Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ ХХVIII чакыруу Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 35-чи кезексиз жыйыны
2023-жылдын 30-ноябры № 96
“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, Аламүдүн райондук администрациясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы № 02-3/1881 катын жана 2023-жылдын 21-октябрында Таш-Добо айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Таш-Добо айылдык аймагынын административдик-аймактык рефармалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Таш-Добо айылдык кеңешинин 35-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл өкмөтү менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү бириксин.
2. Бириккен айыл өкмөтүнүн аты Таш-Дөбө айыл өкмөтү деп бекитилсин.
3. Бириккен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбору Таш-Дөбө айылы болсун.
4. Бул токтом Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн вэб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттодон өткөрүлсүн.
5. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө милдети Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага
Курманбаев А.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65