Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин «А.Масалиев айыл аймагынын курамына кошулуучу аймактарды кароо жөнүндө» токтому
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2023-жылдын 23-сентябрындагы № 24/1
А.Масалиев айыл аймагынын курамына кошулуучу аймактарды кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Административдик – аймактык реформа негизинде Тегирмеч айылынан баштап Чаувай айыл өкмөтү жана Майдан айыл өкмөтүнүн жогорку зонасын А.Масалиев айыл өкмөтүнө кошуп берүү жагы сунушталсын.
2. Токтомду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу М.Хакимовго жүктөлсүн.
Төрага:
Т.Галботоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча…Указ · 18.10.2022 · № 350