Байтик айылдык кеңешинин «Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 7 отуруму 29-чакырылыш
2023-жылдын 19-сентябры № 51-п Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, 2023 – жылдын 10 – августундагы Байтик айыл аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Байтик айыл аймагынын административдик – аймактык реформалоо боюнча Байтик айыл аймагынын атын “Байтик Баатыр атындагы айыл аймагы” атына өзгөртүү долбоорун карап жана талкуулап, "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Байтик айылдык кеңешинин кезексиз №7 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Байтик айыл аймагынын” аталышы “Байтик Баатыр атындагы айыл аймагы” деп өзгөртүлүп, борбору жана чек арасы өзгөрүүсүз калтырылсын;
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча Мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага
К. Осмоналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.