Биринчи май айылдык кеңешинин «Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 156 Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө", Биринчи май айылдык кеңешинин сесиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
Биринчи Май жана Беловодск айыл аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.
Биринчи Май жана Беловодск айыл аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде “Чоӊ-Ак-Суу айыл аймагы” деген жаӊы аталыш берилсин.
Ак-Суу айылынын аталышы ошол бойдон калсын.
Ушул токтом Биринчи Май айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага
Н.И. Акматалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча…Указ · 18.10.2022 · № 350
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65