Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылга карата (Гүлчө айылдык кеңешинин токтомуна ылайык) иш-планы
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2023-жылдын 8-июнундагы кезексиз 18- отурумунун №18/4 токтомуна тиркеме №2
Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылга карата
ИШ - ПЛАНЫ
I-кварталда
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичи аткарган иштери боюнча маалымат.(Айыл өкмөт башчысы С. Исаев).
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы С.Исаев).
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата аткарылышы жөнүндө отчетун угуу (С.Исаев баяндайт) .
4. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнундө(Баяндамачы И.Жамшитов).
5. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү боюнча Жобо жөнүндө(жооптуу катчы Э.Кадырова)
6. Жайыт комитетинин төрагасы С.Таласбековдун 2022-жыл ичи аткарылган иштери боюнча маалыматы жана 2023-жылга карата жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнундө(С.Таласбеков баяндайт).
7. №7-МЧББУнун директору К.Сансызбаеванын балдар бакчасына кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө (Сансызбаева Клара-баяндамачы).
8. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында «тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу» боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө(Э.Кадырова баяндайт).
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54- Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө (Э.Кадырова баяндайт).
10. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата өздүк кирешесинен 8947,9 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө.
11. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №5 «Ак ниет» мектепке чейинки балдарга билим берүү уюмунун имаратынын аркасында эгилген тал-теректер жетилип, тамыры тереңдеп, бакчанын инфраструктурасына жана гүлдөгөн маалда ак-бубактар учуп чыгып балдардын ден–соолугуна зыян келтирип жаткан он сегиз түп тал-теректерди кыйдыруу жөнүндө (Гүлчө айылдык кенештин депутаты, А.Тешебаева баяндайт).
12. Гүлчө айылынын Нарматов -113-көчөсүнүн борбордук стадионуна Мамытов Амангелдинин ысымын ыйгаруу боюнча Гүлчө айылынын тургундарынын арызы жөнүндө (С.Таласбеков баяндайт).
13. Гүлчө айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (баяндамачы Ормонбек уулу Э).
14. “Гүлчө-Тазалык” ишканасынын башчысынын жыл ичи аткарган милдеттери боюнча маалымат.
II-кварталда
1. Чакмак айылындагы “Таза-Суу” коомдук бирикмесинин Гүлчө айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” муниципалдык ишканасына биригүү жөнүндө(Баяндаманы М.Иманахунов жасайт).
2. Гүлчө айыл аймагында жайгашкан мектептер, мектепке чейинки балдарга билим берүү боюнча уюмдар жана Муниципалдык ишканалар менен иш-алып баруу боюнча туруктуу комиссиялардын иш-аракеттери жөнүндө (Саламаттыкты сактоо, эл агартуу, маданий, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары баяндайт).
3. Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүнүн автобекети менен базардын айланасындагы жолдордун, А.Жээнбеков көчөсүнүн жана жаңы курулуп жаткан №4-балдар бакчасынын абалдары жөнүндө (баяндаманы экономика жана агрардык жер маселеси жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы жасайт).
III-квартал
1. Гүлчө айыл аймагындагы эс алуучу жайлардын ,спорттук курулмалардын ж.б. эс алууга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө (Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси жана Мыйзамдуулук, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт).
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6(алты) ай ичинде аткарылышы боюнча ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчёту.(Экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт).
3. Гүлчө айыл аймагындагы айыл башчылардын аткары жаткан иштери жөнүндө( баяндаманы айыл башчылар: О.Сопуев, Арзыкулов М., К.Кадырова, Талипжан у И., У. Алиевдер даярдашат).
4. КААБ мүчөлөрүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт).
IV- квартал
1. Гүлчө айылдык кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн шайлоочуларынын суроо-талаптарын аткаргандыгы жөнүндө маалыматтарын талкуулоо. Гүлчө айылдык кеңештин депутаттары.
2. Кеңеш тарабынан 2022-23-жылдардагы чыккан токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө (Мыйзамдуулук, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия даярдайт).
3. Жаштар комитетинин иштери жөнүндө(Баяндаманы А.Токоева жасайт).
4. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин бир жылдык отчёттору(Г.Ашимова, Р.Кахаров,А.Райимкулов,Э.Каюмов,ВУС кызматкерлери жасайт).
Уюштуруучулук жана практикалык иштер
1.
Айылдык кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн шайлооячуларынын алдында отчёт берүүсүн уюштуруу
Жыл ичинде
Айылдык кеңеш жана айыл өкмөттүн аппараты
2.
2023-жылдын иш-планын түзүүдө ар бир туруктуу комиссия өздөрүнүн алдына койгон максаттарын иш-планга киргизип, заседанияларды уюштуруп өткөрүүдө көмөк көрсөтүүлөрү
Жыл ичинде
Туруктуу комиссиялар жана жооптуу катчы
3.
Гүлчө айыл өкмөтунө караштуу бардык аймактын жашоочуларын өздөрү жашап жаткан айылдын , ар бир көчөнүн санитардык-тазалыгына, жаз , күз айларында ишембиликтерди уюштурууга, ар бир жаран өзүнүн короосун, үйүн, көчөсүнүн тазалыгына, маданияттуулукка, айылдын кооздугуна кам көрүүгө , аймактарды көрктөндүрүп-жашылдандырууга, ыксыз-чыгымдарды болтурбоого, жамааттар арасында, улуттар арасында ынтымакты,достукту бекемдөөнү камсыз кылууга тартуу
Жыл ичи жана жаз, күз айларында
Айыл өкмөттүн аппараты, жергиликтүү кеңештин депутаттары
4.
Айылдык кенештин сессияларынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө
Квартал сайын, жыл бою
Төрага , айылдык кеңеш
Гүлчө айылдык кенешинин төрагасы:
К.Т.Исмаилов.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 18/4 "Гүлчө айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.06.2023 · № 18/4