Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-апрели № 20
Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз 24-февралындагы Республикасынын Президентинин 2022-жылдын № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жетекчиликке алуу менен Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэри М.Джекшеновго:
- Кыргыз Республикасынын 24-февралындагы Президентинин 2022-жылдын № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүнүн тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууну камсыз кылсын;
- жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо дэңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коодун руханий абалына терс таасир тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо жагын, маркумду жерге коюда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында ысырапкерчиликке жол берилбестиги боюнча иш жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
| Кеңештин төрагасы | | М. Дуйшеналиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.