Ак-Жар айылдык кеңешинин “Админстративдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябры № 74
“Админстративдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 18-октябрындагы Кыргыз Республикасынын админстративдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнуктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда Админстративдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик, Ак-Жар, Көлдүк айыл аймактарынын бириктирүү долбоору өзгөргөндүгүнө байланыштуу Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023- жылдын 27-сентябрында кабыл алынган №72 токтомунун жалпы пункттары өзгөртүлүп жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Өзгөн районунун Ак-Жар, Көлдүк айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.
3. Бириккен айыл аймагынын аталышы “Ак-Жар” деп аталып, борбору Ак-Жар айылына жайгашуусу жактырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Турдали у. К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.