Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 18-октябры ПЖ № 350 Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн андан ары өркүндөтүү, аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, региондордо калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик, социалдык жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү караган орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жана региондорун өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын бекитсин:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыгууну:
коомдун жана мамлекеттин учурдагы керектөөлөрүнө жооп берген, Кыргыз Республикасынын жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктеринде башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун; аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун заманбап методдорун жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен райондорду адистештирүүгө жана өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө негизделген региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун; калктын санына жана калктуу конуштардын (шаар, айыл) тибине жараша региондордогу калк үчүн инженердик-коммуникациялык жана социалдык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүнүн региондук стандарттарынын системасын;
- аймактарды көрктөндүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча шаарлар жана айылдык калктуу конуштар үчүн кыйла маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо системасын киргизүүнү;
- жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз катышуусу жана контролу менен региондук деңгээлде өнүктүрүү бюджетин түзүүнү.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана. коммерция министрлигине административдик-аймактык түзүлүш, аймактык-мейкиндикти пландаштыруу жана региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин, ошондой эле өзүнүн мурда кабыл алынган- чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 81 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (81)
- 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Программа · 18.03.2025 · № 134
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 токтомуна) 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин…Программа · 25.09.2024 · № 586
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү Программасы (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81…Программа · 20.02.2025 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 "Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2025 · № 779
- Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябры № 96 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 30.11.2023 · № 96
- Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.09.2024 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 "2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик…Постановление · 25.09.2024 · № 586
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык…Постановление · 18.03.2025 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана…Постановление · 20.02.2025 · № 81
- Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 107/ХXIХ-28 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү…Постановление · 01.10.2023 · № 107/ХXIХ-28
- Сосновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14 “Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” токтомуПостановление · 12.09.2023 · № 14
- Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.10.2023 · № 16
- Октябрь айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 жарлыгын колдоо жөнүндө"…Постановление · 04.09.2023 · № 51
- Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 5-4 "Админстративдик –аймактык реформанын 1 этабына даярдык көрүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн концепциясынын…Постановление · 03.10.2023 · № 5-4
- Беловодск айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 135 "Москва районунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.08.2023 · № 135
- Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 21/4 "Административдик аймактык реформа жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 21/4
- Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябры № 156 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2023 · № 156
- Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-сентябры № 51-п "Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2023 · № 51-п
- Сакалды айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.09.2023 · № 1
- Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-сентябры № 147 "Жаңы бириккен айыл аймагынын аталышы жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2023 · № 147
81 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2023 · № 26
- А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 24/1 "А.Масалиев айыл аймагынын курамына кошулуучу аймактарды кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2023 · № 24/1
- Айдаркен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 55 "Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 22.09.2023 · № 55
- Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-2 "Административдик-аймактык реформа жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 24-2
- Багыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05 октябрындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү жана андан…Постановление · 05.10.2023 · № 1
- Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 72 “Админстративдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө” токтомуПостановление · 27.09.2023 · № 72
- Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 74 “Админстративдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө” токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 74