Орловка шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жана 2024-жылдын 14-октябры ПЖ № 296 „Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыктарын аткаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-марты № 30/4-29
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жана 2024-жылдын 14-октябры ПЖ № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыктарын аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”, 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 06-ноябрындагы “Чүй облусунун аймагында "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” №315 буюрмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу менен ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4.1. пункту “Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүдө мал союуга тыюу салынат.” деп өзгөртүлсүн.
2. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү көзөмөлдөөчү комиссия тарабынан (шаардык кеңештин депутаттары, мэрия кызматчылары, аксакалдар соту, диний өкүлдөр, жаштар жана аялдар кеңештери, милиция кызматкерлери, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”, 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 06-ноябрындагы “Чүй облусунун аймагында "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” №315 буюрмасын аткаруу боюнча Орловка шаарынын калкына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.А.Кабаевага жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөЗакон · 22.02.2024 · № 53
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…Указ · 24.02.2022 · № 54
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123