млн. сом | 86622,4 | 102998,9 | 121481,6 | 122089,2 | 116036,6 |
| көрсөтүүлөр | ||||||
| өсүү темпи | % | 9,0 | 11,7 | 11,1 | 13,6 | 4,3 |
| (*) - сатып алынуучу электр энергияны эсепке албастан, менен иштетип | ||||||
| алма сырьену кайра иштетүү наркын эсепке алуу | ||||||
| 3. Социалдык көрсөткүчтөр | ||||||
| Жумушсуздук | % | 8,1 | 11,8 | 11,5 | 11,0 | 10,5 |
| дењгээли | ||||||
| Төмөнкү | сом | 2377,2 | 2795,9 | 3229,0 | 3166,0 | 3400,0 |
| керектөө | ||||||
| бюджети (ТКБ) | ||||||
| Орточо эмгек | сом | 3091,0 | 4000,0 | 5200,0 | 5600,0 | 5200,0 |
| акы (ОЭА) | ||||||
| ОЭАнын реалдуу | % | 12,7 | 8,0 | 16,1 | 29,6 | 10,2 |
| өсүшү | ||||||
| МКБ карата | % | 130,0 | 143,1 | 166,1 | 185,5 | 157,6 |
| ОЭАнын проценти | ||||||
| Калктын саны | мињ адам | 5138,7 | 5270,0 | 5322,0 | 5400,0 | 5296,0 |
| Өткөн жылдын | % | 5,1 | 20,1 | 12,0 | 8,0 | 18,0 |
| декабрь айына | ||||||
| карата керектөө | ||||||
| бааларынын | ||||||
| индекси | ||||||
| 4. Каржылоо булактары боюнча капиталдык салымдар | ||||||
| Капиталдык | млн. сом | 18771,3 | 20947,0 | 28160,0 | 30756,9 | 27310,8 |
| салымдар, | ||||||
| анын ичинде: | ||||||
| Республикалык | млн. сом | 1020,1 | 1959,8 | 3005,0 | 3005,0 | 3005,0 |
| бюджет | ||||||
| Жергиликтүү | млн. сом | 251,0 | 570,2 | 648,0 | 648,0 | 648,0 |
| бюджеттер | ||||||
| Ишканалардын | млн. сом | 8835,8 | 11655,8 | 11793,9 | 11943,9 | 11793,9 |
| жана уюмдардын | ||||||
| каражаттары | ||||||
| Чет элдик | млн. сом | 297,9 | 922,7 | 1168,0 | 1168,0 | 1168,0 |
| гранттар жана | ||||||
| гуманитардык | ||||||
| жардам | ||||||
| Чет элдик | млн. сом | 2731,1 | 2843,7 | 2054,9 | 2054,9 | 2054,9 |
| кредиттер | ||||||
| Чет элдик тике | млн. сом | 1503,7 | 729,3 | 2260,5 | 3260,5 | 2260,5 |
| инвестициялар | ||||||
| Калктын | млн. сом | 4131,7 | 5704,0 | 7230,5 | 7230,5 | 7230,5 |
| каражаттары | ||||||
| жана башкалар |
2-таблица
Өндүрүштүн түзүмү жана реалдуу ИДПнын өсүү темпи
(2006-2008-жылдар)
| 2006- | 2007- | 2008-жыл | 2008-жыл үчүн өнүктүрүү | |||
| жылдагы | жылы | үчүн | сценарийлери | |||
| факт | алдын | максат- | -------------------------- | |||
| ала | туу | базалык | опти- | песси- | ||
| алынган | пара- | мисттик | мисттик | |||
| факт | метрлер | |||||
| ИДП учурдагы | 113800,1 | 139749,4 | 162975,1 | 162638,4 | 165304,4 | 158000,0 |
| баа менен | ||||||
| (млн. сом) | ||||||
| ИДП дефлятору | 109,4 | 113,5 | 108,0 | 108,2 | 109,0 | 106,0 |
| (%) | ||||||
| ИДПнын реалдуу | 103,1 | 108,2 | 108,0 | 107,6 | 108,5 | 106,7 |
| өсүш темпи (%) | ||||||
| Өнөр жай | 1,5 | 1,5 | 4,1 | 4,1 | 5,0 | 1,5 |
| Айыл чарба | -9,3 | 7,3 | 19,9 | 19,9 | 34,1 | 9,9 |
| Курулуш | 19,1 | 20,2 | 15,0 | 15,0 | 20,2 | 110,0 |
| Кызмат | 9,0 | 11,7 | 11,1 | 11,1 | 13,6 | 4,3 |
| көрсөтүүлөр |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 31.07.2008 · № 415 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги №218 "Кыргыз Республикасын 2009-2011-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2009 · № 218 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 февраля 2009 года № 116 "Об итогах социально-экономического развития Кыргызской Республики за 2008 год и Программе действий Правительства…Постановление · 11.02.2009 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2008 · № 614 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- 2007-жылдын 23-октябрындагы № 419-б (Макроэкономикалык кырдаалды оперативдүү мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макулдашылган кыска…Распоряжение · 23.10.2007 · № 419-р
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2007 жылдын 13 майы №249 " 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө"Указ · 16.05.2007 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 мая 2007 года №199 "Об итогах социально-экономического развития Кыргызской Республики за I квартал 2007 года и утверждении Плана действий…Постановление · 26.05.2007 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-апрелиндагы ПЖ № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан…Указ · 28.04.2006 · № 192 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О содействии занятости населенияЗакон · 27.07.1998 · № 113 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы №271 " Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мекемелерди бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө"…Постановление · 30.07.2005 · № 271 · Күчүн жоготкон