Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 24-февралы ПЖ № 54 Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө Соңку жылдары көрүлүп жаткан чараларга карабастан, кыргыз коомчулугунда ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдардын социалдык абалын теңсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана жаман адаттар кездешүүдө. Көптөгөн жарандар шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумга арналган иш-чараларын коңшулардын жана туугандарынын алдында сын пикирге кабылбоонун, жалпысынан коомчулуктун басымында калбоонун жалгыз мүмкүнчүлүгү катары кабыл алууда. Калк маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Ал тургай мындай шаан-шөкөттүү салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол берилип жатат. Мунун бардыгы өзүмчүлдүктү, адепсиздикке, өзүм билемдикти камтыган бөтөн жана бузуку идеялардын жана баалуулуктардын системасынын коомго жайылышына алып келет. Курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн бул иш-чараларга көп учурларда материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат, тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлат, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат. Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетет. Белгилүү болгондой, динде да маркумду жерге коюуда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында мындай ысырапкерчиликке жол берилбейт. Республиканын жарандары үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымдабастан өткөрүшү зарыл. Өзгөчө интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда гана эмес, ошондой эле турмушта жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди, үрп-адаттарды жана элдик каада-салттарды сыйлоодо катардагы жарандарга үлгү болууга тийиш. Азыркы мезгилде кыргыз коомунун руханий маданиятынын жана адеп-ахлагынын негиздерин турукташтыруу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, калкта, өзгөчө жаштарда мындай маселелерге аяр мамиле кылууну калыптандыруу үчүн каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп- адаттарды катуу тартипке келтирүү талап кылынууда. Улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосунун социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү үчүн каада-салттарды, салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- бул маселе боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды өткөрүүчү адамдарга тиешелүү сунуштарды берсин;
- бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы:
- маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурсун;
- каада-салттарды, салтанаттарды, үрп-адаттарды жана маркумга арналган башка иш-чараларды тартипке келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылсын.
4. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына төмөнкүлөр сунушталсын:
- диний ырым-жырымдарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жана алдын алуу максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу;
- көрсөтүлгөн фатвалар боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.
5. Кыргызстан калкы ассамблеясына, коомдук уюмдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде телерадиоберүү уюмдарына үй-бүлөлүк салтанаттарды, диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган башка иш-чараларды ири акчалай каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке жол бербестен өткөрүү, жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталсын.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 162 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (162)
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 30/4-29 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды…Постановление · 20.03.2025 · № 30/4-29
- Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк…Постановление · 28.09.2023 · № 8
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 44 "Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобосун…Постановление · 18.03.2022 · № 44
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги №7-10 "“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын ишке ашыруу” жөнүндө" ТоктомуПостановление · 29.04.2022 · № 7-10
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Төш-Булак айыл кеңешинин 2022-жылдын 7-апрели № 4/1 “Төш-Булак айыл өкмөтүндө үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп адаттарын…Постановление · 07.04.2022 · № 4/1
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу…Постановление · 10.09.2025 · № 1/11-47
- Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 30 "Тынчтык жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2025 · № 30
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-августундагы № 1 "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби боюнча айыл аймагында иштелип…Постановление · 27.08.2024 · № 1
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 67/8-29 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.08.2025 · № 67/8-29
- Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын “29” августу № 24 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2025 · № 24
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 20 "Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.04.2025 · № 20
- Кара-Балта шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо (Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги…Положение · 11.04.2025 · № 20
- Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 22 "Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 22
- Сары-Булак айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо (Сары-Булак айыл аймагынын айылдык…Типовое положение · 06.10.2023 · № 4/22
- Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу…Положение · 28.09.2023 · № 8
- Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Каргалык айыл аймагынын айыл…Постановление · 30.06.2022 · № 36
- Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылга карата (Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №18/4 токтомуна ылайык) иш-планыПлан · 08.06.2023 · № 18/4
- Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 12/49 "Миӊ-Булак айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке…Постановление · 14.03.2022 · № 12/49
- «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Нарын…Положение · 14.03.2022 · № 12/49
162 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби…Постановление · 06.10.2023 · № 4/22
- Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2022-жылдын 04-июнундагы № 17 "Сары-Булуң айыл аймагынында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө…Постановление · 04.06.2022 · № 17